Добавить статью
4:33, 11 марта 2011 49724

Коррупцияга малынган адамдарды мыйзамдын алдында жоопкерчиликке тартуу керек

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Курсан Асанов Жогорку Кеңештин 10-мартта пленардык жыйынында апрель окуясынын кесепеттерин айтып чыкты.

Парламентте айткан сөзү:

Жакын арада апрель айында апрель ынклабынын болгонуна, ошондой эле андан кийин 1,5 айдан соң Жалал-Абад областы жана Ош областында болгон улут арасындагы кагылыштагы болгон окуяга 1 жылдын жүзү толот. Ошол убакта баардыгыңыздарга малым болгондой, канчалаган мекендештерибиз өз ата-энесинен, уул-кыздарынан жана бир туугандарынан ажырап, көптөгөн мекендештерибиз азыркы күнгө чейин туугандарынын дареги чыкпай жүргөндөрү армандарын кимге айтаарын өздөрү зорго жүрүшөт. Канчалаган мекендештерибиз ошол окуяларда майып болушту. Канчалаган күйгөн үйлөр, мекемелер азыркы убакка чейин толук бүткөрүлбөй, кандуу окуяны эске салып тургандай. Чечилбеген дагы эле болсо жер маселеси, дагы эле башаламандык башталып кетпесин деп биздин мекендештерибиз, туугандарыбыз күткөнү бир гана нерсе-бул жыргалчылыкта жашоо эмес, туруктуу, тынчтык өкүм сүргөн мамлекетте жашагасы келет. Элибиздин үмүтү, тынчтыкта жашоосу-бул парламенттик башкаруу болгон жана учурда өлкө биздин колубузда. Андан соң жаңы куралган өкмөттүн колунда. Ал эми биз болсо, кээ бир кесиптештерибиз болсо бүгүн-эртең ар кандай шылтоолорду айтып, коалиция бузулат деп, бийлик менен байлык бөлүштүрүү менен алекпиз. Эгерде кимде ким жогорку бийликте иштеген, коррупцияга малынган болсо, мен дагы кээ бир коллегаларымды колдоп, мен ойлойм азыркы кыйын убакта, ушундай учурда биринчи ал адам жараткандын алдында. Эгерде кээ бир коллегаларымдын колунда жетиштүү далилдер болгон болсо, анда укук коргоо органдарына берип, мыйзамдын алдында жоопкерчиликке тартуу керек. Биз бир нерсени унутпашыбыз керек, карапайым эл бардыгын билет жана сезип турат. Эки мурдагы президентибиз дей биз дагы ошолордун кейпин кийип калбайлы. Ошондуктан бардыгыңыздар ынтымакта болуп, эл үчүн иштеп берели.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×