Добавить статью
5:13, 28 февраля 2011 14397

Жети-Өгүз курортунан чыккан ыплас суулар ичүүчү таза сууга кошулуп жатат

Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз айылынын жашоочулары Жети-Өгүз курортунан чыккан ыплас суулар ичүүчү таза сууга кошулуп жаткандыгына нааразы болушууда, деп маалымдайт «Чыгышэлектр» ААКсынын басма сөз катчысы Эдил Мелисбеков.

Бул боюнча айыл тургундары кечээ облус жетекчиси Нурдин Абдылдаевге дагы билдирүү жасашты. Айыл тургундарынын билдирүүсүндө курорттун суу тазалоочу жайы эчак эле иштен чыккан. Мындан улам курорттон чыккан ыплас суулар түз эле айылды аралап өтчү агын сууга кошулат. Бул суудан Жети-Өгүз айылы жана Чырак айылынын жарымы таза суу менен камсыз болушат. Азыркы учурда айыл тургундарынын арасында ашказан жана ичеги оорулары менен жабыркагандар көбөйүүдө. Маселенин чечилишине жергиликтүү чиновниктер чара көрө алышкан эмес.

Айыл тургундарынын айтымында, бир нече жолу атайын комиссия түзүлүп, алардын ишинин жыйынтыгы тийиштүү тараптарга билдирилген. Азырынча алардын баары жоопсуз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×