Добавить статью
17:36, 9 марта 2026 182

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы карыялар образы — адеп-наркты сактоонун этнопедагогикалык феномени

Акматали Алимбеков

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин

педагогика кафедрасынын профессору,

педагогика илимдеринин доктору

Чынгыз Айтматов ойчул, даанышман сүрөткер жана инсан катары чыгармаларында улуттун муундан-муунга өтүп келген адеп-ахлактык нормаларын, руханий нарк-баалуулуктарын, салттык жүрүм-турум моделдерин терең талдап, каармандардын үлгүсүндө жандуу сүрөттөп жандандырып, жашатууга олуттуу маани берген сөздүн толук маанисиндеги элдик жазуучу. Ч. Айтматовдун чыгармаларында карыялар салттык баалуулуктар контекстинде каралышы анын балалык чагы, жашоо турмушка карата көз караштарынын калыптануу этаптары менен тикеден тике байланыштуу. Анткени, жазуучунун балалык чагы айылда салттык педагогикалык баалуулуктардын таасири активдүү жашап турган чөйрөдө өткөн. Ал эми балалык А.Платонов таамай белгилегендей «…биздин эс-тутумубуздун шамалсыз өлкөсүндөгү көл сыяктуу кыймылсыз жатат, анын образы адамдын ичинде өмүрүнүн акыркы учуна чейин өзгөрбөй сакталат».

Айтматовдун баамында карыялар — сөздүн ээси, сөздүн кенчи. Ал эми акылман сөз кыргыз дүйнө таанымында улуттук рухту, акыл ойду, адеп наркты, салтты түгөл ичине камтыган өзгөчө феномен. Бул жагдай тууралуу ал «Бала кезимде айылыбыздын бир сыйлуу карыясы өзүнөн өзү кейип-кепчип: "Сүйлөшө турган киши да калбай бара жатат", - деп калаар эле. Көчөгө чыксаң толуп турган эле киши, аксакалдын мынчалык жалгызсыраганы эмнеси деп таңданаар элем. Кийин ойлосом ал карыя өзү менен тең отуруп ой бөлүшкөн, сөз кадырын өз кадырындай баалаган, терең акылдуу, куйма кулактууларды эңсеген экен» деп жазган.

Ушундан улам Айтматовдун калеми аркылуу айлампага алынган кандай гана карыя болбосун улуттук уңгу салттардын алып жүрүүчүсү, элдин атынан акыл насаат cөз айткан жана алардын келечек муундардын пейилинде, жүрүм турумунда уланышы үчүн социалдык педагогикалык жоопкерчилик ташыган инсандар катары моделдештирилген. Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы аксакал карыялар Момун, Эдигей, Чекиш чал жана башкалар элдик акылмандыктын, турмуштук тажрыйбанын, тарыхый эстутумдун, салт-санаанын сактоочу, жана адеп наркты муундан муунга өткөрүүчү активдүү социалдык институттун функциясын аткарган субьекттер. Алардын образы жашоо өрнөктөрү кыргыздардын кылымдап калыптанган салттык баалуулуктары менен өзөктөш, тамырлаш. Ѳткѳн замандарда карапайым адамдар өзгөчө жаштар арасында адеп нарктын бузулбай уланышына атайын камкордук көрүүгө умтулган нускалуу карыясы жок бир дагы уруу же айыл болгон эмес. «Кокус тигил же бул айыл элинде пейил бузулуп, жосунсуз жоруктар байкалып калса "кой-ай!" деп тыйып койоор аксакалы жок бекен” - деп айың кеп кылышкан Салтка ылайык адатта аксакалдар тѳрдѳн орун алышкан. Бул тек жашы улуулуктун эле эреже тартиби болгон эмес. Төрдө олтурган карыя ызаат сыйга ээ болуу менен бирдикте зыяпатты руханий сабакка айландырып, урпактар айтып жүрөр акыл-насаат сөздөрү менен бөлүшүп олтурууга милдетүү болгон.

