Добавить статью
5:19, 19 апреля 2011 40646

Эмне үчүн ЖК басма сөз жетекчилигине Ш.Маматокторов дайындалды?

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

А. Келдибековго

Жогорку Кеңештин фракция лидерлери

К. Исаевге

Ф. Куловго

К. Ташиевге

Ө. Текебаевге

Ч. Турсунбековго

Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик кадр кызматынын директору

Ч. Арабаевге

Жогорку Кеңештин кадр саясаты тууралуу

Учурда Жогорку Кеңеш тарабынан жасалып жаткан кадр саясаты Кыргызстандагы жарандык коомчулуктун терең тынчсыздануусун жаратууда жана биздин кайрылуубуздун негизги темасы болуп эсептелет.

Биз Жогорку Кеңештеги мамлекеттик кызмат орундарга дайындоолор КР «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамды бузуу менен жүргүзүлүп, башка мамлекеттик аткаминерлер үчүн жалпы кабыл алынуучу норма жана үлгү катары кабылдануусуна алып келүүсүнө күбө болуудабыз.

Өз кезегинде Мамлекеттик кадр кызматы (МКК) өзүнүн милдети болгон мамлекеттик мекемелерде «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын камсыз кылып, көзөмөлдөөдөн четтеп кетти. МККнын «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамды бузган бийлик өкүлдөрүн жоопкерчиликке тартуу жаатында жасаган иштери коомчулукка белгисиз бойдон калууда. МККнын унчукпас макулдугунун натыйжасында мыйзамсыз жумуштан четтетилген мамлекеттик кызматкерлердин укугу бузулууда.

КР МККсынын ишмердүүлүгү бир нече принциптерге, анын ичинде: кесипкөйлүк принциби; компетенттүүлүк; демилгечилик; чынчылдык; КР атуулдарынын мамлекеттик кызматка келүүсүнө болгон тең укуктуулук; мамлекеттик кызматкерлердин укуктук, экономикалык жана социалдык коргоого алынуусу; ачык жана айкын тандоо; кадрлардын эмгегин баалоо жана конкурстук негизде алдыга жылдыруу; мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз иштерине аралашуусуна негизделген. Бул принциптерди сактоо стабилдүүлүккө, кесипкөй мамлекеттик кызматкердин эркиндигине, мамлекеттик кызматка кесипкөй адистердин тартылышына, мамлекеттик кызмат аркылуу эффективдүү башкарууга алып келет.

Тилекке каршы мамлекеттик органдарда, анын ичинде төрага Ахматбек Келдибеков тарабынан Жогорку Кеңеште жүргүзүлүп жаткан кадр саясаты парламент ичинде гана эмес, жалпы эле коомчулукта жана өз партиялаштарынын да ишембөөчүлүгүн жаратууда. Жогорку Кеңештеги акыркы дайындоолордун бири жарандык коомдун кыжырдануусун жаратты.

2011-жылдын 11-апрелинде Маматокторов Шайырбек КР Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматынын башчылыгына дайындалды. Буга чейин бул кызматты профессионалдуу билими жана тажрыйбасы бар Толгонай Стамалиева аркалап келген. Жаңы дайындалган жетекчи тандоонун бардык этаптарын басып өткөндө, өзүнө чейинки жетекчиге караганда кесипкөйлүгү, ишке жарамдуулугу боюнча артыкчылыкка ээ экен деп баамдоо логикага сыярлык десек болмок. Ошон үчүн биз коомчулукка төмөндө саналган суроолор боюнча маалыматты ачыктооңуздарды суранабыз:

1. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын башчылыгына жарыяланган конкурстун күнү, убактысы жөнүндө билдирүү.

2. Кайсы гезитте же кайсы сайта конкурс тууралуу маалымат жарыяланган жана конкурска катышууга кимдерге уруксат берилген?

3. Кимдер катышты?

4. Конкурс кайсы критерийлер аркылуу өткөрүлгөн?

5. Эмне үчүн Ш.Маматокторов дайындалды?

Бүгүнкү күндө КРнын V чакырылыштагы Жогорку Кеңеши Кыргызстандын бардык жарандарынын кызыкчылыгын коргойт жана өз ишмердүүлүгүн Мыйзамдын гана негизинде жүргүзүүчү орган болуп эсептелет. Биз депутаттарды МКК өкүлдөрүнүн катышуусунда көз карандысыз комиссия түзүүнү демилгелеп, «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын жана КР Жогорку Кеңешиндеги кадр саясатынын ачыктыгын камсыз кылууга, кайрылууда козголуп жаткан маселелер боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырабыз.

Биз, «Тилектештик-Солидарность» Атуулдук кыймылынын катышуучулары, Президенттин, Премьер-министрдин, баардык мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын коңүлүн «Мамлекеттик кызмат тууралуу» КР мыйзамын кынтыксыз сактоонун зарылдыгына буруу менен:

1. КР «Мамлекеттик кызмат тууралуу» мыйзамын жана ушуга байланыштуу башка мыйзам актыларына негизделген мамлекеттик дайындоолорду ачык жана айкын жүргүзүүнү;

2. Конкурстук тандоолор процедурасынын кынтыксыз аткарылышын;

3. Мамлекеттик органдардагы бардык кадрдык дайындоолордун ачык түшүндүрүлүшүн талап кылабыз.

Өз жарандары менен ушундай ачык жана чынчыл диалог курууда гана Жогорку Кеңеш жана аткаруу бийлиги жалпы элдин ишенимине татый алат.

«Тилектештик – Солидарность» Жарандык кыймылы

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×