Добавить статью
5:07, 7 мая 2011 18555

Суралгандардын 58,5% Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы болду

Республиканын Бажы Биримдигине кирүү күнү жакындап жатат. ММКда бул маселеге байланыштуу талкулоолор бүтпөй жатат. Оң жана терс жактары каралып, ар түрдүү сунуштар айтылууда. Ал эми буга байланыштуу карапайым эл эмне ойлоп олтурат?

Белгилүү интернет сайтынын бири социалдык сурап билүүнүн жыйынтыктарын жарыялаган.

Жыйынтыктар бизди абдан таң калтырды. Өкмөттүн жүргүзгөн Бажы Биримдигине кирүү үгүттөөсүнө карабастан, сурангандардын көбү (58,5% же 3378 киши) Кыргызстандын Орусия, Казахстан жана Белоруссиянын түзгөн Бажы Биримдигине киргендигине каршы чыгып турат.

ББге кирүү үчүн 36,5% (2109 киши) добуш берди, ал эми 287 киши (5%) калыс калышты.

Бажы Биримдигине кирүүгө каршы добуш берүүнүн себептери ички базарда баалардын жогорулашы жана өлкөнүн бул кадамга даяр эместиги болуп саналат.

Бир аздан мурун парламенттик отурумдарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы Комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров ММКга окшош көз карашын билдирди. Эл тарабынан шайланган А.Жапаров Кыргыз Республикасынын Бажы Биримдигине бардык артыкчылыктарын жана кемчиликтерин анализдеп, жакшылап даярдап, бардык жагын ойлоп тургандан кийин гана кирүүгө болот деп айтат.

Республиканын экономикалык коопсуздугун камсыздоо, жаңылыш кадамдарын алдын алуу жана кеңеш берүү жардамын берүү максатында Акылбек Жапаровдун башкарган комитети тарабынан өлкөнүн коомчулугуна, өкмөтүнө жана парламентине талдоо маалымкаты даярдалып сунушталды. Бул маалымкатта өлкөнүн учурдагы абалы, Бажы Биримдигине кирүү артыкчылары жана кемчиликтери талдоого алынды, ошондой эле конкреттүү сунуштар берилди.

“Чечиле турган көп жагдайлар бар. Мисалы, бул чечимге өлкөбүздүн 1998-жылы кирген Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөсү болгон өлкөлөр кандай карашат”, - деп айтат Акылбек Жапаров. “Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүү тажрыйбабызды колго алсак, мунун кемчиликтерин көрө алабыз. Мисалы, Кыргызстан БДСУнун мүчө өлкөлөрүнүн алдында катуу милдеттенмелер аткаруу, экономиканын өндүрүш секторунун алсыз болушу, салтту соода өнөктөрү менен болгон мамилелердин жамандашы сыяктуу терс факторлорду сезип алган. Окшош маселелер Бажы Биримдигине кирүү чечими шашылыш түрдө кабыл алынганда да чыгышы мүмкүн. Биз Бажы Биримдигине “ооба” деп, ДСУга “жок” деп айтпайбыз. Бул чечим ырааттуулук, системалуулук жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен кыраактыкты талап кылат. Ошондуктан мен бул чечимди шашпай ойлоп туруп кабыл алууга сунуш кылам.”

Эл, Акылбек Жапаров жана башка саясатчылар бирдей ой-пикирде экен. Өкмөт эмне кылат эми?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×