Добавить статью
6:59, 21 апреля 2011 21507

Конституциялык коллизия же коалициялык казус

Кыр аша албай турган Кыргызстан

«Арнамысчылардын» 10 депутаты коалицияга кошулуп, Атамбаевдин өкмөтүнө өтөбүз деп чыкканы Кыргызстандын катардагы карапайым жарандарынын башын айлантып, мен деген юристтерин талаштырып койду. Парламенттин курамы эң эле ыңгайсыз, ит жыгылыш абалда куралып калышы – жашоо деңгээли жакшырса экен деген жакыр жарандардын эле эмес, интригалардын устасы болгон саясатчылардын да эсин оодарып келатат. Парламентте пропозиция-оппозиция болуп талашып-тартышып келаткан саясый күчтөр үчүн «Арнамыстын» 10 депутатынын бул аракети какаганга муштагандай эле болду. Эси эки болуп, ээрден шыпырылып бараткан өкмөт үчүн 10 депутаттын бул кадамы, алсырап, атаандашына алдырып бараткан армия үчүн тылдан келген кошумча күчтөй эле дем берип койду.

Маселен, Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Данияр Нарымбаев «Арнамысчылардын» бул кадамын эл үчүн жасаган эрдик катары баалап, «Бул болуп көрбөгөн прецедент, муну менен жаңы салтка, демек, жаңы мыйзамдык нормага жол ачылды» деп ашыра мактап, Конституциянын нормаларына түшүндүрмө берүүдө мыйзамдуулук принцибинен да, өз Өкмөтүнүн конъюнктуралык кызыкчылыктарын жогору койгондугун көрсөтүп койду.

Ал эми азыркы Конституциянын негизги автору, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев конституциялык нормаларга «Даниярчасынан» түшүндүрмө берүүгө караманча каршы туруп, коалиция партиялык принцип менен түзүлгөн фракциялар тарабынан гана түзүлүшү керек деп турат. Адистер айткандай Украинанын парламентин мисалга тартсак болот. Эгер коалиция фракциялык принцип менен эмес, көңүлү келген депутаттар тарабынан эле түзүлө бере турган болсо, анда депутаттар топ-тобу менен бир тараптан экинчи бир тарапка өтө кача берүүнө жол ачылат. Эгер депутаттардын меркантилдик кызыкчылыктарын жана адамдык алсыздыктарын эсепке ала турган болсок, анда өкмөт эки күндүн биринде эле алмаша берет. Өз кезегинде мындай оюндар системалык саясый туруксуздукка, укуктук кризиске алып келет. Мындай саясаттан тажаган калк камчысы катуу бийликтин кайра кайтып келишин мыйзам ченемдүү түрдө каалап калат. Эске сала кетчү жагдай, Украинада так ушундай көрүнүш орун алган. Ал эми Кыргызстандын шартында бул жол өтө эле опурталдуу экендигин тарых бир эмес эки жолу тастыктады. Эгер буга чейин калк негизинен үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы чыгып келген болсо, бул ирет идеялык негизде эки жээкке бөлүнүп калышы мүмкүн.

Айтмакчы, Конституцияда чындап эле депутат императивдик мандат менен фракцияга баш-оту менен байланып калган эмес. Бул биринчи кезекте кырчылдашкан кыйын кезекте депутат фракция лидерине кылчактабай эл үчүн деп эркин добуш берүүсү үчүн жасалган иш. Бирок, орустар айтмакчы «все, что не запрещено законом, то разрешено» деп Конституция атайын тыюу салган эмес, демек ойной берсек болот экен деп бир жээктен экинчи жээкке эрежесиз эле өтө кача беришсе иш илгерилебейт. Бул парламенттин коммерциялык кызыкчылыктарды туу тутунган кландардын уюткусуна айланып калуусуна оңой жол ачат. Анткени минтип партиялык принциптен баш тартып, каалагандай коалиция түзүп алабыз дегендин өзү элементардык логикага туура келбейт. Бул парламенттик системанын касиетин качырып, мани-маңызын жокко чыгаруу деген сөз. Эгер саясат классикалык партиялык система менен иштеп, өкмөт фракциялык принцип менен куралбаса, анда карапайым калк саясатчыларды кантип көзөмөлдөйт? Маселенин тузу ушунда болуп турат. Андыктан арканды алыс ыргыта билем, анча-мынча акылым бар дегендер Конституцияда императивдик мандат алынып, депутаттар өз фракциясына да каршы добуш бере алат деген нормадан сырткары, өкмөт (коалиция) партиялык тизме менен келген фракциялар тарабынан куралат деп бакыйып жазылып турганын да эстен чыгарбашы керек.

