Добавить статью
8:37, 10 марта 2011 61951

Роза Акназарова: «Кыргыз ач калса да той кылам дейт»

«Республика» фракциясынын депутаты Роза Акназарованын маеги.

- Бюджетти бекитүүдө шашылыш бүтүм чыгарылгансыды. Кандай кыйынчылыктар болду?

- Бюджетти түзүп атканда мамлекеттик стратегия болуп, стратегияга карата министрликтер өзүнүн программасын иштеп, ошол программага бюджет бөлүнүш керек. Азыр убакыт тар болуп атат, кийин ушул багытта иш алып барылат. Негизги бюджет салыктан түзүлүп аткандыктан, бюджетти эл, каалоочулар окуса түшүнө тургандай жарандык бюджет болушу керек. Салык төлөгөндөр берген суммалары кайда кетип аткандыгынан кабардар болот.

- Министрлер иштесин деп атасыздар, бирок күн сайын комитетте жыйын болсо, сессия болгон сайын министрлерди чакырып аласыздар. Анан алар кайсы убакытты таап иштешет?

- Министрлерди чакырып аткандагы себеп, бюджет кабыл алынып атканда, ар бир министрдин оюн, сунушун, көйгөйүн угалы деп атабыз. Кийин парламент күнү деп айына бир жолу министрлерди сурап турса болот. Парламенттин негизги максаты мыйзам жазып, анын аткарылып аткандыгын көзөмөлдөп турат.

- Ысык-Көлгө депутаттар аттанып кетишти эле, эмне максатта бардыңыздар?

- Жогорку Кеңештин имиджин карадык. Бренд катары депутаттардын кийиминде, иш кагаздарында, колдонулган буюмдарында, визиткаларында болобу парламенттин символикасы болушу керек. Бүткүл дүйнөгө Жогорку Кеңешти таанытуу максатында иш-чараларды баштоо демилгеси каралды. Андан башка дагы депутаттардын этикасы ж.б. көптөгөн багыттагы семинарлар өтүлдү.

- Гендердик саясаттын Кыргызстандагы орду кандай, кандай баа бересиз?

- Дайырбек, айткың келип атат окшойт, аялдар үй оокаты, балдары менен эле отурса деп. Өкмөттө, парламентте аялдардын саны арбын болгон мамлекеттерде социалдык маселелер чечилип, экономикалык көрсөткүчтөр өсүп, коррупция дагы аз экен. Мисалы, биздеги МАИ кызматкерлериндеги айымдарды көрүп атасыңар, эреже бузуп акча бере коюп кутулуп кеткен айдоочулар айымдарга келгенде ал мүмкүнчүлүктү колдоно алышпайт. Акча сунуштамак түгүл, алардын сүрүнөн жалтаңдап калышат экен. Анан гендердик саясат деп эле эркектер менен атаандашып алган дагы туура эмес. Ар кимдин, ар кайсы багытта милдети бар. Кыргыз элинде гендердик саясат мурда эле болуп, аялдын орду бийик, сый-урмат менен каралган. Буга далил Курманжан Датка энебизди, Жаңыл Мырзаны айта алабыз. Азыр эле гендердик саясат чыга калгандай чуу салып, батыштын бул саясатын өтөле жар сала бериштин кажети жок. Ансыз дагы кыргыз эли аялды экинчи катарга койбой, керек болсо жаңы келген келиндин кеңешин угуп келишкен.

- Сиздердин үйдө ким башкарат?

- Үйдө аял затына тиешелүү милдеттерди мен аткарам. Бала кезде тентектик кылсак энем "атаңа айтам" деп айтып койгону биз үчүн абдан чоң мыйзам болуп, ошол жетиштүү болоор эле. Демек бул үй-бүлөдөгү эркектин орду жогору экенин айгинелеп турат.

- Шайлоо алдында аялдардын саны 30 пайыз болуш керек дешкен, азыр Жогорку Кеңеште 30 пайыз депутат аялдар жок го?

- Негизи бир жыныстагы адамдардын саны 70 пайыздан көп болбош керек эле, бизде 70тен ашык. Шайлоого талапкерлердин пайызы боюнча 30 пайыздык каралган, бирок өткөндөн кийинки тагдыры жазылган эмес.

- Тектүү жердин кызын ал деп калышат, теги таза дегенди кандай түшүнөсүз?

