Добавить статью
8:01, 21 марта 2011 68102

Адам кантип акылынан айныды

Өлкөбүздө болуп өткөн акыркы окуяларга эл аралык массалык маалымат кызматкерлеринин, саясий серепчилердин, социологдордун, саясатчылардын, эл аралык уюмдардын кийлигишүүсүндөгү айрым пикирлердин айланасында пайда болгон жеке көз карашымды билдирүү инсандык парызым деп эсептейм. Орусиялык саясый аналитиктердин Кыргызстандагы өзгөрүшкө берген акыркы маалыматтарында мындай төңкөрүштүн себептери катары менимче туура айтылгандары:

- бийликтегилердин элдин ишенимине ээ болбой калышы;

- социалдык айырмачылыктардын («бай-кедей») кескин өсүшү;

- төмөнкү социалдык катмардагы эл массасынын - кедейликтин жылдап көбөйүүсү;

А.Акаевдин үй-бүлөсүнүн, бийликтеги саясый элитанын коррупцияга белчесинен батышы;

- эл менен болгон байланыштын үзүлүшү;

- бийликтегилердин компетенттүүлүгүнүн төмөндүгү - бийликтин боштугу;

- баштапкы популярдуу лидерлердин жана президенттин эл арасында кадыр-баркынын түшүшү жана аларга болгон эл ишеничинин кетиши.

Орусиялык саясатчылардын туура эмес ой жүгүртүүлөрүнө терикпестен аларды да болушунча анализдеп, мындан да пайда чыгарууга аракеттенүү зарыл. Жеңиш деп магдырап саясатчыларыбыз кайсыл орган көбүрөөк легитимдүү деп талашып жаткан учурда, көптөгөн саясый, экономикалык көйгөйлөр өзүнөн өзү эле чечилбесин баарыбыз билебиз. Бийликти алуу бул оңой болгон менен аны кармап калуу жана элдин ишенимин актоо жеңил иш эмес.

Акыркы жылдары республиканын булуң-бурчуна чейин, кичинеден чоңго чейин белгилүү болгон көйгөйлөрдү мамлекеттик бийлик ээлери көрсө да, көргүлөрү, билсе да билгилери келген жок десем жаңылышпайм. Буга «Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат», - дегендей республикабыздагы акыркы окуялардын болгону далил эмей эмине. «Балык башынан сасыйт» - демекчи коррупцияга башынан малынган бийликтегилер массалык маалымат каражаттары аркылуу пландалып уюштурулган «эл жыргал турмушта, кедейчилик төмөндөп бара жатат» - сценарийи менен атайын берүүлөрдү уялбай көрсөтүшүп турушту. «КТР» жана «ОШ-3000» телеберүүлөрүн шаардыктар такыр, ал эми айылдагы карапайым калк арноо концертинен башкасын карабай калганы качан. Эл арасында мамлекет структураларындагы ар бир кызмат орду канча турарын айтышып, аны кимге жана кайсы ортомчу адамдар (М: «кошелектор») аркылуу берилери да жашыруун эмес болуп калган. Ал тургай коомдук жерлерде, транспортто да «Кыргызстанда жакшы, А.Акаевдин «таша-жаша заманында, ташайли ю, яшайли», - деп калышкан биздин түштүктө. «Кыргызстан жалпы үйүбүз» - деп айтылган А.Акаевдин эл достугун бекемдөөгө арналган лозунгу да өлкөбүздүн өөрчүшүнө терс таасирин тийгизип, дүйнөнүн булуң бурчунан качкан криминалдык элементтердин, наркобарондордун, диний тескери агымдардын өкүлдөрүн топтоого чакырык катары кабыл алынып, эл арасында тамаша катары канча анекдоттор, мыскылдар айтылды. Ош шаарынын экономикасына жана шаардыктарды иш менен камсыздандырып турууда өтө маанилүү. Кыргызстандагы эң ири ишканалар: текстилкомбинаты, жибек – комбинаты, насос заводу, жашылча-мөмө консервалоочу заводу, сүт, эт комбинаттарынын иштебей токтоп калуусу шаардын тургундарынын кендирин кести. Үстүндөгү үйүн, мал мүлкүн барымтага коюп эптеп, биринчилик капитал тапкандар жер безип, Казакстан менен Орусиянын шаарларында, таппагандары «Черный рынокто» - кыздары «трассада», балдары араба түртүп базарда, же бирөөгө жалданып күнүмдүк оокатын эптеп өткөрүүдө. Дыйканчылык кылууга шарты бар райондордо эл турмушу бир аз оңолгону менен, ошол өстүргөн тамеки, пахталарын өткөрүүдө көптөгөн туура эмес жагдайларга учурап, кыйналып тапкан акчасы, жыртылган көлөчүн түзөөгө жетпей ыйлагандарын да көрдүк. Тоолуу райондордо мал ветеринардык кызматтын жоктугунан бруцеллез, шарп, яшур, сибир жарасы (сибирская язва) ж.б. кырылып, жем-чөбүнүн жетишпестигинен улам, бир кап унга алмашылган күндөр да болду. Айылдап барганда көпчүлүктүн кедей турмушу көзгө сайса да, шаарларда тирелип көбөйүп жаткан «казинолорду», кафе-ресторандарды аларга толгон адамдарды, күн санап өсүп жаткан «буржуй городоктордогу» кабат үйлөрдү көрүп турмуш оңолууда дегенге ынабай кое албайсың. Мына ушул кескин айырмачылык, кедейчиликтен чыгууга далаалаттангандарды көчөгө алып чыгып, алардын арманын, ыйын кудайга жеткиргендей. Бирок түшүнбөстүктөрдөн алар бийликти алдык, эми баарын эл шайлаш керек деп, өздөрү үчүн белгисиз, түшүнүксүз, татаал саясатка аралашып жаткандыгы албетте туура эмес, жана азыркы бийликке болгон ишенимди кетирүүчү факторлордун бири болоор. «Чымчык сойсо да, касап сойсун» - демекчи бардык жерде учурда тынымсыз «революционерлерге» алмашылып жаткан жетекчилер, иштин көзүн билген компетенттүү адистер менен алмашылуу керек. Бирок адис демекчи, «алмаштырылгыс адамдар» жок дейличи. Ошондуктан кадрлар маселесин чечкиндүү түрдө түп тамырынан өзгөртүү зарыл, антпесе азыркы лоялдуулук кээ бир маселелерди чечүүдө өкмөткө тоскоолдук кылышы ыктымал жана алдыдагы президенттик шайлоодо терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Кечээги эле президенттин айланасындагы адамдар минтип момунданып, биз жакшы адистербиз, бизден башка жок дегендей кылып сөз кыйытып жатканына эмне дейбиз. «Эл ичи, өнөр кенчи» - бул айтылган сөздүн калээти жок, министерстволордун, атайын ишканалардын ичинде, ишин өтө терең билген, популисттик рекламадан алыс, жогорку интеллектуалдуу адамдар арбын. Жаңы агымдан, жаңылуудан коркпоо керек, менимче президентке шайланууга эки мөөнөткө уруксат берилип жаткандан кийин, парламенттик шайлоого да бир адам эки мөөнөткө гана шайлануусу укуктуу деп конституцияга коштуруу зарыл. Саясый кризис-коомдогу табыгый агымдын, саясый жаңылануунун жоктугунан, туруктуу саясый элита пайда болуп, алар мансап күтүп, манчыркай баштап, коомду өзгөртпөй, бийликти бир уучта кармагысы келип, ага бүт мүмкүнчүлүгүн жумшоодон башталды. Ошондуктан эл жаңы мамлекеттик бийликтин манилүү жерлеринде жаңы ойлору, идеясы менен ишке кирише турган жаңы муундарды күтөт. Эски бийликтин өкүлдөрүн, академиктерди тиешелүү кесибине ылайык орундарына барып, жалгыз маяна менен иштеп көрсүн демекчимин, бирок булардын бардыгы 15 жыл ичи ири капитал топтоп, бийлигин пайдаланып салык да төлөбөгөндөр. Түрк элинин сатирик жазуучусу Азиз Несиндин көптөгөн тамашалуу чыгармаларынын арасында «Как человек стал сумасшедшим» деген аңгемесинде шаарга мэр шайлоосунун бир эпизоду келтирилген, мен орус тилинде котормосунан үзүндү келтиргим келет:

