Добавить статью
14:11, 17 августа 2022 16475

Өзөк өрттөгөн өкүт. Тилек Мураталиевди эскерүү-эссе

Убакыт – учкан куш» демекчи, мезгил бир ордунда турбай зуулдайт. «Кечээ көргөн бүгүн жок» болуп өзөк өрттөгөн өкүнүч менен эрксиз бармак тиштөөгө туура келет. Аттиң арман, «бири кем дүйнө» дегениң ушу тура. Муну айтып жатканыбыздын себеби – рух ааламыбыздын колдоочусу, тирек–түркүгү болуп калган республикабыздагы кадыр-баркы бийик эң ири басмакананын негиздөөчүсү жана жетекчиси Тилек Мураталиевдин бу жалган дүйнө менен коштошуп арабыздан кеткенине мына дал ушул учурда эки жыл толуп олтурат. Анын жаркын элесин көзгө тартып, ушу тапта айрым бир ишке ашпай калган руханий иш-чаранын өкүтүнө чыдабай: «Эгер Тилек Мураталиев болгондо...» – деп калмайыбыз да бар экенин кантип жашырабыз?!

Тилек эсил кайран СССР келбесине кетип, республикабыздагы мамлекеттик «Кыргызстан», «Мектеп», «Адабият» басмалары жабылып, Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы Кыргызполиграфкомбинаты жоюлуп, тээ абалтан бери сөз кадырын жогору коюп келген кыргыз эли руханий муктаждыктарга кептелген мезгилде рух ааламына чолпон жылдыздай жарк этип шоола чачкандай сезим калтырган, ак санатай, ак жаркын инсан эмес беле!..

Тилек Мураталиев эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында байлык топтогон азаматтар сымак ишкердик жолун башка нукта баштап, өз чөнтөгүнүн гана камын ойлоп, баюунун жолун тандаса ким кой демек?! Жараткан Жалгыз дилине мүңкүрөй түшкөн кыргыз рухун салбаса, «экононмиканы көтөрөбүз» деген шылтоо менен эл казынасына кол салган эргулдардын доору жүрүп, ансыз да экинчи планга сүрүлүп калган, сөз баккан калемгерлердин, заман залкарларынын карааны туманга сиңген элестей мунарыктап алыстай берээр беле, ким билет?!

Айтылуу түрк акыны Назим Хикметтин: «Эгерде мен күйбөсөм, эгерде сен күйбөсөң, эгерде ал күйбөсө – ким түнгө жарык чачат?!» деген көйгөйлүү, сезим титиреткен соболу бар учкул саптары жан дүйнөсүн аңтар-теңтер кылдыбы, же ата-бабалардын ар-намыстуу руху оюна бүлүк салдыбы, айтор, Тилек жөн гана оңой-олтоң баюуну эмес, уюткулуу, тарыхта ташка тамга баскандай изи бар кыргыз элин руханий кедейчиликтен сактап калууга далалатттанды.

Кылымдардан бери атын жоготпой келген уңгулуу элин ааламдашуунун, кара тумандай каптап келаткан батыш маданиятынын таасиринен куткарып калуунун жолун издеди. Заман залкарлары Чыңгыз Айтматов, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Бексултан Жакиев, Кеңеш Жусупов, Казат Акматов ж.б.у.с. инсандар менен дилдеш, пикирлеш, таламдаш болуп, келечектин туура багытын, кыргыз көчүнүн уланган жолун издешти... Адашкан багыттан көрө нукура кыргыз башатына кайтып, бабалардын изин табууну, аны урпактарга көрсөтүүнү туура тапты.

Өзү негиздеп, пайдубалын түптөгөн «Турар» басмасы аркылуу чалкыган мухиттей болгон акыл казынасын келечек муундарга жеткирүүгө белсенип, Саякбай Каралаевдин, Тоголок Молдонун, Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы «Манас» эпосун басып чыгарып, окурмандарга тартуулоо не деген улуу иш!

Ыйык китептерде: «Эң биринчи сөз болгон!..» – деп айтылат эмеспи. Ооба, эң биринчи сөз болгон! Аны кыргыз жазма адабиятынын башатында турушкан Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымалы Жантөшев, Касымалы Баялинов, Жоомарт Бөкөнбаев, Алыкул Осмонов, Жусуп Турусбеков, Темиркул Үмөталиев, Кубанычбек Маликов ж.б. улуу калемгерлер насыйкаттап айтып, жазып бизге жеткирген эле го. Аны кийинки муундагылар, андан кийинкилер өз вариантыбыз катары моюнга ала алдыкпы?! Заман алмашып, доор оошуп турганда кыргыз рухуна ким кандай кызмат өтөй алды?!

Тилек Мураталиев кыргыз элинин байыркы мурастарын, тарыхын, маданиятын чыпчыргасын коротпой кийинки муунга жеткирсем деген асыл инсан эле. Ал Чыңгыз Айтматов, Казат Акматов, Аман Саспаев, Меңди Мамазаирова, Мырзаян Төлөмүшов, Жылкычы Жапиев, Абдымомун Калбаев, Фатима Абдалова, Кален Сыдыкова дагы-дагы башкалардын чыгармаларын өз каражатына басып чыгарып, ал гана эмес жаңы доордо эбак унутта калган калем акы да төлөп берип турганы эч ким ишене бербеген эрдикке тете иш болчу.

