Добавить статью
9:03, 23 июня 2020 17592

Ой-пикир: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу чоң коркунучтарды жаратышы мүмкүн

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланат. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.  

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун куруу долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкуу жаратып, ишке ашпай келе жаткан. 2007-жылдары Нариман Тулеев «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында директор болуп турган учурда, ага чейинки Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча келишимдерди жокко чыгарып, бул долбоорго каршы экенин билдирген.

Кытайдын темир жол куруу долбоорунун башкы максаты – Кытай темир жол аркылуу Европа, Африка жана Азиянын башка өлкөлөрү менен туташтырып, алардын рынокторун ээлөө. Ошондой эле, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү ыксыз карызга батырып, алардан кен байлыктарды, минералдык заттарды, сырьелорду темир жол аркылуу Кытайга ташып келүүгө кызыктар экени баарыбызга маалым болсо керек.    

Ал эми, 2020-жылдын 17-июнунда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоорду бир айдан кийин баштайт» - деп, аталган ишкананын башкы директору Василий Дашков билдирди. 

Ошондой эле, Кыргызстандын көпчүлүк чиновниктери бул долбоордун ишке ашышы, мамлекетибиздин бюджетине транзиттин эсебинен акча түшүп тураарын, Кыргызстандагы өндүрүлгөн органикалык жер-жемиштерди экспорттоодо Европага жол ачылып, ата мекендик өндүрүшчүлөрүбүз үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылаарын айтып келишет. Ооба, транзиттен бюджетке акча түшүшү мүмкүн. Бирок, ата мекендик өндүрүшчүлөрүбүзгө мүмкүнчүлүк түзүп беребиз деп, тескерисинче аларды жок кылып албайбызбы? Себеби, Кыргызстанда майда өндүрүш көйгөйү, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү экени баарыбызга маалым. Ошондой эле, Европа өлкөлөрүнө Кыргызстандын органикалык жер-жемиштерин экспорттоодон мурун мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо деңгээлине көз чаптырбайлыбы. Чындыгында, бул долбоордун пайдасынан зыяны көп! Эмнеге чиновниктердин арасында бул долбоордун зыяндары тууралуу айтылбайт?

Себеби мамлекетибиздин мындай кадамы, өлкөбүздүн эртеңи үчүн чоң коркунучтарды жаратышы мүмкүн. Кыргызстан экономикалык жана саясий утулушка кадам таштап жатат десек да болот.

Мамлекетибиздин мындай туура эмес келишимин бул жолду басып өткөн афро-кытай темир жолунун тажрыйбасы тастыктайт. Буга чейин Чыгыш Африкада Кытай темир жолу «China Road and Bridge Corporation» (CRBC) мамлекеттик Кытай компаниясы тарабынан курулган. Кытай тарап Африка өлкөлөрүнө темир жол салуу максатында 4 нерсени сунуштаган:

1) айлана-чөйрөнү коргоону;

2) коопсуздукту камсыздоону (террористтерден);

3) ооруканаларды куруп берүү;

4) мектептерди салуу;

Мисалы, Кытай Кенияга карызга темир жол салып берип, Кения карызды төлөп бергенге чейин темир жолду башкарабыз деген шартта долбоор ишке ашырылган.

Бүгүнкү күндө Кытай тарап сунуштарын аткарып, Африкадан темир жол аркылуу канчалаган кен байлыктарды ташып келишүүдө. Ошондой эле Кытай темир жолунун кесепетинен көптөгөн Африканын ата мекендик ишканалары Кытайдын арзан товарларынын жанында атаандаштыкка туруштук бере албай, банкротко учурашты. Африка өлкөлөрүнүн базарларын Кытайдын товарлары, химикат менен сугарылган жер-жемиштери каптап кетти. Бул көрүнүш Араб өлкөлөрүндө да чоң көйгөйгө айланууда.

