Добавить статью
11:21, 4 марта 2011 26664

Айдар менен Максимдин ордун баскан кишинин ысымы ачык аталдыбы?

«Ата Мекен» фракциясынын жыйынында өлкөнүн биринчи вице-премьери Өмүрбек Бабанов жана Экономикалык жөнгө салуу министри Учкун Ташбаевдин дарегине айтылган сындан улам парламенттин бул жумадагы сессиясындагы көрүнүш коомчулукта эки партиянын «акыйнеги» катарында кабылданды. Дегеле кеп эмнеден чыкты? Бул боюнча «Ата Мекен» партиясынан шайланып келген депутат Ташполот Балтабаевге кайрылып, ал кишинин дал ошол эле жыйында көтөргөн ири бизнесмендерди мамлекеттик башкарууга жолотпоо демилгесин да чечмелеп беришин өтүндүк.

- Бул жерде кеп коррупцияга каршы иш-чаралар жана механизмдер жөнүндө болууда. Бүгүн президент да, өкмөт да, парламент да өлкөдө кылмыштуулукту жана коррупцияны токтотууга, өздөрү да ачык иштөөгө убада берип атышат. Бүгүнкү көптөгөн митинг, нааразылыктар дал ушул нерсенин тегерегинде. Кыргызстан башынан кечирген эки революциядан сабак ала алабы? Кептин нугу ушунда. Өз алдынча иликтөө-сурамжылоолордон улам, ушундай демилгени көтөрдүм. Ага мисал катары жыйында биринчи вице-премьери Өмүрбек Бабанов жана Экономикалык жөнгө салуу министри Учкун Ташбаевдин ысымдары аталды. Бирок, алардан да башкасы жетишерлик. Эгер экөө гана болсо, анда Кыргызстан азыркы абалга кептелбейт эле. Коррупция менен күрөшүү бир мектептин директорун 1000 сом пара менен кармап алып, аны шардана кылуу эмес. Ири коррупция чоң мамлекеттик кызматта отурган адамдар арасында. Мектептеги паракорчулук 100 менен 1000 сомдун ортосунда болсо, министрликтерде миллиондун, ал эми мамлекеттик жогорку кызматтарда отурган адамдар ортосунда миллиарддар арасында. “Ата Мекен” фракциясынын жума ортосундагы жыйынында буга окшогон мисалдарга күбө болдук. Улуттук банктын төрайымы фактылардын негизинде бизге маалымат берди. Кезегинде Максим Бакиев миллиарддаган бюджеттик, камсыздоо системасынын акчаларын ЦАРИИнин карамагындагы “Азия универсал банкка” которуп, ушунчалык “акылдуу” коррупциялык схемаларды иштеп чыгып, мамлекетти сызга отургузуп кетти. Бүгүн Соцфонддун бир жарым миллиард сомунун дайыны жок.

- Кечээги бизнесмендерди мамлекеттик башкарууга аралаштырууга тыюу салууну эмнеге демилгелеп турасыз?

- Максим Бакиев ким эле?! Атасынын мактоосунда, ири бизнесмен болчу. Кийин иш жүзүндө өкмөттү башкартып койду. Натыйжада, кейиштүү абалга кептелдик. Бүгүн да өкмөттүн башында – кечээги ири бизнесмендер. Кулатылган эки режимде тең иш алпарган “ТЗК” ишканасы туурасында кеп кетти. Бажы, Салык кызматынан сураштырдык, жыйынтыгында бул ишкана мамлекетке эч кандай төлөм төлөбөстүгүн тактадык. 20 жылдан бери ошол эле Айдар, ошол эле Максим бизнесмен болгон, ал эми бүгүнкү биздин биринчи вице-премьерибиз Өмүрбек Бабанов кечээги ири бизнесмен экени эч кимге жашыруун эмес. Айдар менен да, Максим менен да дос болгону коомчулукта айтылып келет. Мындай демилгени көтөргөнүм, бүгүнкү жана келечектеги Кыргызстанды тобокелчиликке салбайлы десек, кечээги ири бизнесмендерди мамлекеттик башкарууга жолотпоого тийишпиз. Бул “президенттикке талапкер сөзсүз түрдө кыргыз тилин билиши керек” дегендей эле мыйзамга бекитилген шарт болуусу кажет. Болбосо, улам жаңы Максим, жаңы Айдарлар чыга берет. Себеп дегенде, акча бар жерде ыйман жок. “Ушул өзү ушунча капитал топтогон экен, ушул бала мамлекетке жардам бере алат” деген түшүнүк жаңылыштык. Мамлекеттик башкаруу тазалыкты, туура саясатты жана калыстыкты талап кылат. Биз муну жыйырма жылдык өтө ачуу тажрыйбабыздан улам сезе алдык. Мыйзам долбоору иштелип чыкканда парламенттин кароосуна коебуз, ким колдоп-ким колдобосун көрөбүз. Бирок, менимче, бул демилге элдин калың колдоосуна татыйт. Чындыктын күзгүсү - бул тажрыйба. Ири бизнес менен мамлекеттик башкарууну аралаштырбоо зарыл. Өнүккөн демократиялык мамлекеттерде мындай жобо эбак күчүндө. Маселен, америкалык миллиардер Рокфеллер президент болуу жөнүндө ойлонуп да койбогон. Себеби, анын ири бизнеси бар экенин, кызыкчылыктардын кагылышы башталаарын ар бир америкалык айтып чыкмак. Коомдук пикир андай кадамга жол бербейт.

- Бул туурасында парламенттик коалиция башчысы жана бир катар “республикачыл” депутаттар өз лидеринин жана өкмөттүн биринчи вице-премьери Өмүрбек Бабановдун дарегине айтылган сынга жооп кайтарышты. Буга не дейсиз?

- Мен муну корпоративдик кызыкчылыкты коргоо деп гана баалайт элем. Бул жерде эч кандай аргумент жок. Кыргыздын карапайым калкы коррупциялык аракеттердин жиги билинген иштин артынан түшүп, изилдеген адамдарды же саясый күчтүн кадамдарын токтоткондун ордуна кубаттаарынан шегим жок. Себеби, эл сүткө оозу күйүп, айранды үйлөп ичип турган маалы. Эгер изилдөө соңунда алар таптаза деп аныкталса, анда ошол эле Өмүрбек Текебаев жана “Ата Мекен” фракциясы алардан кечирим сурайбыз.

Эмне үчүн мурда Айдар менен Максимдин коррупциялык схемасы менен иштеген ишканалар бир жылга жакын убакыт өтсө да кайра эле дал ошол калыбында ишин улантып келет?! “Айдар жокто Максим бар, Максим жокто “баланча” бар” деген эле принцип жашап атат. Ошол “баланча” ким? Башкалар ачык айталбаса да, Өмүрбек Текебаев расмий органдардан алынган фактыларга таянып, анын ысымын ачык атап койду. Ошого бүгүн чаң тополоң түшүп атышат. Бабановдун “ТЗК” жабык акционердик коомунда жеке кызыкчылыгы болбосо, андагы коррупциялык схемаларга эмнеге бөгөт койгон жок?! Бийлик бүгүн анын колунда эмеспи.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×