Добавить статью
6:02, 7 апреля 2011 20792

Нарын ОИИБнин жетекчилиги «Эл баатырларына» эстелик тургузуу үчүн акча каражат топтоону суранууда

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматынын ага инспектору М.Султаналиева билдиргендей, Нарын шаарындагы облустук, шаардык мекеме-уюмдардын, ишканалардын жетекчилерине «Эл баатырларына» эстелик тургузуу үчүн акча каражаттарын чогултуу жөнүндө демилге көтөрүп, кайрылуу жасайт.

Кайрылуунун тексти:

Үй-бүлөлүк башкарууга, элибиздин байлыгын талап-тоноодон коргоп, карапайым кыргыз элинин жашоо тиричилигин жакшыртууну максат кылып 2010-жылдын 7-апрелинде күрөшкө чыккан эр азаматтардын сексен жетиси «Кыргызстанды канга бөлөймүн» деген канкор мурунку президенттин желдеттеринин колунан каза тапкандыгы, алардын арасында касиеттүү Тенир Тоонун 25 азаматы болгондугу жүрөгүбүздү эзип, канырыгыбызды түтөтөт.

«Эл үчүн» деп курман болгон жердештерибиздин жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында облусубуздун борбор шаарынын борбордук аянтында «Эл баатырларына» эстелик тургузуу үчүн даярдык көрүлүүдө, бирок акча каражаттарынын тартыштыгынан эстеликтин тургузулушу создуктурулуп келүүдө.

Буга байланыштуу Нарын ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги Нуралиев Таалайбек Молдалиевичтин баатырларга эстелик тургузуу жөнүндөгү демилгесин Нарын ОИИБнын өздүк курамы колдоп, кызматкерлер 1 күндүк айлык акыларынан 50 000 сом чогултуп, Нарын шаарынын мэриясына берилди. Ушунун негизинде Нарын ОИИБнын жетекчилиги жана өздук курамы Нарын шаарындагы облустук, шаардык мекеме-уюмдардын, ишканалардын жетекчилерине «Эл баатырларына» эстелик тургузуу үчүн акча каражаттарын чогултуу жөнүндө демилге көтөрүп, кайрылуу жасайт.

«Көп түкүрсө, көл болот» дегендей бул демилгеге кошулуп бийик тоолуу жергебиздин тургундары бул максат үчүн акча каражаттарын топтоп бере тургандыгында шек жок.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×