Добавить статью
9:51, 10 мая 2022 11595

Романчы жөнүндө роман

Адабият таануучу дүйнөгө карата өзүнүн жекече көз карашын өтмүштөгү, агымдагы көркөм нарктарды сыдыргыга салгандай мүнөздөп, тарап-талдоо, сын-сыпаттоо аркылуу билгизет белемдир. Аныңыздын адистик бак-таалайынын жаркын болочогу, көңүл бурууга арзырлык таасын табылгалары, ийги ийгилиги тандаган адепки теманын, чечүүгө муктаж тийиштүү дың маселенин көтөргөн эстетикалык жүгүнө түздөн-түз багыныңкы эмей, эмине?! 

Абдылда Мусаев, илимдин доктору, сабыбыздагы тажырыйбалуу, дасыккан аалым жаш кезинен тарта «жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл» деген макалдын түпкү маанисин дапдаана сезип-туюп, даркан жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбековдун атпай саны ондон ашуун романдарын иликтөөгө астейдил киришкен окшобойбу. Мунусун мен илимпоздун борбор калаабыздагы басмалардын биринен жаңы эле жарык көргөн «Сүрөткер: адамдык жана чыгармачылык тагдыр» аттуу көлөмдүү китебин барактап окуган соң илгиртпей-ак түшүндүм.

Ырас, аталган классиктин ар кыл жанрдагы туундулары туурасында тээ согушка чейинки жылдары Мукай Элебаев, Мухамед Дөгдүров, кийинчерээк Кеңешбек Асаналиев, Шаршенбек Үмөталиев, Муктар Борбугулов, Камбаралы Бобулов, буларга үзөңгүлөш, куйрук улаш дегенчелик демдүү теминген белгилүү адабиятчыларыбыздын бир даары, дээрлик баары десек дагы жаңылышпайбыз, арасында Орусиялык кашкөй билермандар бар, ар кимиси алынча, жөндөм-кабилетинин барынча айтып-деп, кагаз бетин далай-далай боёп-сызып келишиптир. Береги чоң-кичине жаратмандык дөөлөттөр жөнүндө филология салаасында мезгил мезгили менен салмактуу илимий иштердин корголгону да шардана. Некин, романчынын биринен бири басымдуу романдарын баштан-аяк ыраттуу зерттеп, бириктирип, бүпбүтүн кубулуш катары чачырата чечмелеп, мыйзамченемдүү түрдөгү ич ара алака-байланыштарын ачыктап, узун-туурасынан ченеп-өлчөп, өйдө-ылдый калчап, калыс таразалап, адилет корутундулап, бычып-баалаган алгачкы орошон окумуштуу, албетте, Абдылда Мусаев.

Колубуздагы китептин олуттуу ой жүгүртүүгө маш автору Түкөңдүн тубаса романчыл талантынын купуя сырларын териштирип, баяндоону «Биздин замандын кишилеринен» бери карай улантып чубайт. Анткенинин себеби тигил роман агезде такшалуу жолундагы прозачынын эң жогорку Сталиндик сыйлыкты бөктөрүп, орусчадан чет тилдерге которулуп, тек Сыдыкбековду гана эмес, жалпы улуттук сөз өнөрүбүздү эски СССРдин, арылай Чыгыш менен Батыштын калың окурман журтуна тааныта жайылтууга жараган ары кундуу, ары акжолтой эмгеги. 

Ий-е, «Биздин замандын кишилеринин» маалындагы социалисттик турмуш жагдайына негизделгени, соцреализимдин мейкин айдыңында көз жарганы талашсыз нерсе. Асыресе, мобуреки рухий мурасыбыздын күчтүү жагын да, күчсүз тарабын да ушундан даректөө керектир. Андыктанбы, изилдөөчү ага мөртүндөгү саясий-коомдук кырдаалдан, адабий жараяндын алкагыннан чыгып, абыдан кылдат мамиле жасаганы дароо баамга урунат. 

