Добавить статью
13:26, 25 декабря 2020 8873

Ой-пикир: Кыргызстан:Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк болбойт...инвестиция да болбойт

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланат. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Он жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) жайылтуу зарылдыгы жөнүндө айтылып келет. Ошондон бери МЖӨ Мыйзамынын үч вариантын, МЖӨнү өнүктүрүү программасын кабыл алып, МЖӨ борборун түздүк. МЖӨнү өнүктүрүү маселелери өлкөнүн тармактык бардык стратегиялары менен программаларда камтылган. Президенттер, премьер-министрлер менен министрлер эми мамлекет бул механизмди жигердүү колдоно тургандыгын билдиришет.  

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк - бул мамлекеттик инфраструктура объектилерин ( жолдорду, авто жана темир жол станцияларын, аэропортторду, ооруканаларды, бала бакчаларды жана башка инфраструктуралык объектилерди кошо алганда) каржылоо, куруу жана башкаруу үчүн жеке компанияларды тартуучу мамлекет менен жеке компаниялардын ортосундагы кызматташуунун бир түрү.  

Ал эми иш жүзүндөчү? Жабылуу коркунучунда турган МЖӨнун үч гана чакан долбоору бар.
Саясатчылар маселенин баары мыйзамда экенин айтып, " мыйзамды оңдош керек, ошондо МЖӨ иштейт" дейт. МЖӨ жөнүндө мыйзамга төрт жолу өзгөртүү киргизилип, бешинчи жолу өзгөртүү күтүлүүдө. МЖӨ жөнүндө Мыйзамга кезектеги өзгөртүүлөр парламентте жатат.  

Бул жөнүндө аткаминерлерден сурасак, МЖӨ долбооруна аралашпай койгон эле оң деген жооп алабыз. Мунун себеби эмне? Анткени баары коркот. Прокуратура МЖӨ долбоорлорун өз карамагына алып, аткаминерлерди да, ишкерлерди да текшерет.

МЖӨнү колдонуу жөнүндө Президенттер менен Премьер-министрлердин көптөгөн чакырыктарына карабастан, аткаминерлер (көмүскөдө) - эмне үчүн жоопкерчиликти моюнга алышыбыз керек? – деп сурашат. Жоопкерчиликти колго алсаң, эртең үстүңөн кылмыш иши козголот. Ушундай жоопту жеке ишкерлер да беришет. Эмне үчүн мамлекет менен өнөктөш болуш керек? Кайсы өнөктөштүк? Мамлекет менен канчалык аз байланышса, ошончолук көйгөйлөр да аз болот.
 
Ал эми жакыр экономиканы эмне кылса болот? Инфраструктураны өнүктүрүүгө бюджетте каражат жок. Атүгүл жыл сайын акча азайып жатат. Бул жол, мектеп, оорукана, спорттук объект, автобекет менен башка көптөгөн объектилерди курууга каражат жок экендигин билдирет. Инфраструктура өркүндөбөсө, адамдардын жашоо сапаты жогорулабайт. Мындай кырдаал бизде гана болгон жок. Бирок көптөгөн мамлекеттер, бизден айырмаланып, бул көйгөйдү жеке секторду кызматташтыкка тартуу жолу менен чечишкен.  

Учурда Кыргызстанда сейрек кездешүүчү инфраструктуралык объектилердин курулушу тышкы насыялардын, анын ичинде Кытайдын, эсебинен жүргүзүлүүдө. Насыя өлкөнүн тышкы карызынын жарымына жакынын түзөт. Ушудан улам мамлекеттин инфраструктурага каражаты жок. Ошондуктан мамлекет тышкы насыяларды издейт. Бирок ишкерлер менен кызматташууну каалабайт, тагыраак айтканда, коркот. Анткени укук коргоо органдарынын куугунтугунан коркот. Жеке ишкерлер да мамлекет менен кызматташуудан качат. Себеби мамлекетке ишеними жок.  
Ал эми жарандарчы? Алар начар инфраструктурага, тамтыгы кеткен жолдор менен тротуарларга, эскилиги жеткен оорукана менен мектептерге, мамлекеттик жана муниципалдык имарат менен курулмага ыраазы болуш керек. Ал эми тышкы карыздар болсо өсүүдө.

Көрсө, ири мүлкүнө (22 миңге жакын имарат менен курулмага, 400дөн ашык объектилерине, 600 миңден ашуун жабдууларга, 104 мамлекеттик ишканаларына жана басымдуу көпчүлүгү киреше алып келбеген 32 акционердик коомдорго) ээлик кылган мамлекет өзү аларга кам көрүп, башкарып, өркүндөткөнгө алы жетпей калган экен. Жоопкерчиликти алуудан коркконунан, жеке сектор менен өнөктөштүктү да уюштура албай турат. Сыягы, мамлекет, демек, салык төлөөчүлөр да учурдагы көптөгөн жараксыз, токтогон, кыскарып бараткан мамлекеттик объектилер менен компанияларды сактап калууга аргасыз.  

