Добавить статью
5:12, 14 марта 2011 15173

Социалдык кызматкер - ардактуу, зарыл кесип

Кыргызстанда профессионалдуу деңгээлде социалдык кызматкерлерди даярдоо маселеси турат.

«Кайда ташты ыргытпа, юрист менен экономисттин башына тиет» деген менен алардын баары эле өз кесиби менен иштебейт. Көпчүлүгү коммерция, курулуш, таксист болуп эптеп жан багып атышат. Дипломдору болсо сандыктын түбүндө. Себеби жумуш жок. Ал эми кээ бир тармактарда жумуш абдан көп, бирок адис жетишпейт. Мисалы үчүн социалдык кызматкер деген кесип бар. Бул кесип кандай гана коомдо болбосун дайыма керек. Ушул кесипке эмнегедир көңүл бурулбай келет. Бир эки ЖОЖдо бул кесип боюнча программалар киргизилген, бирок алар профессионалдык деңгээлде даярдоого чамасы жетишпей жатат, анткени атайын даярдыгы бар мугалим жок, окуу куралдары жетишсиз. Кыргызстан боюнча жалгыз social.kloop.kg деген сайтта бул кесипти өнүктүрүү аракеттери жүрүп жаткан менен ага тиешелүү көңүл бурулбай жатат. Ошол эле убакта бул кесиптин зарылдыгы өлкөдө өтө бышып жетилди. Ушул маселеге өкмөт көңүл буруп, кыргызча окуу куралдары, мугалимдерди даярдоо жаатында кол кабыш кылып койсо болот эле.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×