Добавить статью
6:29, 7 апреля 2011 43925

Экс-башкы прокурор К.Байболовдун парламентте сүйлөгөн сөзүнө билдирүү

Москва районундагы Беловодское айылынын «Фермер» дыйкан чарбасынын башчысы Сергей Ким экс-башкы прокурор К.Байболовдун 2011-жылдын 1-апрелинде Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүнө билдирүү таратты.

Билдирүүнүн тексти:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 2011-жылдын 1-апрелдеги отурумунда мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболовдун сүйлөгөн сөзүнөн кийин коомчулукка төмөнкүлөрдү билдирип коюуну өзүбүздүн парзыбыз деп эсептейбиз. Анын сөзүндө фактылар бурмаланып, тактап айтканда, КР президенти Р. Отунбаеванын эжесинин соттун териштирүү ишине тиешеси бар деп жана президенттин бул ишке таасири тийип жатат деген каралоо болду. Кеп «Фермер» жана «Эмгек» дыйкан чарбалары менен Кыргыз-Түрк Манас университетинин ортосундагы Бишкек шаарындагы Тынчтык көчөсү 56 менен Айни көчөсүнүн бурчундагы 1993-жылы «Кыргыздортранспроекттен» урай турган ахвалда сатып алынган кошумча курулушка болгон менчик ээсинин укугун коргоо боюнча соттук териштирүү жөнүндө болуп жатат.

Толук жабдылып, капиталдык ремонттон өткөндөн кийин жогоруда аталган кошумча курулуш 1995-жылы «Фермер» жана «Эмгек» дыйкан чарбаларынан КТУ « Манас» университетинин пайдасына мыйзамсыз тартылып алынган. Так ушул сот ишиндеги фактыны Кубатбек Байболов бурмалап, жарандык ишке саясий боёк сүрттү.

Мен бул арызды жазуу менен өзүмдүн жана чарбамдын баркын коргоо эле эмес, бул дүйнөдөн өтүп кеткен коллегам, досум М.Жээнбаевдин атына шек келтиргим келбегендиктен, коомчулукка кайрылууну чечтим.

Биринчиден, К.Байболов жогоруда аталган имарат тууралуу соттук ишке президент Р.Отунбаеванын тиешеси бар деп чыкты. А чынында, президенттин эжеси Жээнбаева Райхан ошол кошумча курулуштун ( дареги: Бишкек, Тынчтык көчөсү 56 менен Айни көчөсүнүн бурчу ) подвалдагы бөлүгүнүн ээси, тактап айтканда, 247 чарчы метр. Киши жашабаган бул жай Жээнбаева Райхандын жубайы каза болгондон кийин ага мурас катары өткөн, Жээнбаев Иманбек «Фермер» дыйкан чарбасынын мүчөсү 2007-жылы каза болгон. «Фермер» жана «Эмгек» дыйкан чарбалары жогоруда аталган үч кабаттуу имараттын 1-2-3-кабаттарынын мыйзамдуу ээси. Ошондуктан Жээнбаева Р. Бул үч кабат имараттын толук ээси эмес, «Фермер» дыйкан чарбасынын мүчөсү И.Жээнбаевдин мыйзамдуу мураскери болуп эсептелет да, ошол подвалдын бир бөлүгүн гана менчиктейт, анткени анын күйөөсү Жээнбаев Иманбек акысын төлөгөн. Райхан Жээнбаева соттук териштирүүлөргө жоопкер эмес, анткени ал бул иш боюнча сотко доо арыз жазган эмес. Ошого карабай КТУ «Манас» 15 жылдан бери эч кандай компенсациясыз анын менчигин да, биздикин да бекер пайдаланып келүүдө. Р. Жээнбаеванын үй-бүлөсү материалдык жактан гана эмес, моралдык да запкы көрдү. Ушул чатак күйөөсүнүн ден соолугун алып, мезгилсиз кайтыш болду. «Эмгек» дыйкан чарбасынын башчысы Алымбаев Эмиль азыркы учурда катуу оорулуу, анын себеби да жогоркуларга байланыштуу.

Экинчиден, К. Байболов соттук доо арыз 1993-жылдан бери чечилбей келе жатып, эми азыркы президент Р. Отунбаеванын бийликке келиши менен жабырлануучулардын ( «Фермер», «Эмгек» дыйкан чарбалары ) пайдасына чечиле баштады деп айтты.

Бул деген 16 жыл мурунку фактыны орой бурмалагандык болуп эсептелет. Жеке менчик ээсинин укугун кайтаруу үчүн такай күрөш жүрүп келет ( ээлик кылуу, пайдалануу, менчигине кожоюндук кылуу ) «Фермер» жана «Эмгек» дыйкан чарбаларыныкы.

Бирок бардык сот иштеринде ушул жылдар ичинде биз утуп келе жатабыз, биз аткаруу кагазын алып, соттун чечиминин аткарылышын күтүп жатканбыз ( анын ичинде Бишкек шаарынын район аралык сотунун 2006-жылы ноябрдагы башка бирөөнүн колунда мыйзамсыз турган мүлктү кайтарып алуу доо арызыбыз канааттандырылсын деген чечиминин аткарылышын күткөнбүз). Бирок КТУ «Манас» «жаңы ачылган жагдайларга» байланыштуу деп соттун чечим чыгарышына тоскоолдук кылып, кайра жаңы соттук териштирүүнү баштады.

К. Байболов өз сөзүндө КРнын баш прокуратура кызматкерлери далай жолу таанышып, изилдеген иштен маалыматы жок экенин көрсөттү. Ошондуктан мени түшүнүк берүү үчүн КТУнун ректору С.Кайыповдун арызы боюнча акыркы эки айда бир нече жолу Башкы прокуратурага чакыртышып, мен бардык материалдарды аларга көрсөттүм. Президенттин эжесинин кызыкчылыгына да тиэрин билип, экс-башкы прокурор далилденген фактылар менен эмес, ушул жарандык ишке президенттин кызыкчылыгы да бардай маанай менен маалыматты байланыштырууга аракет жасаган. Ошентсе да акыркы чекит коюла элек. КТУ «Манас» дагы талашыш үчүн мурунку бардык соттук чечимдерди алып КР Жогорку Сотуна доо арыз берди. Биз кайра башынан түшүп мурдагы айлампада айланабыз. Биз буга деле кайылбыз, иши кылып, ишти акыйкаттуу карап, туура чечим чыкса деп ишенип күтөбүз. Катардагы жарандардын, жөнөкөй адамдардын, айыл чарбада иштеген эмгекчилердин кызыкчылыгы тепселбей, рейдердик жол менен тартылып алынган мүлкүбүз өзүбүзгө кайтарылса экен деген гана тилек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×