Добавить статью
11:40, 11 апреля 2011 26158

«Ата Мекен», «Ар-Намыс», «Акшумкар», «Акыйкат», «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш», «7-апрель жаштар кыймылы» саясий партиялары билдирүү таратты.

Билдирүүнүн тексти:

Азыркы учурда коомчулукта саясий күчтөрдүн кеңири коалициясын түзүү жана «Улуттук биримдик өкмөтүн» куруу аркылуу консенсуска жана стабилдүүлүккө жетишүү тууралуу суроолор кызуу талкууланууда.

«Ата Мекен», «Ар-Намыс», «Акшумкар», «Акыйкат», «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш», «7-апрель жаштар кыймылы» саясий партиялары мындай сунуштарды колдойт жана алар коомдогу көпчүлүк калктын көз карашын чагылдырат деп эсептейт.

Жогорку Кеңешке кирбей калган саясий партияларды тартуу аркылуу кеңири коалиция түзүү үчүн биз «Улуттук биримдик өкмөтүн» курууга өбөлгө болчу төмөндөгү шарттарды эске алуу зарыл деп эсептейбиз:

1.Министрликтердин санын 20дан 15ке кыскартуу (салыштыруу үчүн: Убактылуу өкмөттүн курамында 18, К.Бакиевдин өкмөтүндө 16 министрлик бар эле);

2.Кадр дайындоодо туугандык, жердештик жана башка терс принциптерди жоюу үчүн «Электрондук эмгек биржа» программасын ишке киргизүү (долбоор тиркелет);

3.Премьер-министрдин жана өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерлиги жаңы башкаруучу коалицияга кирген саясий партиялардын ачык шайлоосунан өтүшү зарыл;

4.Үч саясий партиядан куралган азыркы өкмөт ушул кезге чейин элге өзүнүн экономикалык программасын алып чыкпаганын эске алып, «Улуттук биримдик өкмөтүнүн» атынан ал куралган соң биргелешкен программаны эки жума аралыгында иштеп чыгуу сунушталат;

5.Премьер-министрликке талапкер президенттик шайлоого катышпайм деп расмий жарыялашы зарыл. Премьер-министрдин өткөөл мезгилдеги башкы максаты болуп стабилдүүлүктү сактоо, өлкөнү экономикалык жана саясий кризистен алып чыгуу, алдыдагы президенттик шайлоону ачык, айкын жана демократиялык негизде өткөзүү, ошондой эле эч кимге колдоо көрсөтпөй, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүү;

6.Жаңыдан түзүлгөн кеңири коалициянын алкагында кабыл алынган макулдашуулар жана келишимдер элге ачык айтылып, көмүскөдө жашырылбашы керек;

7.7-апрель тарыхый окуянын бир жылдыгы алдында биз коомчулуктун Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн жана азыркы өкмөттүн, анын ичинде Убактылуу өкмөттүн мурдагы жетекчиси - учурдагы Президент Р.Отунбаеванын өз ишмердүүлүктөрү тууралуу кеңири отчет беришин толук колдойбуз.

Бул сунуштардын ишке ашышы башкаруучу кеңири коалиция куруудагы тоскоолдуктарды жоюп, жаңы өкмөттүн эл үчүн таза жана жемиштүү иштеши үчүн шарт түзөт.

Эскертүү:

Коалиция ичиндеги туруктуулукту камсыздоо үчүн ал кеминде төрт парламенттик фракциядан куралып, укуктук жактан конституциялык статуска ээ болушу зарыл.

«Улуттук биримдик өкмөттү» түзүү жана кеңири коалицияны куруу үчүн башка партияларды ишке тартуу саясий келишим аркалуу бекемделиши керек.

Кол койгондор:

Ө. Текебаев «Ата-Мекен»

Ф. Кулов «Ар-Намыс»

Т. Сариев «Акшумкар»

А. Джекшенкулов «Акыйкат»

А. Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан»

М. Өмүракунов «Замандаш»

Ч. Суеркулов «7-апрель жаштар кыймылы»

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×