Карыялар — элдик тарыхый эстутумдун жана адеп нарктын жандуу казынасы

Ч.Айтматовдун карыя каармандары тууралуу сөз болгондо эң оболу өзүнүн чоң энеси Айымкандын элеси келет. Ырасында эле салттык коомдо чоң эне, чоң аталар микросоциалдык педагогикалык мейкиндик, анткени алар өсүп келе жаткан муундардын жана башка жаш курак топторунун социалдашуусунун микрофакторлорунун бири болгон. Жазуучу эскерүүсүндө Айымкан чоң эне аркылуу ошол мезгилдеги чоң энелердин социалдык педагогикалык бейнесин көз алдыга тартат. «Балалыгымдын башталыш курагын чоң энем Айымкандын жаркын элеси менен энчилеш эстейм. Ал киши башкача бир инсандык касиеттерге ээ болуу менен айылдагы зоболосу зор, акыл-парасаты тунук, кудай өзү ыроологон тубаса билимдүү адам эле. Атам да андан көп нерсени үйрөнүптүр жана дайыма ошондой энеси бар үчүн сыймыктанып турчу». [Айтматов, 2014, б. 11].

Кат-сабаты жок болсо да элдик поэзияны, жомокторду, кошокторду терең билген Айымкан чоң эне — элдик педагогиканын жандуу өкүлү. Бул тажрыйба «Ак кеме» повестиндеги Момун карыянын образында көркөм улантылат. Момун үчүн жомок — баланы алаксытуучу каражат эмес, ата-бабалардан калган осуяттардын, руханий кодекстин жандуу формасы.

Анын «Бугу-Эне» жомогунда адам менен табияттын биримдиги, жоопкерчилик, адилеттик, байлык менен ыймандын каршылыгы сыяктуу универсалдуу социалдык-адептик маселелер чагылдырылган. Момун жомок аркылуу небересин элдик дүйнөтаанымга аралаштырып, аны руханий жактан калыптандыруу миссиясын аткарат. Ушул жагынан алганда Момун — К. Д. Ушинский айткан «элдик педагогиканын генийинин» көркөм чагылышы.

Ошол эле учурда Момундун драмалуу тагдыры салттык баалуулуктардын коомдук шарттарда кандайча бузулуп, четке сүрүлөрүн көрсөтөт. Анын руханий ишенимдеринин кыйрашы Орозкул сыяктуу адептик нормалардан ажыраган типтер аркылуу шартталат. Бул каармандар — руханий кризистин социалдык натыйжасы.

Карыялардын балдарды, жаштарды жаңылыштыктардан, орунсуз жоруктардан коргоо, жол көрсөтүү милдеттери

Салттык кыргыз коомунда эл тарабынан кабыл алынган адеп нарктардын балдардын жүрүм турумунда туура өнүгүшү курчап турган чөйрө, өзгөчө улуу муундар тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынган. Эгерде кандайдыр бир бейчеки көрүнүштөр байкалса улуулар тарабынан эскертилип, туура багыт берилген. Кылым тажрыйбасына канык карыялар адамдардын дүйнө таанымы, адамгерчилиги өзүнүн тегин таануу аларга урмат менен мамиле кылуудан көрүнөт деген ишенимди карманышкан. Буга байланыштуу адеп наркка тарбиялоо системасында жети ата тарыхын билүү талаптары орчундуу мааниге ээ болгон. Адатта санжырада тигил же бул уруунун улуу муундарынын өрнөктүү өмүр жолу, адеп салттары соңку муундарга нускалуу насыят формасында өзүнчө сабакталып айтылат. Аларга өзүн-өзү тарбиялоо үчүн өрнөк, үлгү катары сунушталат. Бирок, көпчүлүк балдар жети атасын атап бере алса да, алардын өмүр жолунун дурус жана буруш жактарын алардын алдындагы кишилик жоопкерчиликтин наркын жеткилең билишкен эмес. Андай маалыматтар аңыз санжырага айланып көбүнесе аксакал карыяларга гана маалым болгон. Муну Ч.Айтматов да ырастап М. Шаханов менен маегинде “Биздин айылдын абышкалары ар бир баладан: “Кана, жети атаңды айт!” деп катуу талап менен сурашаар эле. Элдин акыл-эс мурасы да, муундардын байланышы да мына ушуга негизделген” -деп айткан. Адатта жаңы төрөлгөн наристеге «ата-бабаларыңдын арбагы колдосун», «ата-бабаларыңдай адеп ариеттүү бол» деп бата берилет. Улуулар жаштардын кылык-жоругундагы терс көрүнүштөрдү теске салуу иретинде: «Ата-бабаларга, жети атаңа кеп тиет» деп эскертишкен. Чыӊгыз Айтматов ѳзүнүн «Ак кеме» повестинде бул жѳрѳлгѳнү билбегендиктин кесепетин азыркы муунга жеткирүү үчүн бала менен айдоочунун тѳмѳнкүдѳй диалогун киргизген.

