Добавить статью
5:09, 14 марта 2011 19471

Көп түкүрсө, көл болот

ϴз мекенинен алыста жγргɵн боордошторубуздун ынтымагын бекемдеп, биримдикке чакырып, кыргыз элинин маданиятын сактоо максатында иш жγргγзγп келген Кыргыз Клуб бейɵкмɵт уюму, жадыраган жаздын кирип келиши менен ɵзγнγн чоң долбоорлорунун бирин ишке ашырып отурат. Тактап айтып кетсем, ынтымак ишин Америкадагы мекендештерибиздин арасында гана жүргүзбɵстɵн, дγйнɵ жγзγндɵгγ башка ири мамлекеттерде жашап келген Ала Тоолук кыргыздардын да башын кошуп, биргелешип иш кылсак деген сɵздɵр тээ илгертен оозубузда болчу. Пенденин оозунда болсо, Теңирдин кулагында болот демекчи, мына бүгүн Кыргыз Клубдун катарына алыскы Европадагы Италия мамлекетинде жашап, тиричилик кылып келген кыргыз жердештерибиз жана коңшу Казак ɵлкɵсγндɵгγ Алма-Ата шаарындагы кыргыз бир туугандар кирип отурушат.

Келе жаткан аптада Европанын так чордонунда орун алган Неаполь шаарында (Италия), жергиликтγγ мыйзам чегинде, «Кыргыз Клуб» аттуу кыргыздардын ассоциациясы расмий тγрдɵ катталмакчы. Мындай демилгени ошол жактагы мекендештеринин кɵйгɵйлɵрγн тγшγнуп, аларды колдоп, эл-жер деп күйгөн кыргыз жигитибиз Жанатбек Шаршеев сунуштады. Жасаган жакшы иштери менен элдин сый-урматына, колдоосуна ээ болуп жүргɵн Жанатбек мырза, кɵп кγтпɵй эле, астына чоң максаттарды коюп, жаңы дем менен коомдук иштерге кызуу аралашып, талыкпай иштеп жатат.

Дал ушул тапта, Нооруз майрамына карата Алма-Атадагы Кыргыз Клубчулар чогулуп маараке ɵткɵрγп жатышса, Неаполь шаарында 16-март кγнγ Кыргыз Клуб уюмунун мγчɵлɵрγ «Италия мамлекетинин бириккенине 150 жыл» мааракесине арналган чоң кечеде Кыргызстандын атынан катышып, келген элге кыргыздын тамак ашын, элдик кийим-кечектектерин арбын түрдɵ кɵрсɵтɵбγз деп камданып жатышкан мезгили.

Сɵздγн жыйынтыгын чыгаруу менен бирге, арабызга жаңыдан кошулган Кыргыз Клуб мγчɵлɵрγнɵ чоң алкышымды айтып, катарыбызга «Кош келипсиңер!» деген сɵздɵрдγ узаткым келет. «Биргелешкен аракет, бел ашырат» демекчи, биргеликте жасаган аракетибизден берекет чыгып, ишибиз илгерилей берсин!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×