Добавить статью
9:53, 24 мая 2021 10141

Жаңы кодекстерди иштеп чыгууда ИИМден атайылап эч кимди кошпой коюшкан

Учурда ички иштер министрлиги мурда кабыл алынган Кодекстерди өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча талкууларды уюштуруп жаткандыктан, мен дагы бул боюнча өз ойлорумду билдирүүнү туура көрдүм.

Мурда кабыл алынган Кодекстерди иштеп жатышканда бизден да кошкула, тажрыйбалуу адистерди кошолу десек жумушчу топ ИИМди тап-такыр жакын жолотпой коюшкан. Мен ал кезде Кодекстердин жакшы жактары да бар экен, бирок анын кылмыштуулук менен күрөшүүдө, кылмыш бетин ачууда, кылмыш жазаган канкорлорду кармоодо, коомдук тартипти сактоодо ыкчам кызматкерлердин системалык ишмердүүлүгүнө катуу доо кетээрин, ал деген практикада бир катар орчундуу көйгөйлөрдү жаратаарын айтып, анын чукул арада ишке киришине каршы болуп, биздин пикирлерибизди эске алуу керектигин билдиргенмин.

Ошол кезде жаны Кодексттерди иштеп жаткан жумушчу топту ИИМге бир нече жолу чакырганбыз. Алар теорияда билимдери күчтүү болгон менен ИИМде практикадагы зор тажрыйбасы бар кызматкерлер, илимдин докторлору, ИИМ Академиясынын окумуштуу-профессорлор курамы бар эле. Келгиле сиздер теория, биз практика, чогулуп акылдашып иш кылалы, сиздер бизге иштеп чыгып жаткан мыйзамдарыңыздын маани-мазмуунун, багыттарын айтып бергиле, биз дагы практикалык тажрыйбадан кошолу десек келбей коюшту. Анан Жогорку Кенешке мыйзамдарды Өкмөт тарабынан жиберилди. Анан Өкмөт бизге сунуштарыңыздар барбы дешип кат жиберди. Процедурасы ошондой болчу да.

Акыйкаттык үчүн айтып коюш керек биз аталган мыйзамдарга ондогон сунуш-пикирлерибизди берип, жаңы Кодекстеги бүгүнкү кемчиликтердин алдын алуу көздөгөнбүз. Биздин сунуштар эч каралган жок. Күчкө салып ЖКдан өткөрүп, анан кол коюп да жиберишти. Анан аталган Кодекстерди атайылап эки жылга жылдырып коюшту, себеби эки жыл ичинде ал Кодекстерди эл эмес мамлекет деле унутуп койду. Саясатташкан кырдаал менен аны акырын артка түртүп койду. Биздин пикир менен эч ким эсептешкен жок, мына ошол себептүү кылмыштуулук менен мыйзам чегинде күрөшүүдө тоскоолдуктар келип чыкты. Анан 2019-жылга 3-4 ай калганда ага камылгалар башталган, аны токтотуп коюуга мүмкүн болчу, ошол кездеги укук коргоо органдарынын жетекчилери Президентке духу жетип айта алышкан жок, ал анан проблемалар биринин-артынан бири чыкты да.

Мыйзам жазуучулар 2019-жылы күчүнө кирген жаңы кодекстер кылмыштуулук менен күрөшүүдө, кылмыш иштеринин бетин ачуунун жана тергөөнүн сапатын жогорулатып, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктары жогорку деңгээлде сакталат деген ойдо болушкан.

Мен убагында реформалык аракеттерди башкача жол менен жүргүзүү керектигин белгилеп, анын жолдорун да айтып турдум. Албетте, практикадан алыс кишилер Өлкө башчысын тегеректеп алышып, тескерисинче чогуу иштеп, келечекте укуктун системанынын денгээлин жогорулатууга болгон аракеттеримди тескерисинче жеткиришип, кайра мени жамандашып, биз берген жаны Кодекстер оюнча сунуштарды карап да коюшпады, айтоор ИИМдин зор практикалык-теориялык мүмкүнчүлүгүн, бир кылымдык тажрыйбасын четке кагып коюшкан. Анын жыйынтыгы эмне болду? Кылмыш иликтөө кызматынын тажрыйбалуу адистери иштерин таштап, пенсияга эртелеп кетип калышты. Тергөө кызматында да кыйынчылыктар пайда болду. Нагрузка көп болгондуктан тажрыйбалуу кызматкерлер да акырында башка кызматтарга кете баштаган. Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү кыйрады десек да болот. Кылмыш иликтөө кызматтарын кескин кыскарта башташты. Кылмыш бетин ким ачат деген көйгөлүү суроолор жоопсуз калды. Кан ичкич кылмышкерлер менен кимде иштешет, аларды кимдер кармашат, ыкчам алдын алуу иш-чаралары толугу менен кыйроого учураган.