“Бала турмушта жети атасын билбей эле жашап жүргөн адамдар бар экенине аябай таң калат:

- Жети атаңдын аттарын үйрөткөн жок беле атаң? – деди бала.

- Ит билеби. Ага неге таңсык болдуң? Жети атамы билбейм, бирок, көрүп турасың го, көп катары жашап жүрѳмүн.

- Атам айтат, адамдар ата-тегин унутуп койсо, бузулуп кетет дейт.

- Эмне үчүн?

- Анда дейт, атам айтат, баары бир балдарым, балдарымын балдары билбей калат деп, адамдар арам иштен жийиркенбей, тартынбай калат дейт. Баары бир балдарым, балдарымдын балдары билбей калат деп, адамдар жакшылык кылбай калат дейт...” Ч.Айтматовдун пикиринде жети ата кодексин үйрөтүү «…жашап өткөндөрдү эстөөгө жана алардын кадыр-баркын төмөндөтпөөгө бизди – кийинки муундарды милдеттендирет...» .

Ырасында эле салттык турмушта жети ата салтын жетекчиликке алуу – бул менин жакшы жоругум жети муунга үлгү болот же осол жоруктарым үчүн алды жактагы жети муунум жер карап, кепке кемтик сөзгө сөлтүк болот деген жоопкерчилик.

Ошентип, бала тарабынан ачыкталган эреже салтта бүтүндөй улуу муундагылардын балдарга карата салттык маданиятты сактоо жана жетекчиликке алуу тууралуу талабы, эскертүүсү жатат.

Көчмөн кыргыз коомунда кек сактабоо кечиримдүүлүк, сабырдуулук, көтөрүмдүүлүк адеп нарк баалуулуктардын эң башкыларынын бири болгон.

Мындай акылман элдик адеп нарктардын балдардын жашоо турмушуна көчүп жүрүм турумунда уланышы улуулардын өзгөчө нарктуу карыялардын таасирдүү ишмердүүлүгү аркылуу камсыз болгон.

Буга байланыштуу Ч. Айтматов балалык турмушунан алынган бир окуя өзгөчө мисал боло алат. Чыӊгыз жалгыз апасы жана бир туугандары согуш жылдары оор турмушту эптеп кечирип жатканда жалгыз саан уйун ууру какшатып уурдап кетет. Чыңгыз колуна мылтык алып уурунунун сары изине түшүп ѳлтүрѳм деп издеп бара жатса алдынан үстүндѳ эскилиги жеткен тери тебетей кийген ак сакалын жайкалтып, төрт буту жерге тийип-тийбей тыпырап баскан эшек минип келаткан бир кембагал бечара карыптай мискин чал алдынан чыгат. Касиеттүү карыя Чыӊгыздын ѳч алуу үчүн жолго чыкканын уккан соң аны бул жолдон кайтаруу үчүн тѳмѳнкүдѳй акыл айтат: « - Сени түшүнүп жатам, уулум, ушу абалыңа аябай кайгырып, кандай шартта экениңди билип турам. Мендей карыяны ук! Өлтүрбө! Мындай нерсени ойлоп да койбо! Yйүңө кайт! Бу жашоодо ушундай наамарттыкка баргандар сөзсүз жазасын алат. Бул сөзүмө ишен. Жаза ар дайым аны менен кошо жүрөт, кошо жатып, кошо турат. Бирок, сен үйүңө кайтып, ууруларды өлтүрүү тууралуу кайра ойлонбосоң гана акыр аягы бактылуу болосуң. Бакыт сени өзү эле издеп таап келет. Сен мени жөн эле сүйлөп жатат деп ойлобо. Бир учур келгенде менин бул сөздөрүмдү эстеп, туура айтканымды билесиң. Yйүңө кайт, каралдым! Апаңа да ушуларды айта бар. Мен да өз жолума түшөйүн. Сага бирөө кандай жамандык кылса да, сен аны өлтүрүү тууралуу эч качан ойлонбо? – деди». Чыңгыз Айтматов балалык курагында жолуккан ошол олуя сыяктуу карыянын осуятын бүт ѳмүрүндѳ бекем принцип катары тутунган жана анын кѳсѳмдүк менен айткандары ѳзүнүн тагдыры менен тастыкталган.

