Добавить статью
6:50, 4 апреля 2011 20290

Өкмөт терең реформалар жана элдин турмушун оңдоонун ордуна саясат жана бизнестеги өзүнүн жеке кызыкчылыктарын чечүүдө

Жогорку Кеңештин жыйынында Кубатбек Байболовдун элге жарыялаган иликтөөлөрүнүн кээ бир жыйынтыктары ички саясий кризиске олуттуу мамиле кылуу керек деген чечимге алып келди.

Жогорку бийликтеги чиновниктердин мыйзам бузуулары жөнүндө экс-башкы прокурордун эл алдында ачык жарыялоосу Кыргызстандын жалпы коомчулугуна белгилүү болуп, мындай фактылар элге нааразычылык таасир калтырууда.

Ондогон патриоттор өлкөдө мындан кийин акыйкатсыздык, социалдык теңсиздик, бийликтин өзүм билемдиги, Конституцияны жана мыйзамдуулукту одоно тепсегени, саясий каршылаштарга күч колдонуу жана кысым көрсөтүшү, каршы ойлогондорду куугунтуктоо болбосун деп өз өмүрлөрүн беришкен. Тарыхтын кайгылуу сабактары өткөн-кеткендин кайталанышына алып келбеши керек эле.

Тилекке каршы, жаңы өкмөттүн жетекчилиги терең реформалар жана элдин турмушун оңдоонун ордуна саясат жана бизнестеги өзүнүн жеке кызыкчылыктарын чечүү менен алек боло башташты. Чыр-чатакка мамлекеттин биринчи адамдары кийлигишкен болгондуктан, биз алардын мыйзам бузган ар бир фактыларынын толук иликтенип чыгуусун талап кылабыз. Эгерде бул боюнча документалдуу тастыкталган фактылар болсо, токтоосуз укук коргоо органдарына жөнөтүлүүсү керек. Ошондой эле, мындай процесстерге бийлик түзүмдөрүнүн кийлигишпөөсүн жана парламенттик иликтөө өз ишин баштоосун талап кылабыз.

Ал эми иликтөө ишинин ачыктыгын, көз карандысыздыгын саясий партиялардын өкүлдөрү, жарандык коом, көз карандысыз эксперттер, юристтер, укук коргоочулар жана ММКлар камсыз кылуусун талап кылабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×