Тилек Мураталиев «Бир колуңдун жасаганын бир колуң билбесин» деген принципте жашаган кайрымдуу, колу ачык, март, жетим-жесирлерге, карылар, жетимдер үйүнө жардамын аябаган, боорукердигин, камкордугун шардана кылбаган инсан эле. Туулган жерине, жаратылыш кырсыгы капилет келип, жер титирөөдөн жапа чеккен Кочкор районунун элине материалдык жардам берип, айрым адамдарга түздөн-түз көмөк көрсөтүп келгенин жердештери жылуу эскеришет.

Ал эми мамлекеттик жетекчилердин баам сыртында калып, камкордугунан ажыраган Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзуна тикелей көмөк көрсөтүп, коомдук уюмдун муктаждыктарын айттырбай чечип, айрым колунан калеми түшүп, аргасы куруп турган калемгерлерге марттык менен акчалай жардам берип келгенин ким унутат? Ошондон улам Тилек колуна калем кармап чыгарма жаратпаса да калемгер журту кезектеги съездинде анын кандидатурасын өзүнүн каршылыгына карабай бир добуштан колдошуп, тарыхта таасын орду бар уюмдун төрагасынын орун басарлыгына шайлап алышып бир чети таң калыштуу болсо, бир чети өтө сыймыктуу иш жасашканы тарыхта калар окуя болгон.

Кыргыз жазуучуларынын органы болгон басылмалар каржынын, колдоонун жоктугуна байланыштуу чыкпай калган учурда «Ала-Тоо» журналына кайрадан жашоо берип, кан жүгүртүп, аны мазмундук жактан жаңылап чыгарып, кыргыз адабиятынын өсүп-өнүгүшүнө камкордук кылганын руханий дүйнөсү көр, дүлөй киши эле көрбөй, билбей калбаса, Тилектин бул асыл эмгегине башын ийип, таазим эткендер учурда четтен табылат. Бул адабий-көркөм журнал Тилектин көзү өтсө да, аманат сөзү жерде калбай, «Турардын» мураскорлору – инилери, балдары тарабынан колдоо таап, дале болсо кыргыз окурмандарына жетип келатканы кандай гана улуу иш!

Мен кыргыз рухунун эртеңине, анын өлбөстүгүнө, кыргыз барда аты угулуп тура турган үч инсанды атап жүрөм. Алардын бири өлкөбүз руханий жактан тунжурап турганда китеп чыгаруу ишине кайрадан жан киргизип, кан жүргүзгөн – Тилек Мураталиев деп эсептейм.

Дагы бири – келечек муундарга патриоттуулуктун, улуу эрдиктин, чыныгы кыргыз уулунун үлгүсүн көрсөтүп, жалгыз моторлуу жеке учагы менен жүрөксүбөй океандардын үстү менен Жер шарын айланып учкан Союзбек Салиев.

Ал эми булардын катарына эл-жерге астейдил кызмат өтөөнүн теңдешсиз үлгүсүн көрсөтүп, көп жыл машакаттуу эмгек жумшап «Чоң-Алай» энциклопедиясын окурмандарга тартуулап, ал аз келгенсип, өмүрүн тобокелге салып Эверест чокусун багындырган альпинист –Акматбек Маматкаимовду кантип кошпой коюуга болот.

Азыркы коомубузда баам салып караганга – бул үч азаматты кыргыздын алп тоолорунун үч чокусу, кылымдар бою эскере турган, келечек муун сыймыктана турган үч бийиктиги деп билем!

«Эр жигит – элим, жерим» – дейт. Ата Журттун, Мекендин камын жейт. Эгерде ар бирибиз кылым карыткан кыргыз элине дал ушул үч азаматтай эле кызмат кылгандабы, анда мына бу экономикасы эңшерилип, келечеги күмөндүү болгон өлкөдө жашабайт элек, го арман!..

2020-жылдын 20-августу рух дүйнөсүндөгүлөр үчүн орду толгус оор жоготуу болгон. Бул күнү биз жүрөгүбүзгө жакын, ар бирибиз үчүн өтө кымбат, абройлуу адамга айланган Тилек Мураталиев менен түбөлүккө кош айтышканбыз. Аттиң арман, андан бери ааламды түгөл каптаган «таажы ылаңы» канчалаган кыргыздын атактуу уул-кыздарын ажалга моюн сундурду. Ажал дегениң айттырбай ар кандай себептер менен келет тура... Биз Тилектин күлүп-жайнап жүрүп, анан адатынча табигат койнуна кирип «балыкчылап кеткендей, чын дүйнөсүнө бир аттап гана өтүп кеткендей акка моюн сунарына түк ишенген эмеспиз...

Кайран Тилек...

Дүрт деп күйүп доор тутанткан оттуктан,

Куткарам деп жан дүйнөдө боштуктан,

Күчүн үрөп, өмүр арнап, түйшөлүп –

Айтматовду, Жакиевди дос туткан!

 

Өкчөгөндөй айкүр түшөр сакасын,

Оңдоймун деп бул замандын катасын,

Алган эле калемгерлер коомунда

Сүйүнбайдын, Сооронбайдын батасын!..

 

Тилек эле – бул заманда башка адам,

Күн кылайып чыккан сыңар аскадан.

Өлбөстүгү, тирүүлүгү туюлат –

Китеп чыкса «Турар» деген басмадан.

 

Аты өчпөстөн түбөлүккө калат, оо

Аттиң арман, муң-кайгыга салат, оо.

Кылым кыйрын кылган иши кыдырар,

Чыгып турса ал колдогон «Ала-Тоо».

тилек мураталиев
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×