Карыялардын акыл-насааты балдардын социалдык жетилүүсүнүн шарты катары

«Эрте келген турналар» повестинде Чекиш чал сыяктуу каармандар өспүрүмдөрдү элдик салттарга түздөн-түз аралаштырып, социалдык жетилүүнүн мектебинен өткөрөт. Ал балдарга ат таптоо өнөрүнүн сырларын үйрөтүп, жакын адамынын башына түшкөн кыйынчылыкты тең бөлүшүүнүн ата-бабалык улуу салтын, ырасмисин жеткирди. Анатайдын атасы окко учкандыгын балдарга айтып: «Силер эми бала эмессиңер, жигитсиңер. Жаш эмессиңер. Баргыла, батага келген элдин атын алып дегендей, каралашып тургула. Эл барып атат, силер да ошерде болгула. Анан Анатайдын жанына туруп алып, сай-сыздатып бышактай бербей, ыйласаңар жакшылап өкүргүлө. Анатайдын досу экениңерди эл билсин. Силерди шаштырганым ушул жүргүлө, чогуу барабыз»...— деп, Чекиш чал аларды өзү ээрчитип, өкүргөнгө алып барды.

Чыгармада автор өспүрүмдөрдүн жетилүү жана социалдашуу процессинде байкалган ар бир оң өзгөрүүнү терең байкоочулук жана даанышмандык парасат менен аңдап, көркөм чеберчилик аркылуу мүнөздөйт. Алгачкы эпизоддордо Султанмурат да өзүнүн теңтуштары сыяктуу эле балача эркелөөгө, эркин оюнга тартылып турат. Бирок балдардын эрте жетилиши алардын ички каалоосунан эмес, объективдүү тарыхый кырдаалдан — согуш шартында аталардын ордуна оор жоопкерчиликти аркалоого мажбур болгон турмуштук зарылчылыктан келип чыгат.

Кыргыз эли баланы көбүнчө позитивдүү маанайда, ынандыруу жана шыктандыруу аркылуу тарбиялоону артык көргөндүктөн, элдик тарбия тажрыйбасында жазалоого караганда жакшы үлгү көрсөтүү, дем берүү, мактоо сыяктуу колдоочу ыкмалар басымдуулук кылган.

Баланын шагын сындыруу акыл парасаттын, адеп нарксыздыктын белгиси катары кабылданган. Мисал катары Ч. Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестинде кошко чегерүүчү аттарды чаап ойношуп тентектик кылган балдарды жазалоого батына албай турган Чекиш карыя өзүнүн психологиялык абалын төмөнкүчө билдирет: “ ……..тартып жиберишке камчы көтөpдү да, эсине келе калып, үнү буула кыйкырды: - Кач, иттин баласы! Кач дейм! Сабап салам! Кач! Кач десем мисирейип туруп бергенин карасаң мунун, атакей оой! Качып берсең шыйрагың сынат беле Мен баары бир жетпейт элем го? Силерди кубалап жетиш кайда мага! Жок дегенде сыйлап качып койсоң мен жеңилдене түшпөйт белем!”

Карыяларга урматтын солгундашы — коомдук адеп-ахлактын кризиси катары

Айтматовдун чыгармаларында улуу муунга болгон сый-урмат коомдун руханий абалынын индикатору катары каралат. Карыялар тийиштүү урмат-сыйдан ажыраган коомдо муундардын ортосундагы руханий байланыш бара-бара алсырап, тарыхый эстутумдун уланышы үзгүлтүккө учурайт, ал эми ата-бабалардан мурасталып келген тарбиялык тажрыйба толук кандуу бериле албай калат. Мындай шартта жаш муунда нарк, уят, намыс, жоопкерчилик сыяктуу негизги адептик түшүнүктөр формалдуу мүнөзгө ээ болуп, алардын күнүмдүк жүрүм-турумун жөнгө салуучу ички регуляторго айлана албайт. Натыйжада салттык руханий-адептик баалуулуктар коомдук аң-сезимде тайызданып, өзүнүн багыт берүүчү күчүн жоготот.

Ч. Айтматовдун көркөм мурасында карыялардын сөзүн барктабастык, алардын акыл-насаатына кулак салбоо руханий маданияттын уланып өнүгүшүнө олуттуу тоскоолдук жарата турган көрүнүш катары кеңири социалдык кризистердин контекстинде ачып берилет. Жазуучу дээрлик бардык каармандарын элдик адеп-нарктын негизги өлчөмдөрүнүн бири болгон улууларды урматтоо принциби аркылуу баалап, моралдык жактан иргеп чыгат.

