Добавить статью
9:51, 31 марта 2011 11994

Каржы полициясы Ленин райондук паспорт столун текшерип, жетекчиси кызматтан убактылуу четтетилди

КР президенти Р.Отунбаевага

КР өкмөтүнүн башчысы А.Атамбаевге

Мамкаттоо агенттигин төрагасы Ж.Бакчиевге

Кайрылуу

Өткөн жылдагы элдик революциядан бери кадр саясатындагы көйгөйлөр ушул күнгө чейин уланууда. Буга бир эле мисал катары Бишкек шаарынын Ленин районунун паспорт столунун жетекчиси Батырканов Темирбек Исанкуловичти көрсөтсөм болчудай. Батырканов 17.05.2010-жылдан баштап бул кызматты аркалап келет. Ал буга чейин участкалык милиция жана башкармалыктын коомдук байланыш тармагында инспектор болуп иштеп, революциядан кийин бул кызматка А.Бекназаров жана Шамкановдун колдоосу менен келип калат. Бул кызматта иштегенине 1 жыл болуп калса да, Батырканов ушул күнгө чейин паспорт стол жетекчилигине татыктуу экендигин көрсөтө алган жок.

Жоопкерчилигин жана кызматтык этиканы билбеген Батырканов, паспорт алганы кайрылган элди кагып силкип, орой мамиле жасап иш бөлмөсүнөн айдап чыкканына күбө болдум. Ошондой эле, ал өзүнүн кол астындагы паспорт столдун кызматкерлерине трайбалисттик мамиле кылууда. Өткөн аптада каржы полициясы Ленин райондук паспорт столун текшерип, Батыркановдун былыктарын таап, аны убактылуу кызматтан четтеткендиги жана кылмыш иши козголгондугу маалым болду. Буга карабай, Батырканов мырза тергөө ишин пара берип болсо да жаап, кызматына кайра келүү үчүн чуркап жүргөндүгү айтылууда. Жогорку бийлик жетекчилери жана сот органдары, Батырканов боюнча так жана айкын териштирүүлөрдү өткөрүп, тийиштүү жазасын берет деген үмүттөмүн.

Алмаз Жакып, жазылган окуянын күбөсү

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×