Добавить статью
6:37, 18 мая 2011 17263

Эгер мен президент болсом, деканымды ойлонбостон туруп ректор, андан ары министр коймокмун

Урматтуу Роза Исаковна!

Акыркы 3-4 күндөн бери биздин университетте «Ким ректор болуп келет экен?» деген сөздөр, ушактар окутуучулар менен студенттер арасына желдей тарады. Көпчүлүгү «жогору жактан дайындалат, акчасы көп адам келет» дешсе, айрымдары кээ бир адамдардын атын атап, мына бул киши болсо ОшМУну оңдойт эле дешет. Мен дагы өзүмчө ойлондум. Эмне үчүн сүйүктүү университетимди жетектөөчү адамдын ким болушуна кайдыгер болушум керек деген суроо оюмдан кетпеди. Кайра өзүмдү токтоттум, мен бирөөнү ректор коюш керек десем мени ким укмак эле деп. Бирок деканым Абдыганы Абдувалиев ректор болсо жакшы болмок деген ойду эч унута албадым. Кайра-кайра эмне үчүн деканым Абдыганы Абдувалиев ректор боло албайт деген ачуу суроо жүрөгүмдү сыга берди. Деканым үчүн бардык нерсеге барууга даяр болуп калганымы сездим: пикет, митинг, ачкачылык! Мага окшош жүз-миңдеген студенттерди издеп таап, деканым үчүн туу башында тургум келди! Бирок, аттиң, студенттерди андайга алып чыгыш кыз киши үчүн кыйынга турат. Анын үстүнө деканым да андайды каалабайт. Бийликке умтулбайт, байлыкка жанталашпайт. Карапайым, жөө жүрөт. Факультетте тартипти, мыйзамды катуу сактайт. Принципиалдуу, интеллигент жана эмгекчил. Мындай адамды колдобогондо кимди колдойбуз. Абдыганы Абдувалиевдей таза жетекчилер азайып баратат! Эгер мен президент болсом аны ойлонбостон туруп ректор, андан ары министр коймокмун. Баса, эмне үчүн президент мындай адамдарды бийликке койбойт деген суроо келе калды. Себеби биздин деканды тааныбайт, билбейт. А биз деканды билебиз. Демек, президентке айтуу керек. Менин катым жеткичекти дагы бирөө ректор болуп келип калган болот. Эмне кылуу керек? «Баракелде» интернет-сайты аркылуу ачык кат жазуу керек.

Урматтуу Роза Исаковна, мен жан дүйнөмдөгү оюмду Сизге шашылыш жаздым. Менин деканым Абдыганы Абдувалиев ректор болсо Сизди да, элди да уят кылбайт. Контракт төлөгөн ата-энелердин үмүтү акталып, студенттер терең билимге ээ болот деген ойдомун. Эмне үчүн деканым Абдыганы Абдувалиевге окшогон карапайым адамдар, таанышы жок чынчыл адамдар чечүүчү кызматтарга келбейт?! Түгөнбөгөн суроолор, суроолор, суроолор, жоопсуз суроолор, жүрөк сыккан суроолор...

Атымды өзгөртөм, деканымдын мүнөзү катуу, «сени ким жаз деди» деп урушат. Анын үстүнө деканга жагыныптыр деген студенттердин сөзүнө калгым келбеди. Мен үчүн негизгиси татыктуу адам ректор болсо болду.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×