Ал ортодо коңшуларыбыз убакытты текке кетирген жок. Акыркы он жылда Россия менен Казакстанда миңдеген МЖӨ долбоорлору башталган. МЖӨнүн жардамы менен жолдор, автобекеттер, ооруканалар, бала бакчалар, спорттук объектилер, шаарды жарыктандыруу жана МЖӨ долбоорлорунун башка ондогон долбоорлору ишке киргизилген.  
Эки жыл мурун эле МЖӨгө жол ачкан Өзбекстандын алдыңкы тажрыйбасы таасирдүү жана таң калыштуу. МЖӨ мамлекеттин колундагы эң маанилүү курал болуп, эки жыл ичинде эле 20га жакын долбоор башталган. Алардын жардамы менен өлкөгө 500 миллион доллардан ашуун инвестиция келген. Күн энергиясы, саламаттыкты сактоо, транспорт, ТЭЦти калыбына келтирүү жана башка тармактардагы долбоорлор ишке киргизилип, аэропорттор үчүн МЖӨ долбоорлору пландаштырылууда.  

Азыр Өзбекстанда ири эл аралык каржы институттары иштеп, мамлекеттик органдарга МЖӨнү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүшөт. Ошол эле учурда, эл аралык жардам берилген Кыргызстандагы МЖӨ долбоорлорунун бардыгы токтотулуп, ишке кирбей калган. Сыягы, мамлекет аларга муктаж эмес го.  
Кыргызстандагы МЖӨнүн тарыхы кайгылуу. Мындан башка дагы бир кайгы бар. Бул инвестиция агымынын тездик менен токтогону. Акыркы төрт жылы гана өлкөдөн 2,8 миллиард АКШ доллары чыгып кеткен (инвестициялардын агымы: 2017-жылы 724 миллион АКШ доллары, 2018-жылы 707 миллион АКШ доллары, 2019-жылы 673 миллион АКШ доллары, 2020-жылдын 9 айында 720 миллион АКШ доллары). Өлкө жетекчилигинин инвестицияларды колдоо боюнча туруктуу билдирүүлөрүнө, инвестициялар жөнүндө мыйзамы менен Агенттиктин инвестицияларды тартуу боюнча узак мөөнөттүү ишине карабастан, алардын агымы бир кыйла кыскарган.  

Инвестиция эмнеге керек? Экономиканын өнүгүп, кеңейишине, компаниялардын көбөйүшүнө керек. Демек, жумуш орундарынын өсүшү, жумуш менен камсыздоо, адамдардын кирешесинин өсүшү үчүн керек.  
Инвестициянын төмөндөшү экономиканын жалпы абалы менен гана эмес, саясат менен да байланыштуу. Пандемия көптөгөн экономикага терс таасирин тийгизгени анык. Ушундай кырдаалда да мамлекет ар бир инвесторду коргоп, ар бир инвестиция үчүн шарт түзүү үчүн бардык мүмкүн болгон варианттарды издеш керек. Бирок МЖӨ сыяктуу эле, инвесторлор инвестициялоонун маанилүүлүгүн түшүнбөстүккө жана укук коргоо органдарынын куугунтугуна туш болушат. Мындай иш-аракеттердин натыйжасында инвесторлор жакшы шарттарды түзө алган башка өлкөлөргө кетишет.  

Мамлекет, айрыкча, укук коргоо органдары жеке ишкер менен инвесторлорго карата мамилесин өзгөртүшү керек. Кыргызстанда өндүрүлгөн бардык нерсенин 85% ын жеке ишкерлер тарабынан түзүлгөнүн, иштегендердин 84% жеке сектордо эмгек кылганын (жеке сектордун көпчүлүгү чакан ишкерлер) түшүнүш керек. Мамлекеттик бюджетти (80% га жакын) жеке менчик ээлеринин салыктары толуктап турат. Учурда жеке ишкерлер, чакан жана орто бизнесте иштегендер гана жумуш орундарын түзө алышат. Пандемия жана өлкөдөгү туруксуз кырдаал ушул тапта аларга көбүрөөк таасир этүүдө.    

2020-жылдын алгачкы алты айында эле дээрлик 37 миң жумуш орду жок кылынган, бул 2019-жылдын алты айына салыштырмалуу 6 (!) эсеге көп. Жумушсуздардын саны өсүүдө.  
2020-жылы ИДӨ 8% га төмөндөп, бюджеттин тартыштыгы 35,5 млрд сомду түзгөн. Мамлекеттик карыз ИДӨнүн 67% на чейин өсүп, учурда 380 млрд сомго (же 4,8 млрд АКШ долларына) жеткен.
Карыздарды төлөө боюнча төлөмдөр жыл сайын өсүүдө. 2025-жылга чейин алар жогорку деңгээлине жетип, бир нече жылга чейин созулат. Кооптуу кырдаалга карабастан, мамлекет келечектеги муундарга коркунуч туудуруп, насыя алуусун токтоткон жок.  

Ушундай оор кырдаалда, мамлекет жеке секторду коргоп, чакан жана орто бизнес үчүн шарт түзүп, жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүш керек. Мамлекет ар бир инвесторду сактап, ар бир инвестицияны коргоого аракет кылыш керек. Бирок андай болбой жатат. Мамлекеттин учурдагы иш-аракеттери менен мындай болушу да мүмкүн эмес. Анткени мамлекетке репрессиялык ыкмаларды колдонуу жеңилирээк болуп, мүмкүн болушунча бизнес ишканаларын жүйөлүү жана жүйөсүз себептер менен көбүрөөк төлөөгө мажбурлап жатканы жаткан. Саясатчылардын бири таамай айткандай, мамлекет уйдун өлүгүн байкабай, уй сааганын токтотпой жатат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×