Добавить статью
5:28, 17 марта 2011 39054

 Акыйкаттыкты орнотууну талап кылабыз (кайрылуу)

Талас областынын эли Кыргызстандын президенти Р.Отунбаевага, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Келдибековко, премьер-министр А.Атамбаевге, Жогорку соттун төрагасы Ф.Джамашевага, Бишкек шаардык сотунун төрагасы М.Жакыповко кайрылуу жолдошту. Кайрылуунун тексти:

Биз Талас облусунун тургундары Сиздерге кайрылып, мыйзамсыз түрдө кылмыш жообуна тартылып, 8 жылга эркинен ажыратылып, жазаны режими күчөтүлгөн колонияда өтөгөнгө жана мүлкүн конфискалоого кесилген күнөөсүз Кыргыз Республиканын Мамлекеттик мүлк министирлигинин статс-секретары, биздин жердешибиз Бакиров Сүйөркул Керимкуловичтин тагдырына терең тынчсыздануу менен, сиздердин бул ишке токтоосуз кийлигишип, акыйкаттыкты орнотууңуздарды талап кылабыз. Бул адилетсиз жана мыйзамсыз Бишкек шаарынын Ленин районунун соту Байсеитов Таалайбек Карыбаевичтин жогоруда көрсөтүлгөн чечиминин кыскача таржымалы төмөнкүчө.

2009-жылдын 20-майында эл аралык аэропорт «Манас» ААКсынын Башкаруусу ушул акционердик коомдун Директорлор кеңешине кат түрүндө кайрылып, аэропорт «Манас» түзгөн ЖЧК «Аалам сервиси» (Май куюуучу комплекс) ЖАК «Манас аэрофьюэлске» сатуу маселесин карап берүүнү өтүнөт. Бул өтүнүчүн Башкаруу коалициялык аскер күчтөрдүн 2009-жылдын август айында «Манас» аэропортунан чыгарылуусу кирешенин кескин азаюусуна алып келээрин, аэропорттун чоң карыздары бардыгын жана «Ош» менен «Ысык-Көл» аэропортторун реконструкциялоо, «Манас-2» комплексин куруу себептери менен негиздеген.

«Манас» ААКсынын Директорлор кеңеши бул сунушту карап чыгып, аэропорттун башкармалыгына Май куюуучу комплексти баалоону тапшырат. Көз карандысыз баалоочу эки компания Май куюуучу комплекстин баасы 250,8 млн сомду түзөт деген чечим чыгарып берген.

Ушул баалоо чечимди Директорлор кеңеши бекитип, ЖЧК «Аалам сервисти» ЖАК «Манас аэрофьюэлске» сатууга чечим чыгарып берет.

2009-жылдын 12-июнунда ЖЧК «Аалам сервис» менен ЖАК «Манас аэрофьюэлс» Май куюуучу комплексти сатуу-сатып алуу келишими түзүлгөн. Ошол эле күнү ЖАК «Манас аэрофьюэлс» сатып алуучу катарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттин Мүлк башкаруу комитетине кат менен кайрылып, сатылып алынган Май куюуучу комплекске менчик укугун Кыргыз Республикасынын Каттоо мамагенттигинен каттоого уруксат сураган. Май куюуучу комплекс ЖЧК «Аалам сервистин» менчиги болгондуктан, анын 100% үлүшү ААК «Аэропорт «Манаска» таандык болгонуна байланыштуу, ЖАК «Манас аэрофьюэлске» Кыргыз Республикасынын Маммүлктү башкаруу комитети 2009-жылдын 12-июнунда кат жүзүндө жооп берген, көчүрмөлөрү ААК аэропорт «Манастын» Директорлор кеңешине жана Кыргыз Республиканын Каттоо мамагенттигине жиберилген. Көрсөтүлгөн жооп катта төмөндөгүдөй түшүндүрмө берилген: «Кыргыз Республикасынын «Акционердик коомдор боюнча» мыйзамына ылайык, каржы – чарбалык ишмердүүлүк боюнча чечимдерди акционердик коомдун башкаруу органдары кабыл алат. Ошондуктан, ААК «Аэропорт «Манастын» башкаруу органдары кабыл алынган тартипке Май куюуучу комплексти сатууга алардын укугу бар. Сатуу-сатып алуу келишимди мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Каттоо мамагентигинен каттоого жатат» деп жазылган.

