Добавить статью
10:52, 15 марта 2011 7350

Энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөр

Мени жөнөкөй жаран катары өлкөбүздөгү айрым коррупциялык көрүнүштөр аябай кыжырдантып нааразычылыкты жаратат. Айрым аткаминерлердин коррупциялык чектен тыш аракеттери адеп-ахлактан сырткары чыгып кетсе, кээ бирлердин жоруктары башыңды чайкатат. Өзүм көп жылдардан бери Энергетика министрлигинде иштеп келатам. Бул тармактагы коррупциялык көрүнүштөрдү айтып отурса, төбө чачың тик турат. Азыркы министр Аскарбек Шадиевдин тармакка экономисттерди толтуруп алганы аз келгенсип,эми тармактын эсебинен куран окутканга өттү. Ачык айтып, түз сүйлөсөң нан таап жеп, үй-бүлөңдү багып жаткан жумушуңдан айрыларың бышык. Бирок, унчукпай койгум келген жок.

Жылдын башталышында «Ар-Намыс» партиясы Кыргызстандагы коррупциялык схемалардын анализин жарыялады. Аларда мамлекеттик сатып алуулардагы жана тендерлерди өткөрүүдөгү, бажы, билим берүү, фискалдык органдар, энергетика ж.б. системалардагы коррупциялык көрүнүштөрдүн схемалары ачылып берилген. Алардын купуя сырларынын баарын Феликс Куловдун партиясынын штабындагылар ачты деп айтуу чындыкка ылайык келбей калмак, анткени аналитикалык материалда аталган 15 тармактагы коррупциялык көрүнүштөрдүн схемалары кандай экендигин республикабыздагы аң сезимдүү адамдардын бардыгы эле билишет. Анткени, Кыргызстандан тигил же бул формада коррупцияга аралашпаган адамды табуу кыйын, таптакыр жок десек деле жаңылышпайбыз. Болгону кимдер коррупцияны уюштуруп, андай көрүнүштөргө демилгечи болуп, андан пайда таап жатышат, ага кызыкдар, ал эми кимдер аргасыздан тапкан ташыгандарын бирөөлөргө беришип, андан жабыр тартышууда, демек таптакыр кызыкдар эмес деген гана айырмада. Коррупциядан пайда көрүп, анын өнүгүп өсүүсүнө кызыкдарлар, албетте, кызматтагылар, укук коргоо органдарында, жогорку окуу жайларында, ар кандай документтерди, уруксаттык кагаздарды берүүчү жерде иштегендер. Ал эми жөнөкөй адамдардын бардыгы коррупцияга каршы, ага кызыкдар эмес. Ким эле маңдай тери менен тапкандарын бирөөлөргө бере койгусу келсин.

«Арнамысчылар» коррупциялык көрүнүштөрдүн көбүнүн схемаларынын чиймелерине чейин сызышкан менен бирок, тилекке каршы, анын биздеги эң кеңири тараган, адатка окшоп көндүм көрүнүшкө айланып калган, жылдан жылга күчөп бараткан түрүн чагылдырышкан эмес. Ал аш, тойлор, ысык-суук мааракелер аркылуу ишке ашып келаткан коррупция. Бизде ким чоңураак кызматка келбесин шылтоо табылса эле анын бир маараке өткөрүп, кол алдында иштегендерден, курбу-курдаштарынан акча жыйноосу көндүм көрүнүшкө айланып калган. Мисалы, оштук жетекчилер Накен Касиев губернатор болуп турганда баласынын үйлөнүү тоюн үч жерге үч жолу өткөргөнүн ар бирине 1 миңден кем эмес адам чакырылгандыгын алигече даңаза кылып айтып жүрүшөт. Бирөө билим берүү министри болуп иштеп туруп, 59 жашка чыкканда 60 жылдык мааракесин өткөргөн. Анткени, ал 60 жашка чыккыча кокус кызматынан ыргып кетсе, куттуктоочулар азайып, кошумчалар да министрдикиндей болбой кала тургандыгын жакшы түшүнүп, паспортунда жазылган жашын бир жылга алга жылдыра коюуга ашыккан. Андай мааракелерден бир күн мурда, адатта жума күнү маараке ээси жетектеген тармактын бир чоң чогулушу чакыртылат да ага мамлекеттин эсебинен келгендер эртеси күнү жабылып тойго, же ашка барышат. Ал жерде райондук, шаардык, облустук звенолорду аппараттын башкарма, бөлүмдөрүн жетектегендердин бардыгы өз конверттери менен тизмеге кошулуулары керек. Ансыз ага тармактын жетекчиси катуу таарынып калышы мүмкүн. Анда ал бечаранын кызматтык күнү бүттү дей бериңиз... Конверттердин ичине салына тургандар ар тармакта кирешелүүлүгүнө жараша ар кандай болот. Фискалдык органдарда, каржы, банк, энергетика тармактарындагылар үчүн «кошолгону» (конверт ичинде берилчү акчаны ушинтип атап коюшат) сом менен берүү уят катарында эсептелет. Врачтардын, мугалимдердин, маданият, социалдык жактан камсыздоо кызматкерлеринин лөктөрүнө сом деле жарай берет.

Мен өзүм иштеген энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн чекесин гана айттым. Ал эми мындай нерселер башка тармактарда да гүлдөп өнүккөндүгүн ошол тармактагылар эң жакшы билишет.

Урматтуу Роза Исаковна, коррупцияга каршы күрөштү дал ушул кол алдыңыздагылардын жогорудагыдай жоруктарына бөгөт коюудан улантсаңыз. Керек болсо, мыйзам актылардын негизинде тыюу салынып, аткаминерлердин андай аракеттери билинсе, аларды жоопкерчиликке тартуу зарыл! Ансыз мындай нерселер улантылып, коррупциянын күчөөсүн гана шарттай берет. Учурда кошоматчылыкты, жагалдануучулукту жөндөгөн мыйзам керек болуп турат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×