Добавить статью
6:40, 24 мая 2011 8435

Элдин кайгысын угуу үчүн...

«Дордой» базарында товар сатып алганда, мен бюджет жана каржы Комитетинин төрагасы Акылбек Жапаровду көрүп калганмын.

Ошол эс алуу күнү Акылбек Жапаров бир нерсе алуу үчүн келген эмес. Сатуучулар менен сүйлөшүп, ой-пикирин угуп, дептерине бирдеме жазып жүргөн. Камералар, расмий делегациясы жок болгон. Адамдар болсо, кайгыларын түшүндүрүп берип, депутатка ыраазычылык билдирип, үмүт кылганын айтып жатышкан.

Адамдар өз келечегин ойлоп тынчсызданып турушат. Бажы Биримдигине кирүү аларды чочутуп жатат. Сатуучулар иш ордун жоготуп, үй-бүлөлөрүнө кантип оокат кылгандан коркуп турушат. Товарлардын көбү Кытайдан келип жатат. А эгерде Кыргызстан Бажы Биримдигине кирсе, товарлардын импорттолушу кыскарат деп айтышат сатуучулар.

Жапаров эл менен бир ойлоп, чечимди кабыл алууга шашпоо керектигин айтат. Алгач бардык артыкчыларды жана кесепеттерди караштырып, коомчулуктун ой-пикирин эске алгандан кийин туура чечим кабыл алыш керек деген ой-пикирде Жапаров.

Жапаров менен Экономиканы жөнгө салуу министринин орунбасары Аскар Салымбеков жана «Дордой» ишкерлери профсоюзунун төрайымы Дамира Долоталиева келген. Алар рыноктун негизги жерлерин, т.а., инфраструктураны карап, коопсуздук системин, отко каршы системин жана санэпидемиологиялык шарттарын текшерип коюшкан.

Жапаровго «Дордой», «Беш-Сары» жана «Кыял» базарларынын жумушчулары (7000) кайрылган. Алар өлкөнүн парламентинде алардын өкүлү болуп тургандыгын суранышкан. Усенбек уулу Акылбектин милдеттенмелерин туура аткарып жатканын айтууга болот. Дем алыш күнү анын базарга чыгып, элдин кайгысын үйрөнүп жатканы буга мисал.

Башка саясатчылар да элге ушундай расмий эмес сапар кылып турса! Балким, ошондо гана алар көп угуп калып, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга аракет кылат эле.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×