Добавить статью
8:55, 1 марта 2011 44662

«Чыгышэлектро» АКнын башкы директорлору акыркы бир жыл ичинде 4 жолу алмаштырылды

Төмөндөгү кайрылуу электрондук почта аркылуу келди.

«Чыгышэлектро» акционердик коомунун башкы директорлору акыркы бир жыл ичинде 4 жолу алмаштырылды. 2010-жылдын 1-октябрынан тартып иштеп, сезилээрлик жыйынтыктарды жарата алган ишкананын акыркы генералдык директору Акылбек Жаныбековдун ордун анын ооруканада жаткандыгына карабастан, «Республика» саясий партиясынын 11-номурдагы КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жыргал Турускулов ээледи. Мындай чечимге Энергетика министрлиги «Отун-энергетика комплексинин 2010-жылдагы ишинин жыйынтыгын жана 2011-жылга тапшырмасын» караган коллегиясында келди. 2010-жылы аталган ишкананын дебитордук карызы 136.5 миллион сомго, ал эми калктын карызы 159.7 миллион сомго кыскарган. Бирок, 2011-жылдын январь айында ишкананын дебитордук карызы аталган ишкананын күнөөсү менен эмес, республикалык жана жергиликтүү мекемелердин, «Киржилкоммунсоюздун», суу түтүктөр ишканаларынын, улутташтырылган обьектилердин жана тоолуу райондорго берилген жеңилдиктердин эсебинен 58 миллион сомго чейин өсүп кеткен. Ошол эле мезгилде «Чыгышэлектронун» январь айындагы жоготуулары «Түндүкэлектронун», Ош жана «Жалал-Абадэлектро» акционердик коомдорунукунан кыйла төмөн болуп, 25.6%ды түзгөн. Учурда «Чыгышэлектро» акционердик коомунун эмгек жамааты Энергетика министрлиги тарабынан кабыл алынган мындай мыйзамсыз чечимине нааразы болушууда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×