Добавить статью
9:20, 5 мая 2011 62189

Укук сенин жашооңдо

Турмуш агымы кыргыз жарандарын төгөрөктүн төрт бурчунун кыйырына иштөөгө аргасыз кылды. Бири коңшу Казакстан, бири кең Орусия, ал эми айрымдары Корея, Европа өлкөлөрүндө. Айтор төгөрөктүн төрт тарабында иштеп жүрүшөт. Эмгек мигранттарын кабыл алган өлкөлөр кошумча эмгек ресурстарына ээ болушат. Айрымдары анча тааныш эмес бейтааныш адамдардын жумуш таап берем деген убадалары менен барышат. Натыйжада, ишенип барган адамдары чет элдик кожоюндарга сатып баса берет же болбосо, жаш кыздарды жакшы акча каражатына аласың, түнкү клубдарда бийлесиң деген куру убадаларды берүү менен сексуалдык зордук-зомбулукка мажбурлашат.

Эмгек мигранттары тышка чыгууда эч кыйналбай каттоодон өтүү үчүн мигрант өз мекенинде тийиштүү механизмдерден өтүүсү талап кылынат. Мындай механизм аркылуу өткөн эмгек мигранты коопсуздук жана эмгек иши жүрүшүндө анын укуктарынын сакталышы боюнча артыкчылыктарга ээ болуу менен укуктары тебеленбейт.

Кыргызстан калкы демографиялык жагынан жаш болуп саналат, 39% балдар жана өспүрүмдөр, 51% эмгекке жөндөмдүү курактагы адамдар, тактап айтканда, 30 жаш тегерегиндеги жаштар. Бул цифралар айтып тургандай, миграциялык процесске, баарынан мурда жаштарыбыз көбүрөөк тартылган. Себеби, социалдык системанын калыпсыздыгы жана жалпы жакырчылык деңгээли, жумушсуздук, мамлекет тараптан гана эмес, ата-энелери тарабынан белгилүү бир колдоолордун жоктугу себепкер. Республикада туруктуу жумуш орундары менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөр аз.

Орусияга Кыргызстандан барган эмгек мигранттарын эң төмөнкү кесиптик квалификациядагы арзан жумушчу күчү катары пайдаланышат. Кызмат, негизинен курулуш, оңдоо жумуштарына эркектер жана челнок соодасында аялдар тартылган. Андан тышкары, сезондуу убактылуу иштерге, тактап айтканда, айыл чарба жумуштарында иштешет. Бул жагдайдан алып караганда, эмгек мигранттарына иштөө үчүн талап кылынуучу узак мөөнөттүү каттоо, камсыздандыруу жана медициналык полис жана башка уруксат берүүчү документ түрүндөгү белгилүү бир институционалдык кепилдиктер керек.

Иштей турган жерге келгенде эч кыйналбай каттоодон өтүү үчүн мигрант өз мекенинде тийиштүү механизмдерден өтүүсү талап кылынат. Мындай механизм аркылуу өткөн мигрант коопсуздук жана эмгек ишинин жүрүшүндө анын укуктарынын сакталышы боюнча артыкчылыктарга ээ болот. Тилекке каршы, мындай жол-жоболордон өтпөгөн эмгек мигранттарынын көпчүлүгүнүн укугу бузулат жана сыркоолоп ооруп калса тийиштүү медициналык жардам ала алышпайт. Айрымдары маңдай терин төгүп иштеген эмгегинин акыбетин ала алмак турсун, аны басмырлап, күч колдонуп, токмоктоп койгон учурлар бар. Бул жерде ишке киришүүдөн мурда эмгек келишиминин шарттары менен таанышуу талапка ылайык. Андыктан эмгек мигранттарынын көпчүлүгү мындай мыйзамдуулукту биле беришпегендигинен улам эмгек келишими түзүлбөйт.

Бүгүнкү күндө Орусияга жана башка чет мамлекеттерге ишке орноштуруу менен иштеген жеке ортомчу фирмалар бар. Алардын көпчүлүгү мыйзамды айланып өтүүгө аракеттенишет, себеби жумушка орноштуруу боюнча мыйзамдуу кызмат көрсөтүү түрү бюрократия жана аз пайда алууга байланыштуу болуп келет.

Негизинен мындай жеке фирмалар алыскы чет өлкөлөрдүн эмгек рыногуна багытталган, ал АКШ, Корея, Канада,Германия, Араб Эмираттарына жана башка өлкөлөрдү кошууга болот. Алар Орусия эмгек рыногуна анча кызыкдар эмес. Эреже катары, мындай фирмалар мигранттардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча кандайдыр-бир кепилдиктерди бере алышпайт.

Эмгек мигранттарынын челнок соодасы мигранттар үчүн пайда алууга негизделген иш. Бүгүнкү күн абалы боюнча челнок ишинин соода агымдары Орусия аймагы боюнча «жөнгө салынып» калган. Көпчүлүк учурда бул барган жердин калкынын турмуш деңгээли, ошондой эле бийликтин жана криминалдык структуралардын өз ара мамилелерине байланыштуу болот. Мигранттардын барган жерде каттоодон өтүүдө татаалдыктар болот. Атап айтсак, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан эмгек мигранттарынан мыйзамсыз иш аракеттеринен, мигранттардан акча өндүрүү сыяктуу учурлар басымдуулук кылат.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу эмгек рыногунун цивилизациясы жөнүндө айтуу эртелик кылат. Бүгүнкү күндө алгач укуктук базаны өркүндөтүү жана жол-жобо бөлүгү жана уюштуруу маселелерин жөнгө салынуусу зарыл. Мигранттар барган жер-жерлерге Кыргызстандын миграциялык кызматтарын ачуу керек. Андан кийинки болуп кабыл алуучу өлкө эмгек рыногунун суроо-талаптарына жана сунуштарына айрыкча көңүл буруулары керек. Мындай милдеттерди чечүүдө комплекстүү ыкма талап кылынат. Ал Кыргыз өкмөтү менен Орусия Федерациясынын ортосундагы миграциялык кызматтардын биргеликте иш алып баруулары зарыл.

Мындай тышкы эмгек мигранттары арасында орун алган мыйзамсыз болуп жаткан терс көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн миграция субьекттеринин жарандык укуктары жана милдеттери жана жөнөтүүчү жана кабыл алуучу мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алуучу мамлекеттик деңгээлде ченемдик-укуктук миграциялык мейкиндик түзүү зарыл деп эсептейм.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

29-11-2011
Тогуз коргоол улуттук оюну тегерегиндеги көйгөйлөр
40044

20-10-2011
Айыл өкмөтү: тажрыйба алмашуунун натыйжалуу жолу –  жеринен барып таанышуу
49787

22-07-2011
«Ысык-Көл» – Орто Азиянын бермети же туризм аймагындагы экологиялык абал тууралуу
67053

10-06-2011
Мамлекеттик тил мамлекеттик кызмат жаатында канткенде өнүгөт?
55172

04-05-2011
ВИЧ/СПИД көйгөйү тууралуу
59541

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×