Добавить статью
17:16, 1 декабря 2022 9900

Жашоо бул эмес эптеп өмүр сүрүш, жашоо бул эртеңкини көрө билиш. Токтобек Мамытов жөнүндө...

Ушул мааниси терең саптар акын, котормочу, «Кыргыз Туусунда» кыйла жыл кызмат кылган белгилүү журналист Токтобек Мамытов агайыбызга таандык. Ал 1939-жылы Чоң Кеминде төөрлгөн. Борбор шаардагы айтылуу №5 кыргыз орто мектебин аяктаган.

Мектепте 8-класста окуп жүргөндө «Айыкпай жүрөм» деген алгачкы ыры «Кыргызстан пионери» гезитине чыгып, ал ыр республикалык конкурста биринчи орунду алып, сыйлыкка татыктуу болгон.

Ал ыры мындайча жазылган:

Чедир курсак жаш кездеги убагым,

Кармаймын деп кошунамдын улагын.

Жетпей калып колго тийген таш менен,

Таамай уруп сындыргамын шыйрагын.

Андан бери көп жыл өттү арадан,

Ошол улак кайра айыкты жарадан.

Ал айыкса мен айыкпай жүрөмүн,

Сезимиме андан бүткөн жарадан.

Токтобек Мамбетов 1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, Хайдаркан мектеп-интернатында мугалим-тарбиячы болуп иштеп эмгек жолун баштаган.

Бирок: «Ыр жаздым он жашымда алгач ирет,

Кыясы акын болом десем керек» деп жазганындай, кыялы орундалып, бала кезден калыптанган дээриндеги таланты мугалимдикти эмес, калемгерлик кесипке жетелеген.

Республикалык радио уктуруу жана телекөрсөтүү комитетинин «Учкун» студиясында редактор, «Ленинчил жаш», «Советтик Кыргызстан», «Кыргыз Туусу,» гезиттеринде атайын кабарчы, бөлүм башчы болуп узак жылдар басма сөз майданында эмгектенген.

Акындын кабарчылык кесип тууралуу жазган ырын атабай кетсек болбос.

Жакшыбы же жаманбы кабарчылык,

Деген көп сурап болуп аманчылык.

Жумушум сегиз саатпы, бир суткабы,

Жубатаар жооп таба албай калам сынып.

Биринде кубандырган кабар чыгып,

Биринде күтүлбөгөн жаманчылык.

От менен суунун калган ортосунда,

Ошондой окшобойбу кабарчылык.

Бирөөнүн шат турмушу кечиримдүү,

Менин да бийлеп алып сезимимди.

Кезинде дуулдап бийлейм алар менен,

Чапкылап эки колдоп өтүгүмдү.

Байкоосуз башка түшсө жаманчылык,

Бөөдөдөн калбасын деп адам сынып.

Түн бою кирпик какпай отургузган,

Түйшүктүү иш экен го кабарчылык.

Анын көйгөйлүү маселелерди камтыган жана коомдук пикирди козгогон публицистикалык макалалары, өнөр-жай, курулуш, транспорт темасында жазган көркөм очерктери, сүрөттөмөлөрү өз окурмандарына белгилүү кылган.

Республикалык гезит-журналдарга «Дүбүрт», «Учкун» альманахтарына жарыяланган ырларынын айрымдарына белгилүү композиторлор обон чыгарышкан. Ал ырлар учурда да ырдалып жүрөт.

Улуу-кичүү урматтаган Токтобек агайдын «Жаштыктын жашыл аралы» аттуу ырлар жыйнагы жалпы окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган. Ырды ыйык, пир туткан акындын жараткан саптары кимди болбосун кайдыгер калтырган эмес. Патриоттук темада бир топ ырлары жарык көрдү.

«Чамгарагым — Мекеним» аттуу ырын окуп көрөлү:

Эл жатаарда, көктө жылдыз толгондо,

Ата-бабам камчы берип оң колго,

Аттандырды: «Алгың, - деди эркиндик,

Эсиң болсо эшик сүзүп кор болбо».

Нечен кылым эрк талаштык, чабыштык,

Кан төгүлдү, арстандай алыштык.

Бирде жеңсек, бирде катуу жеңилип,

Амал кетип, көздөн жашты агыздык.

Бирде жоого таамай тийген ок болуп,

Бирде кайра кетээр кезде жок болуп,

Жарк дей түштү жан эргиткен эркиндик,

Маңдайыма балбылдаган от болуп.

