Добавить статью
7:05, 14 марта 2011 4518

Алигиче башым «деңиз оорусундай» чайпалганы чайпалган, утуру жер титиреп аткан сыяктуу

Эмнеден сөз башташты билбей калдым. Адегенде баарыңыздарга алкышымды билдирип коёюнчу!Терең таазим! Алигиче башым «деңиз оорусундай» чайпалганы чайпалган, утуру эле жер титиреп аткан сыяктуу. Кечээ эртең менен Токионун сыртына эс алганы чыккам, анан досторумукуна барсам, кээ бири келе элек экен үйүнө. Саат оюмча 15:06 болсо керек эле, «гүң-гүң» этип эле аквариумду чайпалткандай болуп, чайпала башталды. Карасам, бурчтагы шкаф кулап түштү, анан коридордогу чокой тизчү эмеректер бир бирден урай баштады. Сыртты көздөй чуркасам, алдыман эки кыз кыйкырып атыптыр, аларды сүдүрөгөнчө сыртка чыктым, ошо бойдон бир саатча «гүң-гүң» токтогон жок. Оптимизм берген жагы - жапондордун менежменти жана токтоолугу болду, эч бир паниканы билген жокпуз, болбосо тарыхта мындай чоң масштабдагы жер титирөө биринчи жолу деп жатышат. Жер титирөөнүн магнитудасы 8.8 балл болду эпицентринде, ал эми биз магнитудасы 7.9 баллды башыбыздан кечтик.

Кыргыз бекеринен Теңир Ата, Жер Эне дебейт окшойт, үрөй учкан жер титирөө болсо да, тегерегибизде жолдор, дубалдар жарака кетип, көпүрөлөр кыйшая түшсө да, өлүм жок болду. Жер Эне Ырайым кылды.

Ошентип, эки күн жарык да жок, суу да жок, кол-телефон да байланыштан үзүлүп, азыр эле эвакуация жайынан үйгө Токиого кайтып келдим. Токиодо салыштырмалуу тынч, бирок алигиче метро нормасында ишин жанданта элек. Эски имараттардын айнектери, тамбашылары талкалаңганы менен, чоң зыян сезилбейт, сырттан караганда. Өзүмдүн үйүмдө китептерим чачылып калыптыр, радиом менен колонкаларым полкадан кулап түшүптүр, калганы сак.

Жер титирөөдөн да, цунамиден түндүк-чыгыш Жапония көп жапа чекти. Тагыраак айтсам, Фукушима, Мияги, Ивате префектураларында баары болуп, миңден ашык кишинин дайыны алигиче белгисиз, расмий булактар миңден ашык сөөк катталганын MМКден берип атат. Жер Энем ырайым кыла көр! Жапон элинин кайгысына терең кайгы менен көңүл айтам!

Досторум, силерге дагы бир жолу чоң алкыш!

Токиодо жашап жаткан жердешибиз Сейтек Качкынбаевдин жогоруда жиберген маеги түз ободо «Азаттык» үналгысына 12-мартта чыккан.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×