Добавить статью
9:30, 23 мая 2011 6193

Башсалыктын ак сарайынан бир шилтем

Башкы салык кызматында 19-май күнү «Учур» газетасына «Сазга баткан башсалыкчы» деген темада жарыяланган макаланын ак-карасын тактоо иретинде Борбордук аппараттын кызматкерлеринин катышуусунда жалпы жыйын өткөрүлдү.

Газетага башкармалыктардын жетекчилери Сулайманов, Шамиев, Сарбашев, төраганын кеңешчиси Далбаев жана бөлүм башчы Папиевтердин башсалыктын төрагасынын кызматка келгенден берки кадр боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндөгү журналист менен болгон маеги жарыяланган.

Чогулушта Сулайманов баарын уюштурган жана газетага калп маалыматты жаздырган деп Сарбашевды күнөөлөгөндө, ал «Менин кабинетимде Алайдан келген чучук, казы-карталарды жешип, ошол жерде газетанын корреспондентине Сулайманов, Папиев, Далбаев, Шамиевдер интервью беришкен, ал жердеги айтылган сөздөрдүн 100% болбосо да 90%ы чындык.

Сулаймановдун айткан сөздөрү бүт чындык, өзү ошол жерде, дирижер болгон, эгер эркек болсо туура дейт, эгер эркек болбосо билбейм деген экен. Ошондой эле Папиев, Далбаев, Шамиевдердин айткандары бүт баары чындык, ошол себептен жыйында эмне деп актанабыз деп жыйынга келишпептир. Сарбашев байкебиз болсо аудиттердин жыйынында болгон сөздөрдү айткам деп суудан кургак чыгып кетиптир. Эң кызыктуусу Сулайманов өзү чогулушту уюштуруп акты ак, караны кара деп айталбай жыйындагы кесиптештерине аябай эле уят болуптур, өзгөчө өзүнүн кол алдында иштеген кызматкерлери жетекчисине туура эмес мыйзамсыз иш кылыптырсыз деген сөздөрүү жыйында катышкандардын баштарын жерге киргизген. Булар кылган иши менен мыйзамды сыйлабагандыгын билдиришиптир, себеби «Мамлекеттик кызматкерлер жөнүндөгү» мыйзамда мамлекеттик кызматкерлер тиешелүү ыйгарым укуктарды албай туруп мамлекеттик органдардын, алардын жетекчилеринин ишин, чечимдерин эл алдында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында ачык айтпоого жана баа бербөөгө милдеттүү деп жазылган экен. 60 жашка чыккан Папиев байкебиздин билими юрист экен, ошого карабай мыйзамды бузганын кандай деп түшүнсө болот же мыйзамдын ошол пунктун окубай калганбы. Бул байкеге өтө уят кыргызда макал бар «Эркекти намыс өлтүрөт, коенду камыш өлтүрөт» деген. Түшүнгөн намыстуу адамга бул макалдын мааниси өтө чоң.

Бүгүнкү күнү байкелерибиз териштирүү иштери бүткөнгө чейин, убактылуу иштеген кызматтарынан чектелишиптир. Эгер мыйзам чегинде болсо баары кызматтарынан статья менен кетиш керек экен, ал эми моралдык жагын алсак анда өзүлөрү арыздарын жазып беришип, өз абирлерин сактап калып кийин байкелерибиз кесиптештерине жолукканда баштары жогору карап, өзүлөрүнүн эркектик кылгандарын сезишет деп ишенебиз. Жыйынтыгын сөзсүз түрдө билдирем.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×