Добавить статью
4:34, 19 мая 2011 13293

«Дордой» базарындагылар Кыргызстандын Бажы Биримдигине кирүү маселесине тынчсызданууда

Депутат Акылбек Жапаровго «Дордой», «Кыял», «Беш-Сары» жана Ош базарынын сатуучулары кайрылган. Жети миңден ашуун кайрылгандар А.Жапаровдун жардам беришинен үмүт кылып турушат. Сатуучулар Кыргыз Республикасынын Бажы Биримдигине кирүүсүүнө тынчсызданууда. Алар базарлар өлкөдөгү экономика үчүн маанилүү объекттер болуп саналат, деген пикирде. Ошондуктан буга байланыштуу кабыл алына турган чечимдер алгач жакшылап каралышы керек.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда беш жүздөн ашык базар иштеп турат. Улуттук статистикалык комитетинин берген 2009-жылындагы статистикасына караганда, бул базарларда 300 миңден ашуун адам алектенүүдө. Өлкөбүздүн сатуу жерлерин - «Кыргызстандын жүрөгү» деп аташат. Ар бир сатуучу өз үй-бүлөсүнө оокат кылуудан башка мамлекеттик казынага салык төлөө менен бюджеттин көтөрүлүшүнө себеп болот. Рыноктордо алектенгендерден түшкөн киреше 30 млрд сомдон ашык болот. Бул да эмгек мигранттардан колго түшкөн кирешелердин санына барабар десек болот (2010-жылы 1 млрд АКШ доллары же 40 млрд сом).

Кыргыз Республикасынын Бажы Биримдигине кирүү жөнүндө талкулоолор сатуучуларды тынчсыздандырып турууда. Бул себептен Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы А.Жапаров өз алдында универсалдуу чечим издөөгө максат койгон. Анткени рыноктор миңдеген кыргызстандыктардын акча табуусунун жолу болуп саналат.

КР Экономиканы жөнгө салуу министри Учкун Ташбаевдин айтымына караганда, КР жана Бажы Биримдигинин тарифтери бири-бирине шайкеш келгенде, ички рынокто чет өлкөлөрдөн импоттолгон продукцияга болгон баалар көтөрүлөт. Бул да өлкөбүздүн өндүрүүчү жана керектөөчүлөрүнө терс таасир тийгизет. Болжол менен инфляциянын деңгээли 1,5-2%га өсөт. Мындан тышкары, Орто Азия өлкөлөрүнө Кытай товарларынын кайра экспоттоосу пайда алып келбейт. Республиканын дүң соода рынокторунун жагымдуулугу төмөндөп баратса, соода менен алектенгендердин саны да, алардын жашоо деңгээли да төмөндөйт. Ошондой эле, бул тармактан түшкөн кирешелер азайып калат.

«Дордой» базарындагылар Бажы Биримдигине кирүү маселесине тынчсызданууда. Биз ММК ББ жөнүндө маалымат аз бергендиги үчүн сарсанаа болуп турабыз. Ошондой эле, Ташбаевдин жана өкмөттүн башка өкүлдөрүнүн Бажы Биримдигине киргенде, рынок бузулат деп айтканы бизди чочутуп коет. Алар ишкерлердин ой-пикирин да эске алышы керек. Жаны тарифтер болот, албетте. Биз муну жакшы түшүнөбүз. Бажы Биримдигине киребизби, кирбейбизби, бизге муну жөнөкөй тил менен түшүндүрүп бериңиздер, - деп айтат «Дордой» соода рыногунун ишкерлер профсоюзунун төрайымы Дамира Дөлөталиева.

Стратегиялык изилдөөлөр бюросунун жетекчиси Гани Абдрасилов бир жыйында «Бажы Биримдигинин артыкчылыктары жана кемчиликтерин» ачып койгон: «Дордой» рыногу жабылып калса, социалдык жарылуудан кутула албайбыз».

«Дордой» рыногунун профсоюзунун кайрылышына жооп катары Акылбек Жапаров муну айтат: «Экономиканы жөнгө салуу министри Бажы Биримдиги тууралуу сөздү этияттык менен тандашы керек. Учкунбек Ташбаев жалаң гана ББни эмес, кыргыз элин да ойлоп турушу керек. Башка аткаминерлерди да дүрбөлөң көтөрбөй коюшуна суранат элем».

Мындай көйгөйлүү жагдайда бардык артыкчыларды жана кемчиликтерди карап чыгып, боло турган кесепеттерди анализдеп, этияттык менен мамиле кылуу керек.

Акылбек Жапаровдун сунуштарына көңүл буралы. Алгач ал рыноктордун инфраструктураларын жабдуу менен чоң жана маанилүү базарларды стратегиялык объекттердин тизмесине кошууга сунуш кылып олтурат. Мындай базарларды стратегиялык объекттердин тизмесине кошуунун негизги критерийлеринин бири элдин жыргалчылыгына байланыштуу. Ошондой эле, А.Жапаров рынок жана базарлардын жумушчуларынын камсыздандыруусун киргизүүгө басым жасап турат.

Каржы агымдарынын ачыктыгы жана рыноктук катыштардын жөнөкөйлөшү үчүн депутат Кыргыз Республикасынын экспорттук импорттук интернет-сайтын түзүүгө сунуш кылган. Анын айтымына караганда, бул сайт дүң жана чекене операциялардын жүргүзүшү үчүн уникалдуу соода аянты болот.

Бул чечимдердин ишке ашырылышы көйгөйлүү маселени чечүүгө жана бул жагдайдан аз жоготуулар менен чыгууга жардам берет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×