Добавить статью
10:33, 30 ноября 2021 10041

Көңүл сүйгөн гүлдөрдөн букет сунам

Автор жазган текст, грамматикасы өзгөртүлбөйт. Автордун жазганы редакциянын көз карашын билдирбейт.

Сапар кайрык

Бир гана өтүнөм окурман, жазыксыз жамандап вотсапка, фейсбукка жазбагын. Өзүмө акаарат айтсаң да, бул эки талантка акаарат айтпагын. Күндүн нуруна жуунуп, баарыбыз Россиянын борбору Москва шаарындагы “Достук” сейил багына Москвадагы мигрант кыргыздын кыраан жигитинин бири Кошматов Улан уюштурган “Манас” эпосунун баш каарманы Кыргыз элинин сыймыгы, Кыргыз рухунун туу чокусу Манас атабыздын айкелинин астына чогулганбыз. Уланга ыраазычылык билдирем.Кем болбо Улан. Оозундан ак, башыңдан бак кетпесин! Кайгы капа кууп сени жетпесин! Кара тоголок кыргыздын көзү жайнаган жигити, “Манас” эпосунун варианттарын окубай эле көкүрөк туюму менен туйган, тулпардай туйлаган бул жигиттин, демилгесин жок дебей ал жерге бараарын барып, көп жеме уктум. Бирок, бирок....

  • Улан Кошматов. Жогорку сүрөт ошол күндөн эстелик.

Ошол жолугушуу көп жакшы адамдар менен дидаарлаштырып, туз даамдаш кылды. Жолугушуу бүтүп чайда отурсак, “бизде бир сүрөтчү бар бүгүн көргөзмөнүн жабылышы, колдошум керек”- деп экс элчи Райымкул Аттокуров агай шашып калды. Роза эжеке жанымда отурган Чолпон барасыңбы?-деди. Дали, Ренуар, Ван Гог көз алдыма тартылып, Герцендин май боёк менен тарткан сүрөттөрүн демимди чыгарбай, жан-дүйнөм менен сезип окуган күндөрүмдү бул баштагы файл тээп чыкты. Барам-барам деп тура жөнөдүм. Эртабылды агай Ороз байке бешөөбүз Райымкул агайдын машинеси менен жетип бардык.

Ошондо биринчи жолуАсатилла Тешебаев агай менен тааныштым. Араб тилинен кирген бул адамга ата-энеси асан чакырып койгон атынын мааниси “Асадулло” Алла Тааланын арстаны деген маанини берген сөз. Биз кыргыздар жөн эле Асатилла деп өз тилибизге ыңгайлаштырып алсак керек. Анан калса Ош өрөөнүндө “тилла” алтын дегенди түшүндүрөт. Анан алтынды кайтарган арстанды да алып жүргөн бул адамдын талантын кантип Жараткан Эгем өзү берип аткан тура дей албайсың?

Ооба, көркөм дүйнө көкүрөк менен окулат. Бу алмадай баш кандай кабыл алса ошондой окуйбуз, туябыз, сезебиз. Бирок Москвада мээни иштетпей деле көргөзмөгө барбай деле акча болсо болду деген боордошторума, тим элеби Советтер союзунун мезгилиндей “Эй мээси жок, мээңди иштет, рухий байлыгың болбосо, материалдык байлыкты кармай албай каласың”-деп лекция окуп ийгим келип, көпкө тилим кычышып жүрдү.

Асатилла агайдын сүрөтүн көргөнү көргөзмөнү аралап кеттим. Сыйлык тапшыруу аземи кызуу жүрүп жатты.