- Кыздын ата тегин, тууган уругун, апасын карап, алардын кылык-жоругу, ошол топтун өзүнө тиешелүү сапаттарын эске алып тандашат. Эң негизгиси кан агымына басым кылыш керек. Бизде "энесин көрүп кызын ал" деген жакшы сөз бар эмеспи, кеменгер кыргыз ошонун барын билип айткан. Бул түшүнүктүн артында чоң маанилүү, терең философия жатат.

- Кыз ала качуу салтпы же кылмышпы?

- Негизи ала качуу менен кыз уурдоонун айырмасын билиш керек. Мурда кызды ала качуу деген салт болуп, кыз-жигит макулдашып алып, көмүскө сүйлөшүп кызды алып кетүү болгон. Анан макулдугу жок, мажбурлап алып кетүү бул кылмыш.

- Элибиз жакыр деп какшай беребиз. Той-топурга келгенде эле чачылып, төгүлүп калмайыбыз бар. Үйлөнүү үлпөт тою үчүн канчалаган чоң каражаттарды жумшап, эртеси шалдырап отуруп калабыз. Мунун баары куру намыс, ушуну чектей турган бир жол таап, мыйзамдаштырсак кандай болот?

- Кыргызстанда 70 пайыз каражатты тууган-туушкандардын тойлоруна, оюн-зоок, салт-санааларга коромжу кылат экен. Той барган сайын анын убаракерчилиги, кошумча шаан-шөкөтү өрчүп баратат. Адат болуп калгандай кайталанма көрүнүштөр. Баягыле чапан-чупан, көйнөк-жоолугун берип, капчыгына кампайтып келген каражатын сунуп, тойго келгени дагы, той кылганы дагы чыгымга дуушар болушат. Жанагы көтөрө келген кийимдер кийилеби, кийилбейби мааниге ээ эмес. Ал дагы бир колго түшүп, кайра дагы бир тойго барып, ошол чүпүрөктөр айланып жүрө берет. Кээ күнү ошол өзүңө келип калат. Тамак-аштын ысырап болгонун айт. Үстөккө-босток болгон тамактын барын кое беребиз, ал ичилбей ашып, канчалаган тамак-аш төгүлүп кетет. Ошонун баары каражат, багытсыз кеткен ашыкча чыгымдар. Эгер андай кылбай койсо, тегерегиндегилер сөз кылат. Куру намыс. Ошол кеткен каражаттарды үйлөнүп аткан эки жаштын капчыгына салып, чакан бизнес ачып берип койсо, үй-бүлөлүк кирешенин башаты, фундаменти болуп калат эле. Муну күч менен мыйзамдаштырбай, элге туура түшүндүрүп, адамдардын аң сезимине жаңылануу алып келүү керек. Куру намыс деп кыргыз ачка калып, карызга батса дагы той берем дегенге жетип калдык.

- Жакында айымдардын майрамы келатат, кандай белек алганды жакшы көрөсүз?

- (Күлүп) Белекти биз эмес, силер ойлонушуңар керек. Мырзалар айымдарына белек берерден мурда муну эске алыш керек. Берген белеги каерден орун алат, кандай сакталат же ыргытылып кетеби? Мен горшоктогу гүлгө маани берип, бирөөгө дагы ошол белекти бергим келет. Ал гүл канча жылдап көрк берип үйүңдө сакталып, бөлмөнү тазалап турат.

Р.Акназарованын 10-марттагы сессиядагы кайрылуусунан:

«Элибиздин, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн ар бирибиз өзүбүздүн амбициябызды чекте кармап, алдыбыздагы чоң максаттарыбызды мугалимдерге айлык маянасын көтөрүп, дыйкандарга жеңил насыяларды берели деп атабыз. Азыркы Башмыйзам боюнча негизги бийликтин бутагы Жогорку Кеңеш болуп турат. Ошондуктан кандай гана маселе болбосун, ушул жерден премьер-министр, вице-премьер-министрди ж.б. министрлерди чакырып, жанагы көтөрүлгөн «Мегаком» «Дастан» «ТЗК» боюнча маселелерди ачык-айкын айтып, чечсек болот. Экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн азыркы күндө бизге экономикалык, саясий стабилдүүлүк аба менен суудай керек болуп турат. Сырткы күчтөрдүн таасирин колдонууну токтотсок. Акматбек Келдибекович, биздин мамлекеттин саясатына сырткы күчтөрдүн кийлигишпөөсүнө жол бербешиңизди суранам. Өкмөттүн өкүлүнө , кечээ келген Госдуманын депутаттары ким аркылуу келгени жана кандай максат менен келгени тууралуу маалымат берип койсоңуз».

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×