Добавить статью
7:02, 12 мая 2011 19558

Кулматовго куугун табылабы?

Мамлекеттик Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовдун орусиялык атуулдуугу, жыл бою жеке өзүнө 600 миң сом өлчөмүндө жазган сыйлыктары, айына эки жолку Москвага жасачу иш сапары (албетте, мамлекеттин эсебинен) тууралуу детективдүү окуя аягына чыкпас болду. Бул чуулгандуу маселе мындан үч ай мурун (25.02.2011) парламент жыйындарынын биринде ЖК депутаты Т. Шайназаров тарабынан көтөрүлгөнү маалым. Бүгүн ошол маселе толук ФОМС РФ тарабынана тастыкталып отурат.

Буга чейин бул маселе ММК беттеринде кызуу талкууга алынганы менен, К. Кулматов өзү көпкө чейин же ак дебей, же көк дебей келгени менен, КР премьер-министри А.Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов мындай маалымат туура эмес экендигин айтып, танып келгени белгилүү. Ошентсе да калыстык үчүн айтып коюу керек, «Вечерний Бишкек» гезитине (11.03. 2011) берген маегинде, К. Кулматов мырза өзү РФ ФОМСу тарабынан анын атуулдугу тууралуу берилген справка бар экендигин жана бул документ премьер-министр А.Атамбаевге маалымдалгандыгын мойнуна алган. Анын түшүндүрмөсүнө караганда РФнын кызматтык паспортун ошол өлкөнүн компетенттүү органында иштеп жүргөнүндө алгандыгын, бирок жумушу аяктагандан кийин 1997-жылы Бишкекке келгенден кийин 1994-жылкы үлгүдөгү кыргыз паспортун алгандыгын айтат. Кыстара кетчү нерсе, К. Кулматов 2010-жылдын 7-апрелинен кийин А. Атамбаев тарабынан «таза, коррупцияга малынбаган кадр» катары дайындалган эле. Бул туурасында коомчулук А. Атамбаев менен А. Бекназаровдун телефондук сүйлөшүүлөрү делинип интернет сайттарга жарыяланган аудио-жазуудан тааныш.

Ошентип, канчалык Кулматов маселесин тындым кылууга аракет кылышканы менен бул маселе ушул жылдын 4-апрелинде экс башкы прокурордун милдетин аткаруучу К. Байболов тарабынан парламент трибунасынан дагы бир жолу көтөрүлүп, анда Кубат Калбекович К. Кулматовдун Орусия атуулу экендиги тууралуу документтер бар экендигин тастыктаган. Муну 28-апрелде болсо жаңыдан шайланган КР башкы прокурору Аида Салянова парламент жыйынында дагы бир жолу тастыктап, бул туурасындагы документтер КР Президенти Роза Отунбаевага жөнөтүлгөндүгүн белгилеген.

Депутат Т. Шайназаров тарабынан РФ ФОМСуна кайрадан 2-жолу жөнөтүлгөн депутаттык суроосу менен К. Кулматовдун орусиялык атуулдугу тастыкталган документтердин көчүрмөлөрү колго тийип отурат.

РФнын Москва шаарына караштуу Черемушки райондук ОУФМСсын ЮЗАО округу боюнча милициянын майору А.В. Дудкин 25.04.11.ж. № МС-9/06-р10-1201 тактамасы менен : “14.02.1963-жылы туулган Кулматов Кубанычбек Кенешович, 30.04.2008-жылы РФ Москва шаарына караштуу Черемушки райондук ОУФМСи тарабынан 23.04.2008-жылы берген жеке арызынын жана 08.11.2002-жылы берилген серия 4504, №431840 номурлуу мурдагы РФ тиешелүү пастортунун негизинде №801457,серия 4509 номурлуу РФнын атуулунун паспорту менен камсыздалган. ” деген тастыктама документ, К. Кулматов тарабынан жазылган арызынын тиркемерлери менен жиберилип отурат. “Кыргызга орусча айтмайынча ишенбейт” дегендей, эми К. Кулматов мырза буга чейин, болгон РФга тишешелүү документтерин тапшыргандыгы, жогоруда айтылгандай, 1997-жылдан бери Кыргызстандын 1994-жылкы үлгүдөгү көк паспорту менен жашаары тууралуу айтып келген маалыматтары төгүндөлүп отурат. Эски РФ тиешелүү паспортунун ордуна кайра эле 2008-жылы 45 жашка толгондугуна байланыштуу РФна тиешелүү жаңы паспорт алып отурат.

Жаңы келген бул документтер тууралуу маалымат 28-апрелде депутат .Т. Шайназаров тарабынан парламент жыйынында кайрадан көтөрүлүп, КР Жогорку Кеңеши К. Кулматовдун ээлеген кызматына төп келбестиги тууралуу токтом кабыл алган. Эскерте кетчү жагдай, “КР Бажы кызматына өтүү тууралуу” мыйзамына ылайык, кош жарандуулукка ээ болгондор бажы тармагында иштөөгө тыюу салынат.

Кызык жагдай: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 67-беренесинин 2-пунктунда: «Президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Башкы прокурордун корутундусу менен бышыкталган Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыш жасагандыгы жөнүндө коюлган айыптын негизинде гана Президент кызматынан четтетилиши мүмкүн.” деп бадырайып жазылып турат. Бул деген Жогорку Кеңеш башкы прокуратура кылмышы бар деген тастыктама берсе керек болсо Президентти деле оодара алат дегендик. Көрүнүп тургандай, Башкы прокурор тастыктап, Жогору Кеңеш токтом токуп берип турганына карабай, Кулматовду кууган эч ким жок. Парадокс...

Кыргызстанда деги мыйзам иштейби? Кыргызстан качан укуктук талаада мыйзамды сыйлаган өлкөгө айланат? Кыргызстандын келечектеги тагдыры башка өлкөнүн атуулдарынын колундабы? Николай Танаев, Борис Силаев, Арстанбек Ногоев сыяктууларды деле көрдүк эле? Максим жетелеген жөөттөрдү айтпай ак койолу? Деги качан акылыбызга келээр экенбиз..деген суроо сизди кыйнабайбы?....

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×