Шайлаган адамдары «бузулуп» акыры кимди коерун билишпей, арасынан бирөө Расим-бей дегенге токтоп, анын артыкчылыктары катары «Справедливый. Скромный. Честный. Воспитанный. Не завистлив. Всем желает добра. Знающий. Бескорыстный. Приветливый. Работяга» деген мүнөздөмөлөр айтылып, аны көндүрүү үчүн атайын аксакалдардан турган топ жиберилет. Аларды көпкө чейин тыңшап турган Расим-бей макулдугун бербейт «Так вы и меня хотите сделать безумным? Что вы имеете против меня?» - деп сурайт. Барган өкүлчүлүк элдин, мамлекеттин алдындагы карызың деп жатып, Расим-бей келгендерге төмөндөгүдөй шартын айтып макул болот.

«Условие мое такое…Я откровенно говорю это вам, чтобы вы меня потом не ругали. Подхалимов мне не нужно. Банкеты, приемы – отменить, лесть и славословие – забыть. Ну как? Можете выполнить? Я такой же простой смертный, как и все. Ради Аллаха, не делайте меня сумасшедшим. Принимаете?».

- Принимаем! – радостно закричали все.

Расим-бей көпчүлүк добуш менен мэр болуп, заматта куттуктоо телеграммалар, банкет, мактоолор, рапорттор ж.б. лозунгдар уюштурулуп, кошоматчылык уланып «Жашасын…!» Ошентип жакшы эле адамдарды бузуп алышып, кайра топтолуп, жаңы мэрге талапкер издей башташкан экен.

Мораль? Айтпаса да түшүнүктүү. Күнөөлүүнү табуу оңой, оңдоо кыйын. Азиз Несиндин чыгармаларын окуп коюңуздар, сабак боло тургандары көп.

Сөзүмдүн акырында, элиме, мамлекеттин чоң жүгүн алган премьер-министрге, өкүмөт мүчөлөрүнө, спикерге, жаңы парламент мүчөлөрүнө ден соолук, ийгиликтер каалоо менен кечээ эле жандарында «революция» жасап кошо жүргөн элдин абалын эстеринде тута жүрсө демекчимин.

P.S. «Ош жаңырыгы» гезитинин 2005-жылдын 9-апрелинде чыккан санында (№28 16149) жарыяланган. Окуп көрүп, бүгүнкү күндө да актуалдуулугу жоголбогондугунан улам, өзгөртпөстөн кайра жарыялоону чечтим.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×