Добавить статью
7:43, 24 мая 2011 79058

Ө.Текебаевге окшобой, жигитче жооп берейин

2011-жылдын 20-майындагы «Фабула» газетасынын №32-санында «Азайган «Ата Мекен» деген темада макала чыгып, анда «Ата Мекен» социалисттик саясий партиясынын төрагасы Ө.Текебаевдин мен жөнүндө «Азаттык» үналгысында сүйлөгөн сөздөрү чагылдырылып, анда менин дарегиме айтылган сын-пикирлерине ага окшобой жигитче жооп берейин.

Партиянын Карасуу районундагы баштапкы уюмунун бардык мүчөлөрүнүн «Ата Мекен» социалисттик партиясынын катарынан чыгуу жөнүндөгү арыздарынын негизинде Уставдын 4–бөлүмүнүн 4.5-бөлүкчөсүнө ылайык, уставдык укуктарынан пайдаланып, партиялык мүчөлүктөн баш тартышкан. Себеби, партиянын жетекчилиги тарабынан уставдын 5-бөлүмүнүн 5.1-бөлүмчөсүн одоно түрдө бузушуп, 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо партиядан талапкерлердин тизмесин түзүүдө көз боемочулук, жердешчилик, өзүм билемдикке жол берилгендигинен мандат үчүн күрөш болуп, анда партиянын активисттеринин ордуна өкүл ата, дос-тууган, жердеш, ага-инилик, чоңдордун, байлардын, чоң акырдан жем жегендердин уул-кыздарын, акчалууларды, алдууларды, партлидерлерди партиялык тизменин алдына жазышып, адилеттиктен тайышкан. Биздин айтылган нааразычылыгыбызды партиянын лидери Ө.Текебаев эске албай четке каккан.

Лидерлерибиздин коомчулук алдындагы саясий туура эмес амбицияларын көрсөткөндүктөрүнүн негизинде «Ата Мекен» партиясынын аброю парламенттик шайлоо кампаниясында элдин ишениминен ажырагандыгыбызды добуш берүү жыйынтыгы көрсөттү.

Ал аз келгенсип, партиянын аймактык принципиалдуу өкүлдөрүн саясий аренадан сүрүп чыгарышып, алардын адамдык, социалдык, укуктук муктаждыктарын жана сунуш-пикирлери менен эсептешпестен, өз билгендерин жасашкан.

Жогорудагы көрсөтүлгөн далилдердин жана көпчүлүк партия мүчөлөрүнүн партиядан чыгуу боюнча берген арыздарынын негизинде «Ата Мекен» социалисттик-саясий партиясынын Карасуу райондук баштапкы уюму 2011-жылдын 10-апрелинде кезексиз жыйын өткөрүп, күн тартибинде партияда калуу же чыгуу жөнүндө сөз болуп, көпчүлүк Саясий Кеңештин мүчөлөрүнүн чечимине ылайык, партиянын Карасуу райондук баштапкы уюму таратылды. Анткени партлидерлердин саясий ишмердиктеринин кемчилдиктеринин негизинде түрмөдө отура турган К.Бакиевдин куйруктары кайрадан бийлик бутактарына келишине түздөн-түз ушулар күнөөлүү. Ушулардын негизинде Карасуу районунда эле эмес, башка райондордо ж.б. облустарда да нааразычылык күч.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×