2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Кыргыз Республикасынын Транспорттук прокуратурасы Май куюуучу комплекстин сатылуусу боюнча «Манас эл аралык аэропорту» АККсынын бир топ кызматкерлерине, ЖАК «Манас Аэрофьюэлс» башкы директору Н.А. Ташибековко каршы кылмыш иши козголот. Тергөөнүн жүрүшүндө, тергөө тобунун жетекчиси Байгатаев А.Б. тарабынан Ташибеков Н.А. жана ЖАК «Манас Аэрофьюэлстун» түзүүчүлөрү алардын аракетинде кылмыштын курамы жок деп аларга каршы кылмыш иштери кыскартылган. Ошол эле учурда С.К.Бакировдун жана Кыргыз Республикасынын Маммүлк министирлигинин кызматкерлери Муканбетов.А.М., Н. Сариевдерге күнөө коюлуп, иштери сотко жиберилген. Булардын айыбы - жооп катка кол коюп, Май куюуучу комплекстин сатылуусу боюнча түшүндүрмө бергендиги. Бишкек шаарынын Ленин районунун соту Т.К.Байсеитовтун чечими боюнча Бакиров С.К., Муканбетов А., Сариев Н. күнөөлүү деп табылып, Бакировко кайрылууда көрсөткөндөй оор жаза берилген, Мукамбетовго 5 жыл колония-поселениеде, Сариевге 3 жыл колония-поселениеде жазаларын өтөөгө кесилген. Н.Сариевдин жооп катка эч кандай тиешеси болгон эмес, болгону катта анын фамилиясы басылып калганы. Ошол эле учурда Май куюуучу комплексинин сатылышына түздөн-түз тиешеси бар Сыдыков Б.У. аракетинде кылмыштын курамы жок деп толук акталган. Директорлор кеңешинин үч мүчөсүнүн кылмыш иштери кыскартылып, жазадан бошотулган. Натыйжада, Май куюуучу комплекстин сатылынышына түздөн-түз тиешелүү адамдар кылмыш жазасынан кутулуп, бул келишимге такыр тиешеси жок Кыргыз Республиканын Маммүлк министирлигинин кызматкерлери негизсиз, мыйзамдардын талаптарын одоно түрдө бузуп, тагдырлары садага чабылып, аттары аталган тергөө тобунун жетекчиси менен соттун чечимдери менен негизги кылмышкерлерге айланган.

Биздин изилдөөлөр боюнча, алардын мындай мыйзам бузууга баргандыгына эки себеп бар. Биринчиси; Бакировду, Мукамбетовду жана Сариевди катуу кылмыш жазага тартып туруп, негизги күнөөлүүлөрдү кылмыш жазасынан алып чыгуу болду. Экинчиден: мындай мыйзамсыз чечимдерге барууга, Бакировдун 2010-жылдын башында «Кыргызтелеком», «Түндүкэлектр» жана « Чыгышэлектр» акционердик коомдорунун мамлекеттик акциялар пакетин арзан баага сатылышына каршы турган позициясы үчүн өч алуу акциясы деп түшүнөбүз. Анткени, айтылган акционердик коомдордун мамлекеттик акциялар пакетин сатуу боюнча түзүлгөн конкурстук комиссияларынын төрагасы Бакиров С.К. болгон. Ошондуктан, ошол учурдагы бийликтегилердин катуу кысымына жана ар түрдүү коркутуусуна кабылган Бакиров оорукана жатууга мажбур болгон. Ушундан пайдаланып, аны «Чыгышэлектр», «Ошэлектр», «Жалалабадэлектр» компанияларынын мамлекеттик акцияларын сатуу боюнча конкурстук комиссиянын төрагасынан четтетилген. Апрель революциясы болор замат, Бакировдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Маммүлк министирлигинин коллегиясы аталган акционерлик коомдордун мамлекеттик акциялар пакетин 2010-жылдын 8-9-апрелинде сатуу чечимдерин жокко чыгарып, акцияларды толугу менен мамлекетке кайтарган.

Ушундай мамлекетибиздин байлыгын коргоодогу олуттуу эмгегин жана элдин менчигинин текейдей арзан сатылышына мамлекетчил Бакиров Сүйөркулдун эмгегин биз бийик баалайбыз жана анын эч кандай күнөөсү жок болсо дагы, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Таалайбек Байсеитовдун мыйзамсыз, адилетсиз жана негизсиз чечимине терең нааразылык билдиребиз.

Сиздерден ушул маселе боюнча соттук адилеттүүлүк менен мыйзамдулукту жана күнөөсүз кылмыш жазасына тартылган Бакировду, Муканбетовду жана Сариевди толук актоону талап кылабыз. Эгер биздин ушул кайрылуубуздан тыянак чыкпаса, биз ар түрдүү акцияларга бара турганыбызды чечкиндүү билдиребиз.

Бардыгы болуп кайрылууга Талас облусунун 17598 тургуну кол койду.

Кол коюлган кагаздын көчүрмөлөрү бар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×