Добавить статью
4:36, 19 мая 2011 41843

ОшМУнун ректорлук кызматына коррупцияга аралашпаган адамды коюп берүүңүздөрдү суранабыз

Кыргыз Республикасынын

Президенти Р.И.Отунбаевага,

КР Жогорку Кенешинин

Төрагасы А.Келдибековго,

КР премьер-министри

А.Атамбаевге,

КР билим берүү жана илим

министри К.Ж. Садыковго,

Ош Мамлекеттик Университетинин

жамаатынын атынан

КАЙРЫЛУУ

Биз, ОшМУнун профессордук-окутуучулук жамаатынын өкүлдөрү М.Орозбековдун билим берүү министринин орун басарлык кызматына барышын таң калуу менен кабыл алдык. Анткени ал жөнүндө мамлекет жетекчисине, спикерге, премьер-министрге атайын кайрылуулар жөнөтүп, ОшМУдагы коррупциянын гүлдөшүн ачыктан ачык көрсөткөнбүз. М.Орозбековдун «орошон» иштери жөнүндө массалык маалымат каражаттарында көптөгөн макалалар жарык көрдү. М.Орозбековдун ректорлук мезгилинде КР Омбудсменинин маалыматы боюнча ОшМУ 2006-жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ичинен коррупция боюнча биринчи орунга чыккан. 2009-жылы «Кут билим» газетасына жарыяланган көз карандысыз эксперттердин анализинде окуу жайлардын ичинде алдыңкы орунду ээлеген. Сиздер коррупционерди министрликке алып барып, элге билим берүүнү коррупцияланган системага айландырат окшойсуздар. ОшМУнун ректору М.Орозбековдун финансылык-чарбалык иштери боюнча 2010-жылдын 23-сентябрында УЖКнын 304-статьясы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлгөн. Ал эми 2011-жылдын март айында документтерди мыйзамсыз жасаган деген айып менен ОшМУнун бир нече кызматкерлерине кылмыш иштери козголуп, тергөө улантылып жатат.

Анысы аз келгенсип М.Орозбеков ОшМУга ректорлукка өзүнүн куйругун алып келип жаткандыгы өкмөткө абийир алып келбейт

Ошондуктан ОшМУнун ректордук кызматына абийирдүү, ар-намыстуу, калыс, ыймандуу, ынсаптуу, таза, эл менен иштеше билген, коррупцияга аралашпаган адамды коюп берүүңүздөрдү суранабыз.

Профессор Кадыров Т.Д.,

Доцент Батыралиев А.Б.,

Доцент Байгазиев К.Б.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×