Добавить статью
14:09, 29 августа 2020 8261

Жаш ишкерлер меценаттыгы. Мекенчилдердин көптүгү жана адистердин жетишсиздиги жөнүндө ачык ойлор

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланат. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт. 

Өлкөгө ким керек – жөн гана "жаш талапкерби" же эффективдүү "жаш профессионалбы"?

Ийгилик баяны – бул абстракттуу түзүлүш эмес, бул жекечелик сапаттарды объективдүү баалоонун шарты жана, биринчи кезекте, бул өзүнүн кесиптик ишмердигинде иштин реалдуу көрсөткүчтөрүнүн жыйындысы.

Кандай болбосун жаш жигит же кыз сөзсүз ийгиликтүү болот, эң башкысы – эффективдүү, тартиптүү жана чынчыл саясатчы же мамлекеттик кызматкер болушат деп күтүү өтө ишенчээктик!

“Алар коррупцияга аралашкан эмес” деген ураан жетишсиз, жана бул туюк жол, анткени, эгерде парламентте жалаң тартиптүү, бирок ошол эле маалда компетенттүү эмес адамдар чогулса, анда профессионализмдин жыйынтык деңгээли, теориялык реформачыл концепцияларды активдүү сунуштаган, бирок бул демилгелерди практикалык иш жүзүнө ашыруу үчүн механизмдерди иштеп чыга албаган “тартиптүү, бирок таптакыр эффективдүү эмес жана популисттик парламентти” шарттайт.

Депутаттыкка жаш талапкерлердин “ийгилик баяны” барбы?

Жогорку Кеңешке талапкер болгон көпчүлүк жаштардын жеке “ийгилик баяны”, профессионализмдин объективдүү көрсөткүчтөрү дээрлик жоктугун көрүүгө болот, атүгүл алардын пиар-кампаниялары кандайдыр бир супербизнестин (бирок салыктык көрсөткүчтөр менен тастыктоо мүмкүн болбогон), же кайсы бир коомдук ишмердиктин – меценаттыктын (бирок кайсы каражаттарга, такыр түшүнүксүз) болушу сыяктуу “сүрөттөлгөн” жетишкендиктер менен камалган.

Ушул жана башка “шарттуу” ийгилик баяндары бул жаш инсандарды реалдуу компетенттүү кесипкөйлөр катарында ЭЧ мүнөздөбөйт (ар бири өзүнүн чөйрөсүндө), жана, эң башкысы, бул жаштар “эффективдүү чечимдерди” сунуштай алат деген негиздүү көрсөткүчтөр жок, а чындыгында, коомдо ушул үчүн “саясатта жаш жаңы жүздөргө” суроо-талаптар түзүлгөн.

Айрым “жаш талапкерлер” тарабынан меценаттык жана ыктыярчылык, ошондой эле, суроону жаратат, анткени кээде ушундай кырдаалдык популярдуулукта “жасалмалуулук” көзгө урунат (бул, тилекке каршы, ыктыярчылык кыймылдын жалпы позитивдүү салымын жууп таштайт). Пандемия учурунда биз, өлкөдө куру ашынган мекенчилдердин көптүгүн (анын ичинде жаш) жана, тескерисинче, өзүнүн кесиби жана иштөө участкасы боюнча жөнөкөй компетенттүү адистердин жетишсиздигин ачык көрдүк.

Мекенчилдик жөнүндө миңдеген кооз сөздөргө караганда, сапаттуу жумуш (дарыгердин, архитектордун, менеджердин, юристтин ж.б.) элге, экономикага жана Кыргызстанга көбүрөөк пайда алып келери ачык көрүндү.

Экономисттин/юристтин/менеджердин дипломун алып, бирок өзүнүн чыныгы кесиби боюнча эч качан иштебеген, керектүү көндүмдөрдү жана тажрыйбаларды албаган, дегеле жөн гана кайсы бир чөйрөдө профессионал болбогон “тартиптүү, жаш” депутат канчалык эффективдүү боло алат? Коом жаш саясатчылардан ийгиликтүүлүктүн реалдуу жана конкреттүү далилдерин талап кыла алабы, көрүнүктүү жана өлчөнүүчү жыйынтыктардын болушу, мисалы, билими, иштеген жери жана кызматы, айлык маяна өлчөмү ж.б. боюнча керектүү опурталдуу суроолорду бере алышабы?