2010-жылдын апрелине чейин шилекей алышкан достордой түр көрсөтүп келген ал кездин оппозициясы 8-апрелге караган түндөн тартып эле ыркы кетип, өлө элек аюунун терисин талаша башташкан. Муну өкмөт башчы Алмаз Атамбаев да «8-апрель түнү 1993-жылдын Конституциясы менен кетели десем, Убактылуу өкмөт Ө.Текебаевди колдоп койгон, мына анын азабын азыр тартып атабыз» деп мойнуна алды. Бул өз учурунда кан менен жетишкен революциянын жемишин тарттырып жиберүүгө жол ачып койгон. Анткен менен реваншисттик деп эсептелген «Ата-Журттун» лидери Камчы Ташиев бүгүн өзү баш болуп парламенттик система жакшы турбайбы деп отурат.

Ал эми коомчулукту коалициялык казуска тушуктуруп койгон 10 «Арнамысчы» депутаттын айтылып жаткан аракети эң ириде биздин партиялар идеологиялык баалулуктардын негизинде эмес, конъюнктуралык кызыкчылыктардын арты менен түзүлгөндүгүн жана Кыргызстанды алдыда дагы классикалык партиялык курулуштун күндөрү күтүп тургандыгын оркойтуп көрсөтүп койду. Муну айрым «Ата-Журтчулардын» бетине суу бүркүп, Атамбаевчилер менен биригип арттан канжар уруп жаткандыгына карабай 10 «Арнамысчыны» спикер Акматбек Келдибековдун кубаттап чыгышы кошумча катары далилдеп турат. Анткен менен, кырдаал кылдын учунда, Кыргызстан кылычтын мизинде турганда 10 депутаттын сепараттык мүнөздө Өкмөткө колдоо көрсөтүүсү бир эсептен жөндүү. Бул жерде маселенин маңызы эмес, формасы талаш жаратып жатат. Эгер эртең «Арнамыс» толугу менен коалицияга өтүп кетсе, андале конституциялык коллизияга чекит коюлганы ошол. «Арнамысчы» Анвар Артыковдун айтымына караганда беркилери деле коалицияга кирели дегенде эки көзү төрт, болгону айрым бир шарттары менен кирсек деген ойлору бар. Бул эми «Арнамыстын» Атамбаев менен макулдашкан атайын сценарийиби же чындап эле эле генерал өз армиясына алы келбей калдыбы жакын арада күбө болобуз. Эгер каалаган талабын аткартып, акырын коалицияга кирип кете турган болсо, анда Феликс Куловдун утканы. Эгер маселе ырбап, фракция өз лидерин алмаштыра турган болсо же Ташиев менен Исаевачасынан лидеринин кетирем деген сөзү суу кечпей калса, анда берки 10 «баатырдын» утканы ошол. «Саясый өлүк» деп айтыла калып жүргөнүнө карабай, парламенттик шайлоодогу көрсөткүчү менен бир топторду таң калтырган Феликс Шаршенбаевичтин «бөрү картайгандагы бир тайлык күчүн» жакында көрөбүз.

Парламентаризмдин пайдасын эл жон териси менен азырынча сезе элек, көрө элек. Курсагы ачкан эл конституциялык идеалдарга башын оорутуп отурбайт. Мындан улам «Ата Мекенчи» Ө.Текебаевдин маңдайына түбөлүк оппозиция болуу жазылган деген сөздөрдүн чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок так ошол конституциялык механизм акыр аягы ачканы тоюнтуп, жардыны байытаарын азыркы саатта салыштырмалуу аз сандагы адам түшүнүп турат. Кыргызстандын кыр ашып кетүүсү кайсы бир деңгээлде ошол адамдардын санынан да көз каранды.

Ал эми айтылып жаткан «Арнамысчылардын» маселеси бул – мыйзам менен моралдын маселеси. Адатте канга сиңген каада-салт акыры жүрүп принципиалдуу мыйзамга айланат. А бизде болсо адегенде мыйзамды жазып алып, андан соң гана ага жараша каада-салттарды калыптандыруу процесси жүрүп жатат. Андыктан «Арнамыс» коалицияга фракциясы менен толук кандуу кириши керек же 10 депутат бакма баладай болуп, башкалардын короосунда жүргөнү менен беркилерге жан тартып, добушун берип жүрө берет. Бул толук кандуу юридикалык эмес, моралдык гана колдоо көрсөтө алат деген сөз. Ал эми мындай казустар Кыргызстан кыр ашып кетмейинче улана берет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

26-07-2012
Саясий антибиотик
26406

05-07-2012
Геосаясат: «Алеша» алыс кете алабы?
19857

28-06-2012
Коррупцияны жеңүүнүн стратегиясы
15654

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×