Мисалы, «Ак кеме» повестинде Момун карыянын жомокторун четке каккан, улуулардын насаатына маани бербеген Орозкул сыяктуу каармандардын образында адамга да, жаратылышка да карата ырайымсыз мамиленин күч алышы көрсөтүлөт. Ал эми «Кылым карытар бир күн» романында Эдигейдин үнү угулбай калган коомдо тарыхый эстутум менен адамдык абийир экинчи планга сүрүлүп, техника менен бийликтин үстөмдүгүнө негизделген руханий «чөлкөм» калыптанат. Эдигей Казангапка тирүүсүндө да, көзү өткөндөн кийин да улуу муунду урматтоонун бийик үлгүсүн көрсөтө алат. Бирок бул үлгү азыркынын маңкурту Сабитжан тарабынан кабыл алынбайт: ал атасын акыркы сапарга узатуу учурунда да тийиштүү сый-ызаат көрсөтө албайт. Романда коомдук адеп-нарктын тайызданышы улуу муундун осуятын четке кагуудан жана руханий нарктарды практикалык кызыкчылыктарга алмаштыруудан башталары көркөм-публицистикалык күч менен ачылат.

Карыялар урматталбаган чөйрөдө бала да өз келечегине болгон жоопкерчиликтүү мамилени жоготот. Анткени элдик педагогикада айтылган «Эмне сепсең – ошону аласың» деген накыл бүгүн улууну тебелеген муун эртең өзү улгайганда дал ошондой мамилеге кабыларын эскертет. Демек, карыяга болгон урмат — бул улуттун өз келечегине жасаган инвестициясы, ал эми урмат-сыйдын бузулушу келечек муундун моралдык таянычынын кыйрашына алып келет.

«Биринчи мугалим» повестинде Алтынай Сулайманованын мектептин ачылышына арналган салтанаттан шашылыш чыгып кетиши жөн гана сюжеттик деталь эмес, анын ички дүйнөсүндөгү терең моралдык толгонуу менен шартталган ички конфликттин көрүнүшү болуп саналат. Алтынай төр ээси, кадырлуу инсан катары урматталып жаткан учурда, бир кезде өз тагдырын тобокелге салып, балдарды билимге тарткан биринчи мугалим Дүйшөн аксакал салтанатта жөн гана почточу катары көрүнүп, коомчулуктун назарынан сыртта калат. Бул жагдай Алтынайды олуттуу ойго салат. Ал улуттук адамдык салттык баалуулуктардын акырындык менен ыдырап бара жатканына жаны кейип, өзүн да моралдык жоопкерчиликтен четте калдым деп сезет. Натыйжада ал өз жан дүйнөсүндөгү абийирдин үнүнө баш ийип, өзүн «абийир сотуна» коёт.

Бул ички туюмдарын Алтынай кат аркылуу ачык билдирип, жаңы мектептин кадырлуу төрүндө биринчи мугалим Дүйшөн аксакал отурушу керек эле деген ойду принципиалдуу түрдө белгилейт. Анын катарсиси — мугалим аркылуу өзүнүн адамдык жүзүн кайрадан баалоо гана эмес, айылдык чөйрөдө улуу муунга болгон мамиледе орун алган көрүнүштөр менен ички келишпестиктин натыйжасы болуп саналат. Ошондуктан Алтынай өзүнүн бул моралдык кемчилигин аңдап, Дүйшөн мугалимден кечирим суроону адамдык парыз катары кабыл алат жана улуу муун менен руханий тил табышууга умтулат.

Ошентип, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында карыялар образы улуттук адеп-ахлак нормаларын, тарыхый эстутумду жана салттык руханий баалуулуктарды сактоонун маанилүү этнопедагогикалык феномени катары сыпатталат. Жазуучу карыяларды элдик акылмандыктын, моралдык жоопкерчиликтин жана муундар ортосундагы руханий уланманын алып жүрүүчүсү катары көркөм моделдештирет. Айтматов каармандарынын мисалында улуу муундун балдарды социалдаштыруудагы, адептик тайкы жолдордон сактоодогу жана коомдук наркты бекемдөөдөгү ролу даана көрсөтүлөт. Айтматов чыгармалары аркылуу карыяларга болгон урмат коомдун руханий туруктуулугунун жана адеп-ахлак маданиятынын негизги көрсөткүчү катары көрсөтүлөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

29-11-2024
Махмуд Кашгаринин «Түрк сөздөр жыйнагындагы» макалдардын тарбиялык мааниси
260744

26-04-2023
Пикирлеш инсан жана илимпоз Куссеин Исаевди эскерүү
244020

22-04-2021
Адамгерчиликке тарбиялоонун асыл сабактары
314609

03-12-2020
Ой-пикир: Кыргыз коому жана балдар
414711

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×