Мына таптым. Эки картинасы илиниптир. Көз да жакшы көрбөй жанына барып окусам “Борьба за место под солнцем” жана “Деление мира”. Көпкө турдум. “Дүйнөнү бөлүштүрүүнү” карап Асатилла агай рубль, сом иштетпейт ко деген ойго келдим. Түшүнүктүү карта иштетет. Бирок евро, доллар гана сүрөткө тартылган. Юань* издедим таппадым. Мээси, жан-дүйнөсү бүт акча болгон адамдар. Көздөрүнө ар бир нерседен акча жасоо көрүнөт. Кантип байысам? Кандай кыла койсом? Бирди эки, экини үч кылсам деген жан-дүйнөсүндө бир мээримдин, жылуу илептин жышааны жок, ок өтпөгөн, ууланбаган мумиё сыяктуу өлбөчүдөй напсисин агыткан кишилер. Аябай дүйнөдөгү маанилүү пайда түшчү жерлерди бөлүштүрүп атат. Мына Сорос аке “быйыл сахарный тростниктерге мен эле монополия болоюн”-десе, тигинде Иллон Маск “мен эле космоско учурайын”- ана Форд против Феррари деп чыкты бирөө. Детройт Мичиган штатынан бирөө келген. Айтып жатат: “Около пятой части доходов от продаж продукции и предоставляемых услуг составляет федеральный клиентский сектор обслуживания военных заказов(без учета иностранных заказчиков американского вооружения и военной техники) кокууй, Асатилла агай, кыргыздар эпик, кайып дүйнө сизде барбы? Бул сай медиреп дүйнөнү алдагандарды, дүңүнөн эле бир айтып коюптурсуз го...

...Сонунду табаар бекем алыстардан, Мараңа келээр бекем жарыштардан? Туулган жер кубат алам, чаалыкканда, арзуум, эргүүм сенде деп бүт чыгармачыл адамдар айткандай бул сүрөтчүнү кайсы жерлик болду экен дедим. Кыргызстан жалпы элестеди да, Роза эжекеге барып сурадым “Баткен” деп койду. Көзүмдүн кыйыгынан сүрөтчү аганы “Аа, өрүк зарлуу Баткен”-деп карасам, санааркап отурган экен. Мени көргөн да жок. Иши да жок. Бүт көңүлү иш-чарада.

Кайрадан баягы картина илинген дубалга кайтып келдим. Ташты да, тоону да, боз талааны да, борчукту да сонун деп туулган жерин айта берчү инсан экен. Эмнеге? Эмне үчүн дүйнөлүк алкакта карап жатат? Бул киши кайда жүргөн? Алды алдыңдан тал карма деп таштап кеткен СССР кулаганы кытай ойчулу айткан “не дай бог жить в эпоху перемен”...

Мен да Асатилла агайдай “өткөөл мезгилдин курмандыгымын”. Кам көргөн Советтер союзу жок. Күйгөнүм кыргызды кыргыз алдаганы. Көрө албай бут тоскону.

Борьба за место под солнцем” бул сүрөтүн карасаңыз. Азыркы биздин Жогорку Кеңешке болгон шайлоо эле. Алдуусу, акчалуусу алсызын тебелеп кетип жатат.

Мен Асатилла агайдын картинасын окуп бүткөнчө, агай 1 орун алыптыр. Агайга жолугуп, маек алайын деген оюмду кыстаган турмуш менен убакыт деген өжөр жеңген. Эми сөзсүз жолугуп, маек курам. Белгилүү сүрөтчү Винсент Ван Гог сүрөт эле тартпастан жакшы да жазган. Досторуна жазган каттары өлгөндөн кийин чыкты. Дүйнө эли аны эң сонун өзүнө автопортрет тарткан деп жарыялады. Бул адабий эстелик, анын тарткан сүрөтүнө тете дешти. Гениальный сүрөтчү кылды. Биз эмнеге көрүп, жанында жүрүп жакшы адамдарды айта албайбыз. Келгиле ушул Жаңы жылга Асатилла Тешебаевди Кыргыз Республикасынын атагын чыгарган, популяризациялаган адам катары “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер” наамына көрсөтөлү. Жалпы Россиядагы мигранттардын атынан Асылды асыл деп тааныйлы.

P.S. Өзүм эмгегин тааныштыруу милдетин мойнума алам. Ар бир картинасына түшүндүрмөнү автор менен жазып бергенге мүмкүнчүлүк табам. Жан дүйнө азыгына кош келиңиздер! Чет элде таанышы жок, таанылган эмгекти, өзүбүз да баалайлы! Эр эмгегин, жер жебесин!

Чолпон Субакожоева

Уландысы бар

Ошол күндөн бир элес. Асатилла агай, Роза эже, Чолпон, Эртабылды агай

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-07-2013
Атантай Акбаровго мен «Кыргыз эл акыны» наамын бермекмин
9748

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×