Добавить статью
4:41, 20 апреля 2011 9219

Өлүм алып келе турган биолабораторияга «жок» дейбиз!

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!

Канадалыктар коркунучтуу вирустарды изилдөө боюнча биолаборатория куруу ниетинде турушат. Түркиялык «Тимтек» курулуш компаниясы тендердин утуучусу болуп табылып, Бишкектеги ботаникалык бакчага курулуш ишин баштоодо.

Канада өкмөтү менен кыргыз өкмөтү бул боюнча макулдашууну Бакиев учурунда эле бекиткен, ага ылайык, бүт канадалыктар жана алар жумушка алган адамдар Канада консулдугунун кызматкерлерине теңелип, дипломатиялык иммунитетке ээ болушат жана КР мамкызматтары аларды тинтип, текшерүүгө укуксуз болуп калышат. Алар эч тоскоолдуксуз штаммдарды жана башка коркунучтуу вирустарды ташып келүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Кыргызстан бул лабораторияны текшерүүгө ала албайт.

Бул лаборатория эл аралык классификация боюнча BSL-3 лаборатория объектисине барабар, ошондуктан биологиялык жана бактериялык куралды чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле капыстан вирустар, патогендердин чыгып кетүүсү жана террористтик акттардын коркунучу болушу мүмкүн. КР жаштар уюмдары жана Жал кичи районунун тургундары бүгүн, 20-апрелде каршылык акциясы менен аянтка чыгууну пландаштырууда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×