Добавить статью
11:50, 12 мая 2011 13257

Таластан тартылган З.Мамбеткулов жөнүндөгү жаңы сериалдан үзүндү

Автор: Таласбек

Өткөндө Талас облусунун жаштары «Учур» гезитине акебиз Мамбеткулов Замирдин жазган «Свой жана чужой» деген жомогун окуп, аябай таң калып атырбыз! Себебин айтсак төмөндөгүчө.

Замир акебиз Талас облусунун салык кызматына жетекчи болуп келери менен биринчилерден болуп салыкта иштеген кызматкерлерди «Свой жана чужой» деп, эки-үч бөлүккө бөлгөндүн автору өзү болгон. Мындан да кызыктуусу кызматтан кызматка өз күчүм менен көтөрүлдүм дегени бир жерибизди тырыштырды акеңди с…

Замир Мамбеткулов раматылык акебиз Чыңгызды баш кылып, апчебиз Майрамды төш кылып кызматтан кызматка тепкич менен эмес лифт менен көтөрүлгөнүн башкалар билбесе да биз таластыктар билебиз го. Акебиз жок дегенде жомогун жазаардан мурун кыргыздын илгерки макалы «өзүңдүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөсүң» дегенин окуп алса болмок экен. Чынын айтканда, Замир акебиз сууга салсаң чөкпөйт, отко салсаң күйбөйт деген сөзгө татыктуу. Себебин айтсак, акебиз кызматтан шыпырылгандан кийин көк жоргону минип алып «Ак жол» партиясына кирип барып Талас облусу боюнча партиянын координаторлук кызматына ээ болуп, дагы кыргыздын жакшы макалы «өзүң ичкен кудукка түкүрбө» дегенин окуп албай, кайра күчөп кудукка түкүрмөк турсун какырам деп, облустук салык кызматынын кеңсесин «Ак жол» партиясына кеңсе кылып, ичиндеги кызматкерлерди эшикке кууп чыгып шорполорун Жаныбек куудул ырдагандай, шорлотту го. Таластыктар айткандай акебиз Замирди кассам – ургур десек жарашат. Жипти чубасаң чубала берет дегендей, Замир Мамбеткулов кийинки жооруктарын кийинки сериалда таанышасыздар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×