Добавить статью
3:50, 19 мая 2011 27145

Кийинки төңкөрүштү болтуроо үчүн облустарды жоюп, бийликти элге бериш керек

Аймак менен байракты алмаштырыш керек деген суроолор улам кызый баштаганына караганда кээ бир азаматтардын башында идеялар кайнап, кайдан гана жарып чыга калсак экен деген шекилдүү. Бир чети бул деле туура маселе, анткени илгертен эле облустун чоңдору ормон-опуза менен жашап, алыскы райондордун шорун куруткандар.  “Обком келатыр” дегенде илгери тээ тоолуу райондордун райкомдору отура калышчу коркконунан. Олураңдаган бу обкомдорду майлап-жайлап, жашик-жашик арак берип, казан-казан эт асып атып, араң бел ашырып жүрбөдүкпү убагында. Оо, агезде бу обком дегендер тим эле укмуш көрүнчү да – каардуу, галстуктуу, сүрдүү чоңдор эле.  Атаңгөрү, тээ маңдайдан кара уазы келатканда эле айыл будуң чаң болуп, машаяк келаткандай тим эле сапырылып жатып калчык. Азыр ойлосом, бу обкомдоруң деле пенделер, болгондо да алдым-жуттум теориясын мыкты өздөштүрүп, майлап-шайлап, кошомат менен ошондой “даражага” жеткендер тура.

Ошондуктан облустарды жоюуну туура эсептейм. Облус жоюлса эзүүчү таптын бир катмары шыпырылып, тазаланып, райондун эли бир кабатка жогору чыгып калышат. Жергиликтүү өзүн өзү башкарууга дагы бир кадам жасалып, райондун жоопкерчилиги чоңоет. Эгер мурда райком обкомго, обком борборкомго шылтап, элди алдап жаткан болсо, эми эл түптүз барып эле райкомдун кокосунан алат. Райком да жоопкерчиликти сезип, элинин кызыкчылыгын көбүрөөк ойлойт. Ошондо эл жабыла келип, ОБОНдорун агүйдүн темир торуна сүлүк курттардай жармаштырып, күндө бишкектиктердин да итиркейин келтиришпей калышат.  Эгер райкомун да эл өзү шайлап ала тургандай кыла турган болсо, анда Кыргызстан Американы тез эле кууп жетип, ашып да кетиши мүмкүн. Баса, Америкада кабат-кабат бийлик жок экен.  Ал тургай университет да өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илет экен.

Ал эми райондорду бириктиребиз дегенге мен каршымын. Анткени кээ бир райондор борборунан алыс болуп, баягы сүрдүү чоңдор дагы пайда болот.  Мисалы, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Торо деген райондор бар тээ тоолордун арасында. Чаткал районун ар кандай кызыкчылыктар менен  Кыргызстан жаралгандан бери ары-бери тоголото бергенден ал жердин эли эч бир пайда тапкан жок. Бир кездерде тээ 180 км чубалган серпантин жолдун аркы учундагы борборго көз каранды кылышып, эл менен бийликтин ортосун чокусу асман тиреген тоо менен бөлүштү. Эми аны кайра ошол Таласка же Ала-Букага бириктиресек, анда бул акылга сыйбас иш болот. Же, Манастын уруусу - ногойду ушунча жылдан бери сактап, батырып келе жаткан эл өзүн өзү башкара албайбы?

Айтайын дегеним – бийлик менен элдин ажырымын кыскартуу керек. Буга биринчи кадам – облустарды жоюу, ал эми райондорго жоопкерчиликти жүктөп, өзүн өзү башкарууга шарт түзүп берүү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×