Мен 2019-жылы 30-октябрында “Вечерний Бишкек” сайтына интервью берип жаңы мыйзамдардын кесепети, ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүнүн кыйрашы, кылмыштуулуктун өсүшү жана кылмыш иликтөө кызматтарынын кыскарышы, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш аксап калгандыгы тууралуу ачуу чындыкты айтып чыккам. Ошондо мени Ак үйгө, прокуратурага чакырышып эмнеге чындыкты айтасыз, сиз соттук-укуктук реформага каршысызбы, түшүнүк кат жазыңыз, сиз туура эмес айтып жатасыз деп ормон опузага, коркутууга алышкан. Бирок мен чындыкты айтканым үчүн эч качан түшүнүк жазбайм деп болбой койгом, таарынып жүрүштү. Ошол менден түшүнүк алууга аракет жасаган жигиттер бир күн дагы кылмыш иликтөө кызматында иштеген эмес, бирок республика боюнча укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн башкарып турган эле.

Анан иш жүзүндө ички иштер органдары көптөгөн көйгөйлөр менен катачылыктарга туш келди. Кылмыштуулукка каршы аракеттенүү багыттарынын бири болгон ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүн алсыздандыруу жана аны жок кылуу аракеттери болгондугун байкоого болот. Мурдагы кылмыш иликтөө кызматы азыркы Криминалдык милиция кызматы тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу деген процесс жок болду, мурда соттолгон рецидивисттер менен кылмыштуулуктун алдын алуу максатында иш жүргүзө албады, ыкчам кызматкерлер тергөө кызматына көз каранды болуп, өз алдынча ыкчам иштерди жүргүзүү деген жок болду. Уюшкан кылмыштуулукка жана экстремисттик, террористтик кылмыштарды ооздуктоодо көйгөйлөр пайда болду.

Ыкчам кызматтардын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү толугу менен соттук өндүрүштүн алкагында жүрүп жатат, ыкчам кызматкерлер күтүү режиминдеги позицияда калышты, кылмыш жасалса, анан аны тергөөчү өндүрүшкө алса, анан барып кыймыл башталат. Опер болсо тапшырма күтүп олтурат, тергөөчү качан, эмне деген көрсөтмө берет деп. Мурда ыкчам кызматкерлер Эгер сенин ыкчам маалыматың бар болсо, сен аны сөзсүз текшерүүгө алчусуң, кылмышка шектүү жарандарды кармап, тиешелүү иш-чараларды жүргүзө алышчу. Азыр ал жок. Ыкчам кызматкерлерди колго чапкандай эле кылышты. Бул деген кылмыштуулуктун тамырлашына жол ачып жатпайбы. Ыкчам иштер жүргүзүлбөй, кылмыштын изин суутпай ачуу, анын алдын алуу жагдайлары жокко чыгып калган учурлар практикада көп кездешип жаткандыгын менин кесиптештерим белгилеп жатышат. Анан ИИМдин ишмердүүлүгүн жөнго сала турган бир багыт статистикалык отчеттордун түзүмү. ИИМде бардык иштер эсептелип такталып турушу зарыл. Азыр эмне аны прокуратура органдарына берип коюшту, али күнгө чейин айрым бир статистикалык отчеттордо тактык жок.

Ал Кодекстердин негизги багыттарында кемчиликтер бар экендигин, аны ордуна коюу керектигин айтууга азыр гана мүмкүнчүлүк берилип жаткандыгы мени кубандырат. Бардыгы өз ордуна келиш керек. Кылмыш жазадыбы, аны мойну менен тартышы керек, ал анткени мыйзам да. Албетте, гумандуулук да керек, соттук-укуктук реформалар заман талабы менен өзгөрүп алдыга жылып туруш керек. Ички иштер министрлиги деген бул ички коопсуздуктун гаранты жана анын түркүгү болуп эсептелет. Коомдук тартипти сактоодогу, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү эффективдүү түптөлүп калган системаны кыйратышты, ыкчам издөө ишмердүүлүгү жокко чыкты, эми аны калыбына келтириш керек.

Мен өмүр бою кылмыш иликтөө кызматында иштегем, алардын көйгөйүн толугу менен түшүнүп турам. Мурда укпай коюшту эле, эми ИИМдин бул багытта өз позицияларында бекем туруп, мыйзам долбоорлорун заманбап талаптарын эске алуу менен сунуш кылып жаткандыгын колдоймун.

Мелис Турганбаев
милициянын генерал-майору

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×