Добавить статью
6:12, 3 мая 2011 24779

Конституция - өлкө стабилдүүлүгүнүн гаранты!

Конституция - латын тилинен которгондо «түзүлүш», «ар дайым», «туруктуу» дегенди билдирет. Эл өз конституциясын кабыл алуу менен бирге өз мамлекетинде саясий стабилдүүлүктү орнотуп, ар кыл мамлекеттик төңкөрүш, көтөрүлүш жана башка элди жабыркатып, мамлекетти алсыздандыруучу көрүнүштөрдөн алыс болууну каалайт. Бирок тилекке каршы, Кыргызстан мамлекети өз эгемендүүлүгүн алып өз конституциясын 1993-жылы 5-майда кабыл алган күндөн тартып жарандарыбыздын өлкөдө саясий туруктуулук, төңкөрүшсүз жашоо болсун деген мүдөөсү толук ишке ашпай келүүдө. Эл жыйырма жылдык эгемен жашоосунда 2005-жылдын март айында жана 2010-жылдын апрель айында стабилдүүлүксүз, бийликсиз, мыйзамсыз жашоо деген эмне экендигин өз көздөрү менен көрүп өз жон терилери менен сезишти. Мамлекетте бул төңкөрүштөрдөн кийинки орун алган жеке жана мамлекеттик имараттарды, соода түйүндөрүн талап-тоноочулук, басып алуучулук сыяктуу мыйзамсыз көрүнүштөр жеке жарандардын гана стабилдүүлүгүн бузбастан жалпы мамлекеттик стабилдүүлүккө да терс таасирин тийгизди.

Ошондой эле, Конституция баш мыйзамдык функцияны аткарбастан кээ бир саясий топтордун, саясатчылардын куралы, өлкөбүздөгү саясий кризистерди убактылуу чечүүнүн каражаты болуу менен бирге, укуктук талаштардын эмес, саясий талаштардын темасы бойдон калууда.

Конституция коомдун укуктук системасынын маңызы (ядросу), ар кыл укук тармактары үчүн баштапкы жана аныктоочу негиз болуучу укуктук жоболорду уюштурат. Жогорку юридикалык күчкө ээ болуу менен мамлекеттин нормативдик-укуктук актыларынын жардамы аркылуу коомдук мамилелерди ирээтке келтирүү жана тийиштүү укуктук жөнгө салууну камсыз кылат. Мамлекеттик суверенитет, жарандын укук жана эркиндиктери, мыйзамдын үстөмдүгү, бийликти бутактарга бөлүү жана ыйгарым укуктарды берүү жана чектөө сыяктуу манилүү жоболордон турат. Мисалы, 2010-жылдын 27-июлу күнү республикабызда Ош, Жалалабат областынын аймактарында киргизилген өзгөчө кырдаал учурунда Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумдун өткөрүлүшү жана жарандар өз коопсуздугуна карабай бүткүл элдик добуш берүүгө келишип, өлкө стабилдүүлүгү үчүн деп добуш берүүсү конституциянын коомдогу стабилдүүлүктү орнотууда ролу канчалык чоң экендигин айгинелеп турат. Демек ушул көрүнүштөрдөн улам кыргыз эли жана саясий элитасы, мамлекеттик кызматкерлери бир тыянак чыгарып, жеке саясий кызыкчылыктан жалпы мамлекеттик улуттук-укуктук кызыкчылыкты жогору койуу менен Конституциянын туруктуу иштешин камсыз кылышса өлкөбүздө укуктук жана саясий стабилдүүлүк орнойт деген ойдомун.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×