Добавить статью
8:32, 3 мая 2011 55411

«Алибинин» мурдагы башкы редактору, Антимонополдук агенттиктин директору Б.Жээнбеков тууралуу

«Алиби» гезитинин мурдагы башкы редактору, учурдагы Антимонополдук агенттиктин директору Бабырбек Жээнбеков «Алиби» гезитинин 26-апрелде чыккан санындагы макаласында мурда «Алиби» гезитинде иштеп кеткен журналисттерди «мени каарлап жатат» деп айыптап, ошондой эле, «Айкын саясат» гезитин сотко берээрин билдирген.

Бабырбек Жээнбеков ушунча айткандан кийин баарын төкпөй чачпай айтса болмок экен. Мисалы, «мени акча алган» деп айыптап жатпайбы. Биринчиден, мен аны айлыгымдын эсебинен алгам. Экинчиден, мен аны айлыгымдан кутулгам. Ошол эле кезде жүз, эки жүз миң сом алып, Бабырбек мырзага бармагын көрсөтүп кеткен журналисттер болгонун өзү айтып жүрдү эле. Ошолорду да эскере кетсе болмок экен.

Бабырбек Жээнбеков «Алиби» гезитинин кожоюну-жубайы Таалайгүл Абдрасулова «Алибиде» иштеп кеткен айрым журналисттер тарабынан сотко берилип, ал сот иши акырына чыгайын деп калганын бир да бир эскерип койбогону кызык. А чындыгында, Таалайгүл Абдрасулова журналисттердин үч-төр айлык эмгек акысын бербегендигин Биринчи май райондук сотунда судья Сатарованын алдында айтып, күнөлүү экендигин мойнуна алган. Сотко тосмо арыз берүү аркылуу Бабырбек Жээнбеков убакытты создуктуруп, же «Алиби» гезитинин кожоюну-жубайы Таалайгүл Абдрасулованы жоопкерчиликтен кутултайын деп жатканбы деген да ой келет экен.

Менин эки жолу гезиттен кетип, келгенимди жазыптыр. Ошол эле кезде, кантип кеткенимди жана келгенимди кенен кесири жазса дурус болмок экен. Ошол кездеги гезиттин менеджери Ильяс Өмүралиев аркылуу кайра-кайра чакыртып отуруп, келерим менен редактордун орун басары кылганын, «гезитти оңдобосок болбой калды» деп, суранганын унутуп койдубу?

Бабырбек Жээнбеков айтып жатпайбы «өз укугумду коргобосом, болбой калды» деп. Кызык, башкалардын конституциялык, жарандык укуктары тебелене берсе боло берет деп ойлойт окшойт бул киши. Же Бабырбек Жээнбековдон башка кишиде ар-намыс, абийир жана укук деген нерселер жок бекен? Меники туура эмес, анкени мен алардын айлык-акыларын бербей койдум эле. Булар ошон үчүн өз укуктарын коргоп, менин гезитимди сотко берди деп айтса жарашат эле жарыктык кишиге. Оболу Кудай алдында туура болмок. Бирок, Пайгамбар жашына келип калган киши, чындыкты бурмалап ийиптир, өкүнүчтүү.

Эгер кааласа, мен Бабырбек Жээнбековду өзү сөз кылып, козгогон темалар боюнча мейли гезиттеби, мейли башка жердеби сүйлөшүүгө чакырат элем. Кимдики туура, кимдики туура эмес, ошол жерден көрөрбүз. А балким «Баракелдеден» жолугарбыз. Же кааласа, өзүнүн «Алиби» гезитине чакырсын.

Бабырбек Жээнбековдун саясий туруксуздугу тууралуу да сөз кылсак болоор эле. Бирок, аны элдин баары билгенден кийин зарылчылыгы деле жоктур.Ошентсе да бир мисал: бир жыл мурдараак эле азыркы премьер-министр Алмазбек Атамбаевди баш кесер атап жүрдү эле, бүгүн болсо гезити аркылуу аны мактаганы-мактаган.

Дагы бир айта кетүүчү нерсе, журналисттер менен соттошуу, гезиттерди сотко берүү Бабырбек Жээнбеков үчүн көнүмүш нерсе сыяктанат. Буга чейин «Ачык саясат», «Учур», «Пресс.кg», «Аятпресс», «Эл сөзү», «Форум» гезиттерин, журналисттер Рыскелди Момбеков, Жылдыз Мусабекова, Аслан Сатбаевдерди сотко сүйрөгөн эле. Бирок сотто аларды уткан-утпаганы белгисиз дейт. «Айкын саясат» гезитинин мурдагы баш редактор орун басары Заирбек Бактыбаев.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×