Добавить статью
8:26, 22 апреля 2011 16755

Президент Отунбаева Роза Исаковнага ЖЕТИ СОБОЛ

Роза Исаковна, алгач сиз баштап кыргыз тилине коркпой-үркпөй эле өзгөчө көңүл бурсаңар. Тил жоголсо мамлекет жоголорун бизден жакшы билесиңер. Алыс барбай эле Казакстандын өткөн кышкы Азия олимпиадасында казактар казак тилин көкөлөтүп көтөрүшкөнүн алалы. Орустун РТР каналында казакча, андан аглисче сайрап турушту. өзүңүз күбө болуп келдиңиз. Сиз коркпой эле тилин билбегендерди такыр кызматка жолотпой койсоңуз эле жанталашып үч күндө үйрөнүшөт. Барган жериңизде кыргызча сүйлөп туура кылып жатасыз, сизден үлгү алышсын.

Роза Исаковна, 5-март Ак калпак күнү деп кайсы келесоо чыгарды. Кыргыз болгондон кийин күнү-түнү башынан түшүрбөй кийип жүрүш керек. Эртең шляпанын, допунун күнүн кылгыла деп чыгышпайт деп ким кепилдик бере алат? Жуманын ыйык күнү жума намазга барганда ак калпак кийип барышса, калпактын баркы көтөрүлмөк. Молдокелерден башташ керек. Ошол күндөрү казанбактай селденин ордуна ак калпак кийишсе баары ээрчип калпак кийип барышмак. Калпактын баркы кеткени ушундан билинди. 5-мартта кийишти дагы эртеси кытайдын карап кепкасын чалдарыбыздан өйдө кийип алышты. Баш кийимди сыйлагандан өзбек туугандардан үйрөнсөк. Жума намаз, айт намаздарда өзбектер эмес, ала допучандар намазга жыгылып жаткандай сезилет.

Кыргызды жакырчылыкка, жардылыктын сазына батырган салтыбыз – түгөнбөгөн аш-тойлор. Ушул той-аштарга чектөө кылсаңыз абдан жакшы болор эле. «Казды туурап, карганын буту сыныптыр», дегендей, биздин эси жок байларыбызды туурап, карапайым эл кур намысы менен той өткөрүшүп карызга белчесинен батышты. өкмөттүн, жогорку деңгээлдеги той, юбилейлерди кан буугандай токтотуп, ошол тойго кеткен чыгымды ошол инсандын облусуна, районуна айлыкка жумшаса, элдин турмушу оңолмок. Мектебине, маданий жайларына, балдардын китеп, дептерине кетирүү жөндүү.

Тажиктин президенти тойлоруна чектөө койду эле эли колдоп, «жыргап калдык» деп жүрүшпөйбү. Бизде эмне үчүн болбосун. Сиз жупуну кийинип жаныңызга кыргызга күйгөндөрдөн беш-алтоону алып, жайнаган кафе-ресторандарды кыдырып көрсөңүз иштемиш болуп жүргөн министр, депутат, губернатор, акимдерди өз көзүңүз менен көрөсүз. Шилекейлери агып, галстуктары аркасына кетип жалжакташып ырчы, бийчилерге жашылбай кыстарып жүргөнүн. Анан ошолордон кайсы жакшылыкты күтөбүз, кантип ошолордон үмүт кылабыз. Казино, саунага бара көрбөңүз, сиз уялбасаңыз, аларда бет деги калбай калган, эч кимди көзүнө албай неберелериндей кыздарды ээрчитип жүрүшөт. Кумар ойноочу жайларды жаптырып таштасаңыз, жалпы эл ыраазы болот эле. Россия коркпой эле жаптырып жатат го, эже. Канчалаган кумарга утулуп үйүнөн ажырап, кээси асынып өлүп жатышат.

Курманжан датка апанын жылында Бишкектеги эстелигин кайра курдуртсаңыз. Бул эстелик европалык типтеги акылы тайкы аялдын образы. Казынадан акча коротпой эстеликти кургандардын өздөрүнө курдуртуңуз. Курманжан апанын элечекчен сүрөтү эле көп нерсени билгизип турбайбы. Акылдуулук, айкөлдүк, баатырдык, боз үйдүн төрүндө отурса тегерегине жаштарыбыз, чет элден келгендер үзүлбөй кирип-чыгып сүрөткө түшүп турушмак. Азыркы эстелигин апанын эстелиги деп айткандан уяласың, сүрөткө түшмөк тургай. Ушул ишти сизди аткарат деп ишенебиз.

