Добавить статью
7:44, 14 мая 2011 13991

Партиялар парады

«Кыргыз жерине» «Азаттык»,«Жаӊы мезгил» келгени Компартия тулкусу бир, арийне эки баштуу Кыргызстан коммунисттеринин партиясына жана Кыргызстандын коммунисттик партиясына айланып, эми ККП эки «башын бир жакадан чыгара» албай, бирин-бири кантип «жесем» деп калганын байкаган «Элчилер (бей-бечаралар)» жөн турабы, дале «Эл арманын» айтып олтурбай, «Көз карандысыз жашоо», «Жолтоосуз жашоо үчүн» көпчүлүк «Эл менен» бирге, чогуу бололу деп «ЭрКтүүлөргө», «Ашарчыларга», «Ата Мекенчилдерге», Социал-демократтарга кошулуп кетишти.

Аӊгыча Ак үйдөгүлөр «Ар-Намысына» келип, «Алга, Кыргызстан» деген айкырыкты салып, бизге «Ак Жол» бересиӊер деп демитишкенде, «Эл келечеги» үчүн чындап күйгөндөр «жогорудагылар дале «Калыстык бийлик» кылбай жатышат, эми «Чындыкка» чогуу жетели деп  «Ак Шумкарларды», «Улуу барчындарды», «Берендерди», «Алгыр кыраандарды», «Каркыраларды» өздөрүнө тартуунун аракетин көрүштү.

Бардыгы теӊ «келгиле «Замандаштар», «Мекен туусун», «Асабабызды» бийик көтөрөлү, «Ынтымакка, биримдикке, тилектештикке» келели, «Бүтүн Кыргызстан» , «Эгемен Кыргызстан», «Эркин Кыргызстан», «Жаӊы Кыргызстан», «Бакубат Кыргызстан», «Абийирдүү Кыргызстан», «Жарык Кыргызстан», «Улуу Кыргыз», «Ата Журт», «Ата Мекен», «Нур мекен», «Кайран эл» (деп аталган) «Кыргыз эл», «Эл келечеги», «Эл ынтымагы» , «Мекен ынтымагы», «Мекен биримдиги» , «Элдик биримдик» үчүн «Бир бололу» , «Жаӊы күч» менен иштейли деп чыгышты.

«Бириккен элдик кыймылды» көргөн «Бүткүл жаштар»  да «Ата жолун» улантышкан «Комсомолдорго» айланышты, өзгөчө курчтары «Эл бийлигин» ала турган «Жаӊы мезгил» келди деп өздөрүн «Мекенчил патриоттор», «Кыргызстандын партриоттору», элдин «Келечеги», «Мекен баатырлары» деп аташты, биздей «Жаш билектерди», «Жаштар үнүн колдоо» керек деп жулунуп турушту.

Башка улуттагы мекендештерибиз да четте калышпай «Республика» - биздин да «Родинабыз», демек, Бишкек биздин да «Столицабыз» болот деп таарынгандай болушту. Аӊгыча «Кыргыз эл» «Айкөл эл» экендигин ырастап, буга «Акылмандык» менен кароо менен, «чын эле «Бир эл» эмеспизпи, «Улуттар биримдигин» ойлойлу  деп , «Ала-Тоону» «Кыргыз жери» гана болот дешкендерин, «Улуу Кыргыз», «Айкөл Манас», «Эне тил» деп кыйкырышканын, Бишкек – «Улут ордосу» деп бөлүшкөнүн , башка элдерге түшүнүксүз  «Санжырасын» айтышканын, «Элеттеги» көйгөйлөрдү эле козгой беришкенин  токтотушту. Ошондон кийин кыйлалар «Жашасын Кыргызстан» деп ураалашып, өз ара «Биримдик жана шериктештик» максатында «Союз граждан Кыргызстана» бирлигине, «Содружество» кызматташтыгына «За народ» деп кирүүнү ылайык көрүштү. Орус тилдүүлөрдүн «Партия зеленых Кыргызстанасын» да «Таза табият» кызыкчылыгында колдоп  беришти. Бул «Кыргызстандын элдик кеӊешинин» көнүлүнө да «Биримдик жана шериктештик» деген ушул эмеспи деп өтө төп келди.

«Кыргызстандын улуттарынын тилектештигине» «Кыргызстандын пенсионерлери жана үй куруучулары» да «Мекен ынтымагы», элдин «Биримдиги», «Тынчтыгы» урматында «Ак тилектерин» билдиришти, «Жаӊы багытка» ал тургай «Каганат» да каниет кылып, «Жылдыздай» жанды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

21-11-2011
Той жөнүндө ой
5217

17-11-2011
Радио көп, бирок жарытылуу музыкасы жок
5426

05-09-2011
Жер соорусу Жети-Өгүз
7899

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×