Тулпар минип шамал менен жарышты,

Ай талаада үзөңгүлөр кагышты.

Кырылса да, жыгылса да кармашта,

Кыргыз колдон чыгарган жок намысты.

Эми келди эңсеп жүргөн заманым,

Ал анткени түндүгүм бар карагын.

Өлөң төшөк, өз үйүмдө өз эрким,

Ырдайм, бийлейм тешилгенче таманым.

Ал эл эмес чамгарагы болбогон,

Ал журт эмес кепке көнгөн кордогон.

Түндүгүмдөн түтүн булап турганы,

Менин бактым ушул болчу болжогон.

Токтобек агай ырларды аз жана саз жазган. Анын кошоматчылык жөнүндө жазган ыры бүгүнкү күндө да актуалдуу:

Кошоматчы кытмырланып көп күлөт,

Пулга сатып кадыр-баркын сүйүнөт.

Кимде бийлик мейли ката болсо да,

Сөзүн сүйлөп кошо басып жүгүрөт.

Сындап койсоң бийликтеги адамын,

Кошоматчы муштумдары түйүлөт.

Кокусунан өзүң келсең бийликке,

Анда сага жата калып жүгүнөт.

Ал эми «Кыргызымдын кызыл туу» деген ырын карап көрөлүчү:

Кең Ала-Тоо аянтына жабылып,

Келет элдер туш тараптан агылып,

Керемет Туу көтөрүлө берээрде,

Кетер бекен көкүрөгүм жарылып.

Бапылдата барабандар кагылып,

Шатырата алакандар чабылып.

Жергебизде бүгүн майрам, бүгүн той,

Шаңдуу күүлөр улам күчөйт жаңырып.

Кыргыз бүгүн колго Тууну кармады,

Колдой көргүң Манас ата арбагы,

Тынчтык болуп, бакыт конуп элиме,

Кызыл-тазыл гүлгө оронсун чарбагы.

Бүгүн ачык күндөгүдөн асман да,

Кубанткан сөз угам кары-жаштан да,

Төбөм көккө тие түшөт көрүнөт,

Кызыл Тууну колго кармап басканда.

Кыргыз болсоң сыймыктангың, кубангың,

Кыргыз болсоң келди кезек сыналгың.

Кыйындыкты жеңе турган жөнүң бар,

Кылым бою эңсеп жүргөн Туу алдың.

Туу сайылды желге турду желбиреп,

Туйлап сокту эт-жүрөгүм элжиреп,

Бытырабай Туу алдында биригип,

Бүткүл кыргыз бууса болду белди бек.

Касиеттүү Ала-Тоого илебиз,

Кыргыз Тууну жандан артык сүйөбүз.

Туура сөзүм калганынча кашык кан,

Тууну сактап, Тууну коргоп жүрөбүз.

Тагдыр Тууну көтөртпөсүн майданда,

Андан көрө жалаң тойло, сайранда.

Сени кармап сыймыктанып жүрөлү,

Бейкут күндө, салтанатта, майрамда.

«Жубайы куп жарашат, жакшыга жакшы жанашат» демекчи, Токтобек Мамытов агайдын жубайы Мырсабүбү Курманалиева апабыз Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер. Экөө жашоонун ачуу-таттуусун бирге татып, бактылуу үй-бүлөлөрдөн болушту. Беш баланы татыктуу тарбиялап өстүрүштү. Уул-кыздарынын баары очор-бачар.

Ооба, Токтобек Мамытов мыкты жана үлгүлүү ата болгон. Өзгөчө уулдарына чыныгы мырзага таандык тарбия берип өстүргөнүн анын үй-бүлөсүн жакшы билгендер айтышат.

«Адам эмгеги менен даңктуу» демекчи, таланттуу акын, таасын журналист, котормочу Токтобек агай өмүрүнүн көп жылында Кыргызстандын басма сөз кызматынын башчысы жана котормочусу болуп эмгектенди. Эмгеги бааланып, бир нече ардак грамота жана төш белгилер менен сыйланды.

Аттиң... 2020-жылы дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемия убагында 81 жашында жарык дүйнө менен кош айтышып, келбес сапарга аттанды. Агайдын элге кылган эмгеги, жазган ырлары түбөлүк эсибизде кала берет.

токтобек мамытов
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×