Добавить статью
8:40, 22 апреля 2011 22721

7-апрель, 2010-жылы...

Урматтуу эл-журтум, ушул өткөн апрель окуясынын бир жылдыгын теледен айтып, белгилеп, экинчи андай согуш болбосун деген тилек айтылып жатат. Мен ошол ойду жүрөгүмдөн каалоо менен теледен айткандарга кошулам. Ал окуянын 90го жакын жаштардын канын төккөндүгү эстен оңой менен унутулбагандыгын эскерем.

Ошол эле учурда биздин врачтардын, медайымдардын эмгегине да баш ийип ыраазы болом. Чоң рахмат уулдарга!

7-апрель жүрөк оорутту,

Теледен көрдүм, атышуу, согушту.

Кырылды кыргыз балдары, көрдүм,

Кан төгүлгөн укмуш кордукту.

Айланам кыргыз балдарга,

Элдин тагдырын ойлогон аларга,

Колунда куралсыз тайманбай,

Окко каршы чуркаган таштарга.

Акыры жеңди ар-намыстуу,

Эр жүрөк жигиттердин каны акты.

Кууп чыкты Ак үйдөн Бакиевди,

Элди соргон амалкөй как башты.

Ак үйдүн төбөсүнөн снайперлер,

Атканын көрдүк теледен элди.

Бакиевдерди качырып койду.

Билгизбей соргон Максимди да.

Эми: элимде тынчтык болсо экен,

Ынтымак болсо ырыс жаратат.

Көз жаш төгүлдү, кайра биригишип,

Маркумдарды «Ата-Бейит» батырат.

Кыргызым «дайым» жеңген эл,

Ак таңдай уулдарым ырдай бер.

Кайрат айтып, ынтымакка үндөп,

Баатырларды даңктап, сыйлай көр.

Ынтымак болсо элимде,

Тынчтык эмгек жеримде.

Ар-намыс болсо дитиңде,

Чындык, тактык болсо сөзүңдө

Уятыңболсо нурлуу жүзүңдө,

Сүйө бил Мекенди сезимде.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×