Добавить статью
11:35, 28 апреля 2011 6074

Жалал-Абад тургундарына жөнөтүлгөн гуманитардык ун жең ичинен сатылды

Урматтуу журналисттер, сиздерге атайын өтүнүч менен кайрылып отурам жана бул проблеманы көз жаздымда калбай, чара көрөт деген ишеничтемин. Анткени коррупцияга каршы күрөшүү ар бир эл өкүлүнүн парзы деп эсептейм. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Ош коогалаңынан кийин Ош, Жалал-Абад шаарынын жашоочуларына жана жабыркаган үй-бүлөлөргө көптөгөн эл аралык уюмдар тарабынан түрдүү гуманитардык жардам көрсөтүлүп келди жана ушул учурда да көрсөтүлүп жатат. Ошол уюмдардын бири болгон АКТЕД уюуму тарабынан азык-түлүк жардамын таратууда ошол гуманитардык жардамдын 300 кап уну декабрь айында Жалал-Абад шаарында колго түшкөн. Бул ундар «Мариям» ун заводунун кампаларынын биринде «Мариям» кабына капталып жаткан жеринен колго түшүрүлүп, КТРден бул факт боюнча кылмыш иши козголгону кабарланган.

Бул чын-чынына келгенде ноябрь-декабрь айлары үчүн Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө деп жөнөтүлгөн жардамдан уурдалган 4 «Камаз» жүктүн бири деп эсептесе болот. Тактап айтканда, 2 ай үчүн шаар тургундарына 672 тонна гуманитардык жардам (ун, май, горох, туз) жөнөтүлсө, таркатуу күндөрү ар кандай себеп менен келе албаган. Тизмеде үй дареги же паспорт сериясы ката көрсөтүлгөн үчүн жардам албай калган шаар тургундарынын үлүшү АКТЕД уюмунун гуманитардык жардамды таратуучуларынын чөнтөгүнө түшкөн (Жалал-Абадда 700дөй үй-бүлөнүн үлүшүн таркатуучу кызматкерлер алуучулардын ордуна тизмеге өздөрү жасалма кол коюп, тизмедегилердин баары жардам алды деп отчет түзүшкөн. Бул жалпы тизменин 10%нын тегерегинде, б.а. 50-60 тонна жүктү айылдагы тааныштары аркылуу же каптын сыртын өзгөртүп сатып пайда көрүшкөн). Ал эми көптөгөн жакырлар тизмеге кирбей калып алар мэрияга чейин арызданып барып эч нерсе өзгөртө алышкан жок.

Финансы полициясы тарабынан жогорудагы факт боюнча кылмыш иши козголгондон кийин АКТЕД уюму жана донор уюм (БУУнун Азык-тулук Программасы) тарабынан өзүнчө иликтөө жүрүп, бирок бул иш алардын имиджин төмөндөтөөрүн түшүнүп, эч чара көрбөстөн жаап салышты.

Ал эми финансы полициясына «жогортон» буйрук түшүп, факт колдо турса да кылмыш иши токтотулду. Февралда ушул эле сценарий боюнча АКТЕД уюмунун Оштогу кызматкерлери кармалды. Бирок, жыйынтыгы эмне болгону белгисиз. Бүгүнкү күндө гуманитардык жардамды жогорудагы схема менен таратып жатышат, бирок таратылбай калган остатка жүктүн бир бөлүгүн донорлорго кайтарып берүүдө. Айрым учурда көздөн далдоо болуу үчүн остатканы кайтарып жатабыз деп жүктүн бир бөлүгүн чыгарып кетип жок кылышат да, тизмедеги бош орундуктардын айрымдарына жасалма кол коюп, мыйзамсыз чыгарылып кеткен жүктүн изин жашырып салышат.

Бул АКТЕД уюуму тарабынан таратылып жаткан көптөгөн жардамдардын айрымдарында орун алган фактылар, башкаларында да ушул көрүнүш. Мындан сырткары, башка уюмдардын үстүнөн да даттануулар болуп, айрым учурда даттануулар пресс-конференцияга чейин жетүүдө. Изилдей келсе, бул уюмдардагы коррупциянын жалпы масштабы миллиондогон долларларга жетет. Менин оюм боюнча жогорудагы факт боюнча атайын комиссия түзүлүп (балким депутаттык), изилденип коррупциянын башында отургандарды 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратууну жана коррупцияга тиешеси бар уюм ири суммада, келтирилген зыяндардын 2-3 эсесинде штраф төлөөсүн суранаар элем. Анткени, алар өз жазасын алышат жана башкаларга сабак болот. Бул эл аралык уюмдардын өзгөчө статусу болгондуктан Финансы полициясы, коопсуздук кызматынын кызматкерлери оңой менен булардын ишмердүүлүгүн, иш кагаздарын текшере алышпайт.

Ошол себептүү да АКТЕД уюумунда атайын уюшкан топ түзүлүп каалагандай иштеп жаткан учуру. Ал эми жетекчилери жана донор уюмдар бул фактыдан кабары болсо да кылмыштуу топторду коргоп калкалап, бирдикте иш алып барууда. Бул боюнча тийиштүү чара көрүлүүгө тийиш деген пикирдемин. Мүмкүн болсо бул теманын үстүндө журналисттик иликтөө жүргүзүп телеге алып чыксанар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×