Дегеле ири чыгарманын узак тарыхтын шаты-тепкичинен ээлемекчи энчилүү ордун чорт кесер аныктоо оңбогондой оор жумуш. Анүчүн ошого тете билим, бап, барабар камылга-даярдык, теңтайлаш эрудиция абзел. Ар бир романдын мазмуну менен формасы, көркөмдүк, стилдик өзгөчөлүктөрү, персонаждарынын табияты, лексикалык байлыгы, сүйлөмдөрүнүн жатыктыгы, ийкемдүүлүгү, калем ээсинин чеберчилиги өңдүү толгон-токой өзөктүү багыттарды ийине жеткире устукандап-жиликтемейинче айрым бүткөн бир жыйынтыка, туура жыйынтыка аялдоо мүмкүнчүлүгү туулбайт. Анын үстүнө, Түгөлбай Сыдыкбековдун айлана-чөйрөсүндөгү доору менен атаандаша жарышып, такай, тынымсыз тытына изденип, демейде тексттен текстке, жыйнактан жыйнака дейре бийиктеп өсүп, саат санап жетилип-толгон кайраттуу сүрөткер экендиги эч кандай күдүк-күмөнсүз, кызылдай чындык. 

А.Мусаев «Тоо арасында» менен «Тоо балдарыбы», «Зайыптар» менен «Көк асабабы», кыскасы, жазуучунун кайсы романына кайрылбасын тигирекиге тикелей жана кыйыр тийешелүү баардык далил-жүйөөлөрдүн, сын, илимий макала, маалыматтардын немесин калтырбай эскерет тура. Ири алды, чыгарманын библиографиялык дасмиясын тизмелеп чогултат. Бирде андай материалдардын авторлорун ак дилден колдоп-коштоп, кээ-кээде алардын дайынына жумшактан катуу каяша да кайрыйт. Арийне, изилдөөчү изилдөөнүн предметин дейли, курулай мактоодон, бүтүндөй актап-жактоодон жаа бою алыс, романчы эмне оозанса, ошону ээк экчей кубаттап деле жүрүп отурбайт. Буга Кубанычбек Маликовдун “Айчүрөк” операсына авторлук укугу жана Чыңгыз Айтматовдун «Гүлсарат» повестиндеги жоргонун байгеге чабылышы боюнча Т. Сыдыкбековдун субьективдүү, терс, балким, калпыс пикирлерин жөндүү тейде четке какканы мисал.

Илимпозбуз залкардын менчик жазмышын прозадагы дастандарынын миң кырдуу тагдырынан ажыратпай, бөлбөстөн карап-багып, акыбетинде Түгөлбай Сыдыкбеков тууралуу азыркы адабият таануубузда айрыкча макамга эгедер роман-эссе шилтеп таштаган. Маселен, жанагы «Жол», «Бел-Белес» шекилдүү. Башкы каарманыбы? Башкы каарманы жалгыз кесибинин эрежесине, жаратылышына, жарандык милдетине жараша жазы маңдайына күн мурунтан чийилүү оомал-төкмөл заманына «эстетикалык альтернатива» түзүүгө мүлдө дараметин, каркын-кудуретин арнаган жазуучу. Ал тутунган принцибинен кылчалык тайбас, жашоодогу, жамияттагы ысык-суука кайыл, зор мүдөө-максаттын соңунан көшөрө кезерген эр жүрөк эме. Ооба, баягы адамдын кылык-жоругу, кыялы бөлөктөрдөн бөтөнчөрөөк, жаңылмай, аша чапмай өнөкөтү ашкере. Кантсе дагы Мусаевдин кенен-чонон сүрөттөөсүндө Түкөбүз кечээки жыйырманчы кылымды каршы-терши тепчий кезип, толук кандуу, топуктуу, кадыресе өмүр мөөнөтүн өтөгөн чыгаан, мээнеткеч, күрөшчүл, асыл инсандарыбыздын биринин прототиби сындуу кабыл алынат. 

Баса, «Сүрөткер: адамдык жана чыгармачылык тагдырга» мындан сырткары окумуштуунун башка рецензия, эскиздери кошо жарыяланыптыр. Автор жанагы жазмаларында көбүнесе элдин кулагындагы романдарга токтолот. Тагыраагы, Төлөгөн Касымбековдун, Казат Акматовдун, Көчкөн Сактановдун, Муса Мураталиевдин орчундуу романдарына. Ушул төрө жанр, Сыдыкбековдон үйрөнгөн сабактарынан, жуктурган таалиминен уламбы, Абдылда Мусаевдин табитине чактай, назарына жууктай сыяктанды. Эмесем, бүгүнкү көркөм адабиятыбыздын курамынан замандаш аалымдын кароол-милтесине илинүүгө татыктуу чыгармалардын табылышын тилейли. 

абибилла пазылов
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

01-11-2016
«Кыргызфильмдин» кыймылдаткыч күчү
14577

30-11-2015
Кыргыз кыпчактар (эссе)
41446

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×