Добавить статью
6:48, 13 мая 2011 8468

Атамбаевдин «жеңишиби» же алсыздыгыбы?!

Коомдук илимдер боюнча Босфор университетинин Эл аралык жана саясий мамилелер боюнча доктордук илимий жактоочусу

Жолбүгүн: Атамбаевдин «жеңишиби» же алсыздыгыбы?! (По теме «Статус-кво по киргизски: борьба за сохранение премьеро-депутатского кресла»!)

Бүгүн Жогорку Кенеш пленардык жыйынында «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам кабыл алды. Жаны мыйзамга ылайык, азыркы бийликтеги «премьердик-депутаттык корпус» өз келечектерин (ээлеген кызмат абалын) гарантияга алууну «мыйзамдуу түрдө» камсыз кылышты!

«Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» жаңы мыйзамдын маңызы – таза, адилет шайлоодон корккон кыргыз саясий элитасы жана бул менталитеттеги адамдардын «стабилдүүлүктү сактоо» шылтоосу менен азыркы «кызматтык статус-квосун» сактап калуу аракети жана ага конституциялык макам беруу. Бул деген – эң жөнөкөй сөз менен айтканда, «бир бармагым балда, бир бармагым майда болсун» деп, 'ээлеген кызмат оорусуна' чалдыккан, мансапкор, өзүнө ишенбеген «эгер шайлоодон өтпөй калсам, жайлуу кызматым даяр турсун» дегендик!

Демократиялык өлкөлөрдө өзүнө ишенген чыныгы саяатчылар, чыныгы лидерлер саясий күчүн элинен, шайлоочуларынан алат. Эч кокпостон, ээлеген кызмат макамын таштап, таза, адилет шайлоо үчүн 'эркекче' саясат майдандарында ат салышат, эгер тактыктуу болсо шайлоочулар аны кайрадан эл башчылыгына алып келет. Тилеке каршы, азыркы кыргыз саясатчылары «кызмат оордун өткөрүп берип», тайманбастан элдин алдына чыгып, таза шайлоодо өз күчтөрүн сыноонун ордуна – «утурумдук отпускага» чыгууну мыйзамдаштырып, эптеп ээлеген кызмат абалын сактап калгысы келет, себеби өз күчтөрүнө ишенбейт, «саясий фигура» катары алсыз! Албетте, бул - баарынан мурда премьер министр Атамбаевдин жана анын тегерегиндеги кошаматчы кенешчилеринин алсыздыгы... Жалгыз эле Атамбаев эмес, «ээлеген кызмат орду жана депутаттык макамы менен ооруган» депутаттардын, кыргыз саясий элитасынын, чиновниктердин, жалпы эле кыргыз коомчулугунун алсыздыгы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×