Эң жөнөкөй, КМШ өлкөлөрүнөн биринчилерден болуп, мамлекетибиз 1998-жылдары Дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) мүчө болуп, көптөгөн ата мекендик өндүрүүчүлөрүбүз Кытайдан өлкөбүзгө импорттолуп келген товарларына атаандашууга туруштук бере албай, банкротко учурап, экономикалык кыйла кыйынчылыктарды баштан кечирдик го. Мамлекетибиз импортко көмүлүп, жумушсуздуктун айынын канчалаган кыргыз эли ар тарапка чачырап (Россия, Казакстан), көпчүлүгүн "Дордой" базары сактап калды. Же ал тажрыйбаларды, кыйынчылыктарды бат эле унутуп койдукпу? Ал эми, экономикасы, көлөмү жактан жогору турган кошуна өлкөлөр – Казакстан, Россия биринчи кезекте өзүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөрүнүн атаандаштыгын бекемдеп, анализдеп, араң 2012-жылдары ВТОго киришти.

Эгерде Кытай темир жолу салынса транспорттук чыгымдар азайып, кытай товарлары кыйла арзандап, ата мекендик өндүрүүчүлөрүбүз чоң соккуга учурайт. Ансыз деле мамлекетибиз Кытай карызына малынып, Кытай тарап Кыргызстандын кен байлыктарына суктанып, экономикалык эле эмес, бизге болгон саясий бут тозуулары жетиштүү.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын мамлекеттик ички жана тышкы карызы 4 миллиард 72 миллион доллар болду (45%ы кытай банкына таандык). Бул өлкөнүн ички дүң продукциясынын 56%ын түзөт. Ал арада эксперттер тышкы карыздын көлөмү ички дүң өнүмгө карата 60%дан ашпашы керектигин билдирип келишет. Ошодой эле, Кыргызстан Кытайдан эң көп карыз алган мамлекеттердин катарында экендигин да эстен чыгарбайлы! 

Алыс барбай, коңшу өлкөбүз Тажикстанды алсак, 2 жыл мурун Душанбе-2 ТЭЦин модернизациялоого керектелген карызды жабуу үчүн Тажикстандын Согд аймагындагы алтын кенин Кытайга өткөрүп берди. Ал эми, кенди кытайлык ТВЕА компаниясы иштеп чыгаары коомчулукка да маалым болду. Тажикстандын басып келе жаткан кадамдары, бизде болуп жаткан акыркы окуяларга төп келип жаткандыгы да келечегибиз үчүн тынчсыздандырбай койбойт.  

Ошондой эле, Шри-Ланка Кытайга карызын төлөй албагандыгы үчүн, Кытайдын мамлекеттик фирмасы Шри-Ланкадагы Хамбанота портун өз көзөмөлүнө алган.

Чындыгында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору Кыргызстан үчүн пайдалуу болмок, эгер биздин өлкө өнүккөн, ата мекендик өндүрүүчүлөрүбүз атаандаштыкка туруштук бере алган даяр продукцияларды Кытайдын же Европа өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгара алган деңгээлде болсо. 

Эң жөнөкөй, коншу өлкө Казакстанга товарларыбызды киргизе албай, канча жылдардан бери маселе жаралып, ата мекендик өндүрүүчүлөрүбүз кыйналып келишет.    

Анысы аз келгенсип, өлкөбүз араңдан зорго «өлбө жаным, өлбө!» деп турганда, азырынча өлкөбүздүн деңгээли мындай кадамдарга барууга даяр эмес! 

Дагы айтып кетчү нерсе: эмнеге кыргыз чиновниктери коомчулуктун кызыкчылыгын эске албай, чечимдерди кабыл ала беришет? Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоорун ишке ашыруудагы Кытай менен Кыргызстандын келишимин ачык айкын коомчулукка билдирүүсүн талап кылабыз!

Ушундай оор кырдаалда (COVID-19), экономикалык кризис учурунда көптөн бери чечилбей келе жаткан чечимдерди бат кабыл алып, дароо чоң долбоорду ишке ашыруу чоң суроолорду жаратпай да койбойт!     

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×