Башка маанилүү суроо – депутаттыкка талапкерлер мүлкүнө жана кирешелерине аудит жүргүзүүгө макул болушат беле?

Бүгүн эл кайрадан алданып калбоо жана өлкөгө жаш эле эмес, прогрессивдүү жана профессионалдуу кадрлар керектигин түшүнүүсү абдан маанилүү. Антпесе, “жаңы жаш күчтөрдүн” бет кабынын артынан чынында прогрессивдүү эмес, кайрадан ошол эле эски коррупционерлердин жөн гана ар түрдүү “жаш” туугандарын жана жардамчыларын көрүп каларыбыз менен бүтүшү мүмкүн.

Бүгүнкү күндө “ийгиликтүүлүктү” сымалдоо модалуу, бирок бул көпчүлүк учурда бош жерден.

Кандайдыр бир шектүү бизнесмендерди жана жалган спортчуларды, аталарынын ЖЧК, компанияларында артыкча жаш директорлорду, бай туугандары (көп учурда коррупциялык таасир менен) орундарды сатып берген бардык деңгээлдердеги жаш депутаттарды (өзгөчө шаардык кеңештердин) ийгиликтүү жаштар жана үлгү көрсөтүүчүлөр катары кабыл алынганда, убакытты аттап өтүү керек.

Депутаттык орун же министрликтеги кызмат – профессионализмдин башка объективдүү далилдери жок болсо – бул сен жакшы адис экендигиңдин көрсөткүчү эмес, бул сен кимдир бирөөнүн командасында же “таасирдүү” тууганың бар экендигинин көрсөткүчү.

Талапкерлер өздөрүнүн мүлкүнө жана кирешелерине аудит жүргүзүүгө макул боло алышабы?

Мисалга, 2008-жылдын 9-июлундагы №14 “Судьялардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “талапкер судья болуп дайындалган учурда өзүнүн телефондук сүйлөшүүлөрүн угууга жазуу жүзүндө макулдук берет” (21-берене).

Эмнеге ушул ыкманы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн, айрыкча сөз белгисиз жашыруун суперкирешелери, жана мүмкүн шайлоого добуштарды массалык сатып алуу ниети менен бараткан таптакыр жаңы жүздөр тууралуу болуп жатканда колдонууга болбойт.

Мүлкүнө ачык аудит жүргүзүү зарылдыгы, айрыкча, эгерде материалдарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизүү жана бул адам байлыктын жана мүлктүн булагын түшүндүрүп бере албаса, бирок мамлекеттик кызматкер болгон болсо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин (“Мыйзамсыз баюу”) алкагында тергөө иштерин жүргүзүү үчүн КРнын прокуратура органдарына өткөрүп берүү мүмкүндүгү менен механизм бар болсо, Жогорку Кеңешке көпчүлүк ак ниетсиз талапкерлерди токтотмок. Бул эски коррупционерлердин жаш тууган-туушкандары менен атаандаша албаган чыныгы жаш профессионалдарга жол ачмак.

Эски саясий бренддерди жаңы жүздөр менен калкалоо аракети келечекте “саясаттагы жаштар” деген сөз айкашынын өзүнүн беделин түшүрүшү мүмкүн. Бул, өлкөдө калган жаш мекенчил-профессионалдар ушундай системада кандайдыр бир нерсе жасай алат деген ишенимди да кетирет. Көп учурда алардын билими жана көндүмдөрү эл аралык деңгээлде талап кылынат, бирок мекенинде анчалык керек эмес, “акылдын агылышы” ушундай түзүлгөн – анткени бул жерде көбүрөөк “туура” жана көбүрөөк “ылайыкталган” жаштар бар.

Тилекке каршы, Кыргызстандын абдан мекенчил жана прогрессивдүү профессионалдары, биздин өлкөдө жылыш жасай алат деп мен ишенген жана суктанган азаматтар чет өлкөлөргө кетишүүдө.

Мындай өңүттө, парламентке шектүү же эффективдүү эмес адамдар келбеш үчүн, жок дегенде мүлкүнө/кирешесине катуу аудит жүргүзүү коркунучу астында системалуу барьерлерди түзүү зарыл.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×