СССРдин тушунда жаман окуган, бейбаш балдарды СПТУга жиберишчү эле. Алар ал жерден электрик, айдоочу, токарь, сантехник болуп чыгышчу. Азыркылар мектептен окубай эле, медреседе окуйбуз дешип мечиттерде жүрүшөт. Ал жерден буларга эмнени окутат, билбейбиз. Түшкө кирчүдөй болушуп, батектей сакал коюшуп, араб, афгандык кийимдерин кийишип салбырап жүрүшөт. Эже катары алардан мен уялам. Кудай берип байларыбыз, мектеп салбай мечиттерди жайнатып салышты. Мечитке барбагыла, намаз окубагыла дегенден алысмын. Бирок ал жакта дагы көзөмөл тартип болуш керек да. Коогалаңдагы ошол мечиттерден, молдокелерден башталбадыбы, же калппы?

«Өлбөгөн адамга жаз келди» дегендей, бизде ветеринардык көзөмөл деген барбы? Мал оору, жугуштуу оорулар жайнап чыгат. Мурда ветеринарлар айыл кыдырып малдарды дарылап, элге кеңеш айтып кетүүчү эле, аларды көрбөгөнүбүзгө 15 жыл болду, чала молдо дин бузат болуп өзүбүз ар кайсы элден келген дары менен малдарыбызды дарылап, тукумдары начарлап баратат. Айыл чарба министрлиги эмне иш кылышат, башыбыз жетпейт.

Мөөнөтүм бүткөндө кетем десеңиз бизде жүрөк жок. Кыргыз элинин тагдырын кимге табыштап кетесиз? Элинин башына кыйынчылык келгенде үй-бүлөсүн, башын сактап чет элге качкандаргабы? Түрмөдөгүлөрдү үй түрмөгө чыгарып, жегендерди чет элге качыргандаргабы. Же өзбектин жексуру Кадыржан Батыров менен табакташ болгон колунан пок келбей, 20 жыл тили сайрагандаргабы? Бандиттин баарын кармадык, аз күндө алып келебиз деген калпычыларгабы? Эжеке, сизде убакыт бар, той-аш, казино, обу жок эстеликтерди кургандарга тыюу салып, темирдей тартип орнотуп кетиңиз.

Эсиңбарда…

Өйдө баскан өкмөттү көрө алышпай,

Каалагандай бийликти бөлө алышпай.

Мансап деген илдетке чалдыккандар,

Турушабы, элдик ишке көнө алышпай.

Кечээ эле Бакиевге кулдук уруп,

Кемирип тойбой жүргөн улуп-жулуп.

Капырай, эл көңүлүн табыш үчүн,

Азыркы айтып турган сөзү шумдук.

Эл каарынан, эл сүрүнөн качып жүргөн,

Эмичи, жалпы ишке болуп күйгөн.

Мансап, байлык дегенде жанын таштап,

Шайтанды да азгырып алдай билген.

Баш оорубай кудай менен ишиңда жок,

Байлыгын ашып-ташып көңүлүңток.

Артка тартып элиңди эрмек кылбай,

Алга сүрөш, жигит болсоң, өлкөнү ойлоп.

Эл азыр жакшы тилек кылып турат,

Жаңы өкмөткө ишенип үмүт кылат.

Куралганды курутпай жардамдаш бол,

Ырыс келет арабызда болсо ынтымак.

Мугалим, дарыгерлер айлыктарын,

Көбөйтүп, пенсионер, картаңдардын.

Тилегин аткарбайсыңэч убакта,

Ошон үчүн ооз көптүрүп кыйкырбагын.

Жетишет, жегендерди сиңиргиле,

Жаңы өкмөттүн элдигин түшүнгүлө.

Мышык, чычкан оюнун койбойсуңар,

Бармак тиштеп, өкүнүп жүрбөгүлө.

Котур ташыңбизге дайын капкачан,

Коалициядан эгер колду тартпасаң.

Элге деген арам оюңачылат,

Эсиңбарда этегиңди жаппасаң!..

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×