Добавить статью
4:58, 28 февраля 2011 40667

Бишкек-Ош темир жолу долбоору сунушталууда (схема, сүрөт)

Кыргызстандын эң орчундуу көйгөйүнүн бири - өлкөнүн борбору менен аймактардагы шаарларын бир гана авто унаа жолдору байланыштырып турат, деп билдирет өз кайрылуусунда «Бириккен Кыргыз Атуулдары» уюмунун долбоорлор бөлүмүнүн жетекчиси Медербек Адылбек уулу.

Анын айтымында, айрыкча, мамлекеттин түндүк менен түштүк жагын, бийик тоолуу аймактардан өткөн татаал автожол гана байланыштырат жана бул нерсе жалпыга белгилүү болгондуктан, кээ бир ички жана сырткы душмандар бул кемчиликтен пайдаланып келет.

«Ички душмандарыбыз көздөгөн максатына жетпей калганда, кээде жогоруда айтылган Бишкек-Ош жолду тосуп алып коркутуп, кээде түндүк-түштүк деп элди жарып-бөлүп маселе жаратышса, сырткы душмандар түштүктөгү шаарларга көз артып келишет. Өлкөнүн бардык аймактары менен тыгыз транспорт байланышы болмоюнча, мындай көрүнуштөр кайталана берет», - деп жазат М.Адылбек уулу.

Ал белгилегендей, Нарында же Таласта туулуп-өскөн жарандардын көп болсо жүздөн бири гана Ошко, Жалал-Абадка же Баткенге барганына, же болбосо, тескерисинче, Ошто туулуп-өскөн мекендештердин жүздөн бири гана Нарынга же Таласка барганына кепилдик берүүгө болот. Экономика тармагында да бул маселенин терс көрүнүштөрү көп - өлкөнүн аймактарынын өз ара соода (товарооборот) жүргүзүүсү жокко эсе.

«Бириккен Кыргыз Атуулдары» уюму жогоруда айтылып кеткен көйгөйлөрдү жоюу максатында Бишкектен баштап, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустарынын аймактары аркылуу өткөн темир жолун курууну сунуштайт. «Маршрут Бишкек-Ош темир жолу деп аталат жана жалаң Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Кийинчерээк бул жолду Баткен облусун карай узатса да болот. Темир жолу негизги тоо системаларын айланып, деңиз деңгээлинен 500-2000 метр бийктикте өтө турган болуп курулат. Кыргызстандын тарыхында мындай масштабдуу долбоорду ишке ашыруу оңой эмес, бирок мүмкүн! Эл аралык уюмдарга жана бул темир жолдун курулушуна кызыкдар болгон чет өлкөлүк жеке жана мамлекеттик ишканаларга кайрылып каражат табууга болот», - деп ишенимдүү билдиришти уюмдан.

Ушул долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында:

1. Тыгыз мамиледе болуп, өз ара катташуунун натыйжасында өлкөнүн ар аймактарындагы элдин ынтымагы чыңдалат (Түндүк-түштүк маселеси жоюлат);

2. Транспорт тармагында, поезд транспортун колдонуу менен сырттан кымбат баада алып келинген күйүүчү майды колдонбой, өздөн чыккан электр энергиясын колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт;

3. Өлкөнүн аймактарындагы жаратылыш кен байлыктарын өздөштүрүүдө да аларды башка аймактарга ташууда, экспорттоодо оңойчулук жаралат;

4. Өлкөнүн аймактарында өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда гуманитардык жардамдарды, аскер бөлүктөрүн, оор техникаларды коопсуз жол аркылуу транспортировка кылуу мүмкүнчүлүгү жаралат (Ош шаарында болуп өткөн окуялардан тыянак чыгаруу керек);

5. Аймактарда жашаган элдердин өз ара соода жүргүзүүсүнө (товарооборот) шарт түзүлөт;

6. Бул темир жолу өлкөнүн жаратылышы кооз аймактарын да басып өткөндүктөн, туризм тармагына да чоң салым кошулат;

7. Фергана өрөөнүндө жайгашкан аймактардан, Россия, Казакстан жана башка мамлекеттерге мөмө-жемиштерди көп көлөмдө экспорттоого шарт түзүлөт;

8. Бул темир жолунун курулушунда жүздөгөн жарандар жумуш менен камсыз болот;

9. Көптөгөн жагымсыз окуяларды башынан өткөрүп, көңүлү чөгүп турган кыргыз элге мындай чон, жагымдуу, жакшы долбоорлордун башталышы жана болочокто ишке ашуусу аябай чоң дем берет жана элдин жаркын келечекке болгон үмүтү артат, деп жазылган кайрылууда.

Темир жол өтө турган жол схемасы

mm


Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×