Добавить статью
18:05, 4 июня 2021 11142

«Сапат» мекемеси Орхан Инандынын жоголушун саясатташтырбоого чакырат

«Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инандынын жоголушу Кыргызстандагы эң курч саясий окуялардын бирине айланып бара жатат. Соңку төрт күн ичинде жүздөгөн ата-энелер, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү, эксперттер, көрүнүктүү коомдук ишмерлер Түркиядан 1990-жылдардын башында келип, отуз жылга жакын өмүрүн Кыргызстандын билим берүү системасына арнаган, атүгүл кыргыз атуулдугун алган Орхан Инандыны табуу талабын бийликтерге коюуда.

Бул окуя дээрлик күн сайын митингдер, пресс-конференциялар, талкуулар менен коштолууда. Митингдердин жүрүшүндө, талкууларда Орхан Инандынын табышмактуу жагдайда жоголушуна байланыштуу ар түрдүү жоромолдор да айтылып жатат. Түркиянын атайын кызматтары уурдап кеткен, белгисиз бирөөлөр аны Бишкекте кармап турат дегендей божомолдор айтылган.

Инанды мырзанын кесиптештери, «Сапат» билим берүү мекемеси жана анын үй-бүлөсү бул кайгылуу окуяны саясатташтырбай, Кыргызстан бийлигине же кайсы бир өлкөлөрдүн бийлигине чабуул коюу үчүн пайдаланбай, жөн гана тирүү, аман-эсен таап берүүнү суранууда.

Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго бул окуяга байланыштуу ыкчам реакция кылганы үчүн ыраазычылык билдирип, «Биз үй-бүлөбүздүн атасы аман-эсен табылышын гана тилейбиз. Үй-бүлөбүздүн башынан эле саясат менен ишибиз жок, эч кандай байланышыбыз жок», - деп айтты.

Ал эми бир кезде «Сапат» окуу жайларынан билим алып, азыр ийгиликтүү иштеп жаткан кыргыз жаштары Орхан Инандынын табылышына алып келген маалымат үчүн 1 миллион доллар өлчөмүндө сыйлык жарыялады. Бирок, жалпы жонунан «Сапат» билим берүү мекемеси жана Орхан Инандынын үй-бүлөсү Кыргызстандын жогорку бийлигине гана, асыресе, президент Садыр Жапаровго гана чоң үмүт артып турганы байкалат. Ички иштер министрлигинин ыкчам издөө аракеттеринен азырынча майнап чыкпай жатат.

Түркиядагы 2016-жылдын июнь айындагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркия президенти Тайып Эрдогандын өкмөтү белгилүү философ, дианатчы Фетхуллах Гүлен негиздеген «Хизмет» кыймылын террористтик уюм деп жарыялап, мурда бири-бирин колдоп келген тараптар келишпес каршылаштарга айланган. Эки дөө кагышса, ортодо кара чымын кырылат дегендей, бул окуя саясатчылардын кармашы менен гана чектелбестен, Түркияда жана башка өлкөлөрдө Орхон Инандыга окшош жүздөгөн жөнөкөй мугалимдердин, врачтардын жана иш адамдарынын убалына калды.

Ошол себептен ал кездеги «Себат» билим берүү мекемесинде чоң реформалар жүргүзүлгөн. Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы 1990-жылдан берки тыгыз достук мамилени эске алып, бир тууган элдердин ортосунда кандайдыр бир саясий маселе болбошу керек деген максат менен «Sebat» «Сапат» болуп кайра түзүлүп, окуу жайлардын ишин алып баруу, жетектөө толук бойдон Кыргызстандын атуулдарына өткөрүлгөн. Андыктан, азыркы «Сапаттын» башкы позициясы — «Сапат» бул «Себат» эмес, окуу жайлардын саясат, терроризм менен эч кандай байланышы жок, болгон да эмес, тескерисинче анын максаты кыргыз жаштарына билим гана берүү. Ал эми Орхан Инанды Түркиянын жараны эмес, Кыргыз атуулу, анын кандайдыр бир саясий оюндарга тиешеси жок. «Ал Кыргызстандын билим берүү системасынын отличниги, «Даңк» медалынын ээси, Эгемендүү Кыргызстанда биринчилерден болуп жеке менчик лицейлерди, университетти негиздеген заманбап Дүйшөн агайыбыз», - деген жүйөөнү карманып келишет.

Орхан Инанды террорист эмес экенин, аны уурдап кетип жакынын жана кесиптештеринин сай сөөгүн сыздатууга негиз жок экенин, анын эч кандай душманы жок экенин «Сапаттын» буга чейинки ишмердүүлүгүнө бир сыйра сереп салуу менен аңдап билсе болот. Ал маалыматтар учурда ЖМКга кеңири тарады.

Буга чейин «Сапаттан» бир дагы террорист чыккан эмес, он миңдеген бүтүрүүчүлөр, ийгиликтүү ишкерлер, чет элдик атактуу компаниялардын менеджерлери чыккан, эл аралык олимпиадаларда 156 медалдын жеңүүчүсү чыккан, проекттик олимпиадаларда 491 медалдын ээлери чыккан. Бул теги түрк, бирок жүрөгү ар дайым «кыргыз» деп соккон инсандын ак эмгегинин бир гана бөлүгү. Чынында эле Орхан Инандынын саясат менен эч кандай байланышы жок. Ал табылышы керек!

Мурат Райым Нур, жазуучу, Бишкектин тургуну

орхан инанды
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×