Добавить статью
11:45, 29 марта 2011 55657

Ош тургундарынын ден соолугу коркунучта

Ош шаарында ушул тапта мыйзамсыздык, жагдайга туура келгиз иш болуп жатат. Шаардагы суу сактагыч зонасында жалгыз турак-үй салынууда. Анын курулушу жарандар ичүүчү сууну сордуруучу шаардык суу канал станциясынын так түбүндө жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамы боюнча суу байлыгы мамлекеттин гана менчиги болуп эсептелет. Ал эми сууну соруп чыгаруучу станциянын жерин элге таза сууну жеткирүү үчүн, ар кандай жугуштуу нерселерди өткөрбөө үчүн атайын көзөмөлгө алынып, сакталышы керек.

Ош шаарынын мэринин, шаардык архитектуранын, суу каналдын жана шаардык прокуратуранын ага көзөмөлдүк кылбай, көз жаздымда калтырып жатканы мени таң калтырат.

Мындай жоосунсуз факты чоң коркунуч алып келээри аларды тынчсыздандырбаса керек. Ичүүчү сууга жугуштуу ар кандай кокустуктар таасирин тийгизүүчү учурлар болуп кетиши мүмкүн да. Азыр жүз миңдеген элдин ден соолугу коркунучта турат. Ушул жүз миңдеген элдин кызыкчылыгы үчүн мындай жоосунсуз ишке бөгөт коюуну суранам.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×