Добавить статью
6:33, 11 марта 2011 71869

 Микроскоп алдында жаралган өмүрлөр

Ош МУнун илимий иштер жана сырткы байланыштары боюнча проректору, биология илимдеринин доктору, профессор Т.Жумабаева

2010-жылда Нобель комитетинин чечимине ылайык, физиология жана медицина илимдери боюнча Нобель сыйлыгы Великобританиялык окумуштуу, Кембридж университетинин ардактуу профессору Роберт Джеффри Эдвардска экстракорпоралдык уруктануу технологиясын (ЭКУ же IVF – in vitro fertilization) түзгөндүгү үчүн берилди.

Албетте 85 жаштагы Роберт Джеффри Эдвардс – эмбриолог катары алгачкы тажрыйбаларын ХХ кылымдын 50-жылдарынан баштагандыгын айта кетсек – бул сыйлык анын чыныгы окумуштуу катары татаал эмгегинин жана ошол эмгектин натыйжасында «пробиркада» жаралган 4 000 000 адамдын өмүрүнүн баасы. Учурда «пробиркада» жаралган наристелер, суррогаттык энелер, жасалма уруктандыруу менен эч кимди тан калтырууга болбойт. Анткени биринчи ЭКУ продуктусу Луиза Браун 1978-жылы төрөлгөн, азыр 32 жашта күйөөсү менен жашап, 2006-жылы табыгий жол менен уулду болушкан. Луизанын ата-энеси 9 жыл жашап, апасынын фаллопий түтүктөрүнүн өткөрүмсүздүүлүгүнөн улам балалуу болууга мүмкүнчүлүгү жоктугунан улам, алар акушер–гинеколог Патрик Стептоу менен Роберт Джеффри Эдвардска кайрылууга мажбур эле. Натыйжада Луиза жана дагы 4 жылдан кийин Натали деген эки «ЭКУ» - кыздуу болушкан. Учурда Натали да турмушка чыгып, эне болду.

Мындай ийгиликтен кийин 1978-жылы Патрик Стептоу менен Роберт Джеффри Эдвардс Бурн Холлдо (Кембридж) тукумсуздук боюнча атайын клиника ачышып, 1986 – жылы 1000 бала төрөлгөн.

Ал эми Россияда 1986-жылы Москвадагы акушерство жана гинекология боюнча илимий борборунун профессору, доктор Б.В.Леонов алгачкы жолу мындай операцияны жасап, биринчи «пробиркалык наристе» - Алена Донцова жарыкка келген. Ал азыр Севастополь шаарында жашайт.

ЭКУ – балдар туралуу коомчулукта. диний чөйрөдө ар түрдүү ойлор, пикирлер айтылганы да жашыруун эмес. Албетте бул законченемдүү процесстер, бирок төрт миллион өмүрдүн ушул методиканын негизинде жарыкка келип, тиешелүү деңгээлде жашоого укук алышынын өзү кандай гана болбосун ЭКУ менен эсептешүүгө, аны кабыл алууга шарт түзөт. Жасалган иштин акыркы натыйжасы анын усулунун тууралыгына далил демекчимин.

Канчалаган ата-эне балалуу болууну самап, бирок кандайдыр бир себептер менен мүмкүнчүлүгү жок, ажырашууга чейин барып жаткандары, же башка балдарды сатып алууга мажбур болушу, бала багып алууга мүмкүнчүлүгү жоктордун ичип ичкиликке берилип кетип жаткандары да жок эмес. Учурда ЭКУ – балдар кадимки эле наристелер, алардын жаралуу жолу гана эненин организминен сырткары (in vitro) болуп, өрчүүсү эненин организминде өтүп жаткандыктан алар кадимки уруктануу жолу менен төрөлгөн балдардан көп деле айырмаланбагандыгы да белгилүү. Демек этикалык-нравалык жагы балалуу болгусу келгендердин жана ЭКУ адистеринин ыйманына жараша.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

14-03-2011
И.Раззаков атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылып турса, келечек муундар үчүн чоң тарбия болмок
113843

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×